• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жергиликтүү демилгелер коомчулуктун жашоосун жакшыртууда

img_7841

👁 1,336

Бул тууралуу сөз 27-ноябрда бишкекте, 30-ноябрда Нарында, 7-декбарда Ошто облустук форумда болду.

Форумдар ийгиликтүү практиктер менен жолугушуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын күчтөндүрүү үчүн аянтча болуп берүүдө.

Канча Айыл өкмөтү болсо ошончо көйгөй бар, демек аларды чечүүчү ошончо варианттар бар. Ар түрдүү айыл өкмөтүнөн келген катышуучулар жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу үчүн өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин калк менен кызматташуусун жакшыртуу жолдору талкууланды.

“Жергиликтүү деңгээлде маанилүү маселелерди чечүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл менен диалогусуз элестетүү мүмкүн эмес. Коомчулук анын пикири жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн маанилүү экенин сезгенде жарандар жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө активдүү катыша баштайт. Бул жарандарга кайсы маселе биринчи чечилиши керектигин тандоо мүмкүнчүлүгүн берет. Бул көйгөйлөрдү чечүү жолун сунуштоо менен карапайым калк өзүнө жоопкерчилик алат”,-деди жергиликтүү өз алдыча башкаруу боюнча адис Айнура Балакунова.

Калктын пикири менен эсептешүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (өзгөчө жетекчилерге) төмөнкүдөй пайда алып келет:

1) жарандардын талаптарына жооп берүү үчүн чыгымдарды пландоо мүмкүнчүлүгү;2) ыйгарым укуктар жана функциялар эффективдүү аткарыларына кепилдик; 3) коомчулуктун түзүмүн жакшы түшүнүү ошондой эле нааразы болгон жарандарга эмне түрткү болуп жатканын билүү; 4) калк тарабынан ишенимдин жогорулоосу; 5) маселелерди чечүүдө жана максаттарга жетүүдө жарандар менен жоопкерчиликти бөлүшүү мүмкүнчүлүгү; 6) жергиликтүү өнүгүү үчүн кошумча ресурстар тууралуу маалымат алуу; 7) мамлекеттик органдар менен болгон мамиледе өз пикирин коргой билүү; 8) негизсиз арыздар жана даттануулар боюнча коргоо.

“Жарандардын үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик процессинин отчеттуулугу” деп аталган долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев жергиликтүү бийлик менен жергиликтүү коомчулук кызматташа калктын ишеними жогорулайт деген пикирде.

Ал эми форум учурунда муниципалитеттер арасында өткөрүлгөн 3 сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Жеңүүчүлөргө дипломдор, сертификаттар тапшырылды.

“Жергиликтүү демилге-2017” деп аталган сынактар жыл бою өткөрүлдү. Жалпы сынакка катышуу үчүн 64 арыз түшкөн. Чүй облусунан – 36, Ош облусунан – 13, Нарын облусунан – 15. Уюштуруучулардын бири Анара Мусаеванын айтымында, бул сынактын максаты – калктын жергиликтүү органдар менен иштешүүсүн жандантуу. Эң башкысы сынак жергиликтүү демилгелер кандай экенин аныктоого мүмкүнчүлүк берди. Көрсө, учурда айыл өкмөттөрүнүн жашоочуларын жаш муунга билим берүү, кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, калк эс алуучу жайларды түзүү, спорт, ветеринардык кызматтын сапаты сыяктуу маселелер ойлондурат экен.

Каражатсыз эч нерсе жасай албайбыз. Жергиликтүү демилгелердин каржы булагы ким? 64 арыздын ичинен 29у калктын өз каражатынан жана эмгегинен улам камсыз болгону белгилүү болду. 16 арыз гранттык каражаттарга, 13ү жергиликтүү бюджеттин эсебинен, калганы демөөрчүлөрдүн каражатына жасалганы белгилүү болду.

“Жергиликтүү демилге – бул айылдардын жана шаарлардын жашоочулары биригип, көйгөйлөрдү аныктап, аларды чечүү жолдорун пландап, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардам берүү”,-деди сынакты уюштуруучулардын бири Анара Мусаева.

“сынактагы силердин жеңишиңер силердин демилгелериңердин жашоосунун уланып жатканы. Жеңиш долбоорлордун ишке ашуусуна жардам бериши керек ” ‚-деди Айнура Балакунова.

Жергиликтүү демилгелердин жыйынтыктары:

Сынактын жеңүүчүлөрү:

1-орун – “Балдар биздин келечегибиз”, арыз ээси Бостонбаева Телегей – Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл аймагынын «Султанмурат» бала бакчасынын жетекчиси – 150 000 сом утуп алды.

2-орун – “Ички сугат суу үчүн дамбаларды куруу”, арыз ээси Карабалаев Мирбек — Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл аймагынын депутаты — 100 000 сом.

3-орун – “Жаштардын биримдиги жана Александровка айылынын келечеги”, арыз ээси Шарипов Абдулла Рахимович – Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл аймагы — 70 000 сом.

25 миң сомдон алгандар:

“Спорт – ден соолук булагы”, Чүй облусу Кызыл-Туу айыл аймагы.

“Билим берүү тармагында шарттарды жакшыртуу”, Нарын облусу, Ак-Чий айыл аймагы.

«Жийде Бурак» бала бакчасы, Ош облусу Көк-Жар айыл аймагы.

“Дени сак жаштар – дени сак улут!”, Чүй облусу, Ак-Башат айыл аймагы.

“Үй-бүлө – коомчулук менен байланыштыруучу көпүрө”, Ош облусу Шарк айыл аймагы.

“Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө калктын жардамы”, Нарын облусу, Кара-Суу айыл аймагы.

“Большевик айылында бала бакча куруу демилгеси”, Ош облусу, Ак-Жар айыл аймагы.

“Балдарды коргоо күнүнө карата жарманке өткөрүү”, Чүй облусу, Ивановка айылы.

“Балдар биздин келечек”, Чүй облусу, Узун-Кыр айылы.

“Баардыгы балдар үчүн”, Чүй облусу, Көчөрбаев айылы.

“Маданият өнүккөн жерде баары өнүгөт”, Нарын облусу, Ак-Муз айылы.

“Семиз-Бел айылынын демилгеси”, Нарын облусу Семиз-Бел айылы.

“Айылдардагы аялдамалар, калктын коопсуздугу” Чүй облусу, Күн-Туу айылы.

«Телегей плюс» бала бакчасы, Чүй облусу Юрьевка айылы.

Ошондой эле 10 миң сомдон дагы акчалай сыйлыктар тапшырылды.

“Жергиликтүү демилге- бул таза аба, таза суу, жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү”,- деди Ивановка айылынын активисти Биялы кызы Бермет.

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости