Бирок жада калса аз акчаны дагы туура пайдаланса болот. Чыгымдарды азайтып иш алып барууга да мүмкүн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери өздөрү деле бюджетти аткаруунун эффективдүү болушуна 3 катышуучунун тиешеси бар экенин айтып келишет: жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы жана карапайым калк.
Конституциянын 52-беренесине ылайык, жарандар төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды, чечимдерди талкуулоого жана аларды кабыл алууга катышууга;
2) ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;
3) конституциялык мыйзамда каралган тартипте референдумга катышууга.
- Жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу.
Элдик курултайдын чечими сунуш катары тиешелүү органдарга жиберилет.
Элдик курултайларды өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.
- Жарандар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгымдалган каражаттар жөнүндө маалымат алууга укуктуу.
Бул иш-чараларда жергиликтүү бюджетти түзүүчү эксперттер катышуучуларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу мыйзамдардын талаптарын, аларды кантип аткаруу керектигин окутушту. Мындай коомдук уктуруулардын саны үстүбүздөгү жылы 13кө жетип, ага 1366 адам катышкан. Мунун баары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен иштөөгө жардам берүү үчүн болду.
Жергиликтүү казынаны башкаруу практикасын жакшыртуу үчүн айыл өкмөттөрү үчүн “Бюджетти түзүүдө жарандардын катышы” деп аталган сынак жарыяланган.
Сынак жарыялоо менен уюштуруучулар жашоочуларына иш жүзүндө өзүн төмөнкү критерийлер боюнча текшерүүнү сунушташкан:
- Угуучулар алдында маалыматтык кампанияны өткөрүү өнөктөштүгү;
- Коомдук угууларга келгендердин саны жана канча жолу өткөрүлгөн;
- Жарандык бюджеттин сапаты жана өз айыл өкмөтүнүн бюджетин айтып берүү;
- Маалыматтын жеткиликтүүлүгү жана презентациянын сапаты;
- Жарандардын бюджет долбооруна таасир бере алгандыгы;
- Кайра байланышуу сапаты;
- Бюджетте курултай, депутаттар менен жолугушуу учурунда кеткен чыгымдардын ачык жазылуусу ж.б.
- Бюджетте стратегиялык, программалык жана башка документтердин болуусу.
Жеңүүчүлөр:
1-орун – Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл өкмөтү – 100 миң сом;
2-орун — Чүй облусунун Москва районунун Биринчи Май айыл өкмөтү – 80 миң сом;
3-орун Чүй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтү – 70 миң сом!
Кызыктыруучу сыйлыктарды төмөнкү айыл өкмөттөрү алышты:
30 00 сомго чейин – Сокулук районунун Кызыл-Туу айылы, Чүй районунун Бурана айылы жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылы;
15 000 сомго чейин – Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айылы, Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылы, Кемин районунун Боролдой айылы, Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылы;
7500 сомго чейинки сыйлык – Кара-Суу районунун Шарк айылы, Сокулук районунун Жаңы-Жер айылы, Алай районунун Буленин айылы.
Аны менен катар эле “Бюджеттик процесске жарандарды тартуу үчүн БӨУлардын ролу” деп аталган сынак да өттү. Ага Чүй, Ош жана Нарын облустарынын муниципалитеттери катышышты.
Сынактык комиссия төмөнкүлөрдү жеңүүчү деп тапты:
1) «Youth of Osh» АКсы, жарандардын кайрылуусу боюнча «Oshcity» уюлдук тиркемесин иштеп чыгышкан – 80 000 сом;
2 ) «Альянс «Ачык бюджет» ассоциациясы – айыл лидерлеринин, аялдардын, жаштардын чечим кабыл алууга катышуу процесси долборун ишке ашырганы үчүн – 50 миң сом;
3-орун — «Щинщу» АКсы «Группа СМиО — аракетте» долбоору үчүн — 30 000 сомов.
Албетте сыйлыктар жаңы жылга жакшы белек болду!
Ирина Байрамукова