Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 17-апрелиндеги №44-Б буйругу менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттер боюнча коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө методикалык колдонмо бекитилди.
Бул колдонмо жарандардын жергиликтүү бюджеттерди түзүү процессине катышууга конституциялык укугун камсыздоо жана жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу этабында коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү аркылуу жергиликтүү бюджеттин иш жүзүндө чыгымдала турган каражаттары тууралуу маалымат алуу максатында иштелип чыккан.
Жергиликтүү бюджеттин долбоору Аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча бекитилген программасынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан иштелип чыгат.
Методикалык колдонмо коомдук угууларды даярдоо жана өткөрүү тартибин, мөөнөтүн аныктайт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына пайдалануу үчүн сунушталат.
Документке ылайык, коомдук угуулар жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча жыл сайын 25-августтан кечиктирилбестен, жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы тууралуу отчёттордун долбоорлору боюнча отчёттук мезгилден кийинки жылдан 1-мартынан кечиктирилбестен өткөрүлүп турат.