• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жергиликтүү коомдун жашоосун кантип жакшыртса болот?

2v2a7398

👁 1,369

Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу жана жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча форум өттү. Өкмөт аппараттынын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, эл аралык уюмдар, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынан жарандар катышышты.

Көп убакыттан бери Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып келишкени менен кызмат көрсөтүү аксап келет. Муниципалитеттердин ишмердүүлүгү жарандардын кызыкчылыгына төп келиши керек. Карапайым калк болсо бийликтен эч кандай жардам күтпөй калышкандай.

Шаардын же айылдын аймагында көрсөтүлгөн баардык кызматтар жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына кирет. Бул

3 типтеги кызматтар:

1) муниципалдык, 2) чарбалык-өндүрүштүк мүнөздөгү, 3) мамлекет тарабынан берилген ыйгарым укуктарды аткаруу.

Ошондуктан кызматтардын көбү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда жүрөт. Ал эми алардын ролу жана ыйгарым укуктары КРнын Конституциясы жана учурда иштеп жаткан мыйзам аркылуу бекитилген. Ошондой эле мамлекеттик деңгээлде жарандарга кызмат көрсөтүүдө айрым эрежелер аныкталган.

Карапайым калкка эффективүү кызмат көрсөтүү – бул муниципалитеттердин туруктуу өнүгүүсү. Демек, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен элдин ортосундагы байланыш үзүлбөйт. Бирок Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча адис Улар Нарусбаева жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жакшы кызмат көрсөтүү боюнча иш алып барбай жатканын белгиледи.

“2008-жылдан тарта калкка кызмат көрсөтүү маселелери көтөрүлүп келгени менен бардык талкуулоолор үстүртөн болуп келет. Бул эч кандай натыйжа бербей жатат. Ошондуктан Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары физикалык жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү боюнча стратегиясын карап чыгууну чечкен”,-дейт Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы Айбек Сатаров.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Мурат Байдылдаев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин билдирди.

Ал эми эксперттер маселенин келип чыгуу себептерин төмөнкүдөй деп санашат:

Жер-жерлерде калктын”кызмат көрсөтүү” саясатына көп катышпай, көп маани бербегени;

Кызмат көрсөтүү тармагында мыйзамдагы мүчүлүштүктөр;

Каражаттын жетишсиздиги;

“Кызматтарды уюштуруу боюнча стратегиясы бир катар маселелерди чечет. Себеби айыл өкмөтү менен айыл аймагынын жана жарандардын ортосундагы байланышты түзүп, алар бул ишти ишке ашыруудагы бардык этаптарда өздөрү катышышат. Бул сапат, туруктуулук берип, чыгымдарды азайтат”,-деди Дамира Сульпиева.

Азыр пилоттук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардыгында комиссиялар түзүлгөн. Бул комиссияга айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары, активисттер, БӨУнун өкүлдөрү, ишкерлер кирет. Алар калктын кызыкчылыгын коргоп, эффективдүү кызмат көрсөтүү боюнча өз сунуштарын берип туруулары керек. Жумушчу комиссиянын курамына 11 киши кирет, алардын 50%ы аялдар. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер.

Жумушчу комиссиянын өкүлдөрү ар кайсы аймактын калкына ар түрдүү кызмат көрсөтүү керектигин аныкташкан. Мисалы, Ысык-Көл облусунда ички жолдорду оңдоо биринчи орунда болсо, Жалал-Абад облусунун жашоочуларын таза суу маселеси түйшөлтөт.

Кызматтарды уюштуруу боюнча стратегияны жер-жерлерде баалап ага карата жакшы пикирин билдиргендер жок эмес.

“Сапаттуу кызмат көрсөтүү жергиликтүү коомдун жашоосун жакшыртат. Карапайым калк жакшы иштердин башталышын дайыма колдоп келет”,-деди Дархан айылынын аксакалы Турусбек ата.

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости