Азырынча миграция үчүн объективдүү себеп жетиштүү экендигин моюнга алуу керек. Бул оор экономикалык абал да, билим алуудагы көйгөйлөр да, турумуш тиричиликтеги улутчулдук фактылары да, акыр аягында ата-бабалардын чакырыгы да болуп саналат. Отко майды Фергана өрөөнүндө халифат орнотууну көздөгөн диний экстремисттердин күчөшү, ошондой эле коомду башаламандыкка түртүүгө жөндөмдүү радикалдык оппозиция мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгү чачууда.
Айрыкча Россия Федерациясына барып, жашоону жана иштөөнү көздөгөн орус тилдүү жарандардын маанайы өтө пас. Дал ошол жакка Кыргызстандан мигранттардын негизги агымы – 60%дан ашыгы кетүүдө.
Бирок бул жагдай кызыктуу: кимдир-бирөөлөр ал жакта жашап, кайра келүүдө. Алар албетте, анча көп эмес, бирок андайлар бар. Деги аларды артка кайтууга эмне мажбур кылууда? Бул суроого бир жактуу жооп берүүгө мүмкүн эмес. Бул жерде себептер да ар түрдүү. Ага себеп – биздин мекендештин Россияда баштан өткөргөн кыйынчылыктардан кийин кайтууну чечкен төмөндө айтылган окуялары.
— Андан соң каргашалуу күндөр башталды, — деп оор дем алды Игорь. — Алгач аялым менен келише албай калдым. Ал акчанын даамын татып калгандыктан, менден улам көп талап кыла баштады. Албетте, акчаны ар кандай керексиз нерселерге жумшады дечи. Күн сайын уруш-жаңжал. Кыскасы, мен ага баардык шарты бар үч бөлмөлүү үйдү тапшырып, эшикти жаап чыгып кеттим. Соттун чечими менен аялымда калган кызым Анютага гана боорум ооруйт. Өзүмө келбей жатып криминалдык “достор” менен көйгөй башталып, туш-тарабымдан курчай башташты, мойнума карыз илип киришти. Бир ирет сабап, мурдумду сындырышты. Ал аз келгенсип текшерүүчү чиновниктер тынчтык бербей коюшту. Кыскасы, жалаң эле көйгөйлөр курчап алды.
Менде ага чейин кетүү тууралуу ой жок болчу. Эгер Россияда туугандарым болбосо кайда бармак элем? Бирок бир ирет Бишкекте кокусунан он жылдан бери жолукпай жүргөн эски таанышым менен кездешип калдым. Дмитрий Москвага жайгашып, компьютердик техникалардын жабдыктарын сатып, КМШ өлкөлөрүнө тез-тез командировкага чыгып турат экен. Бишкекке эки жумага командировкага келиптир. Ушул жарым айда ал мага баарын таштап, өзү менен Россияга кетүүгө көндүрдү.
Мен баарын “макул” жана “каршы” деп таразага салдым. “Макул” көп болду. Эмнем болсо, баарын сатып, Димага учуп кеттим. Чындыгында ошол замат эле Москвада жакшы жумуш таап кете алган жокмун. Дима керектүү документтерден жардам берүүнү убада кылды, азырынча Михаил деген өнөктөшү бар Алтай крайында жашап-иштеп турууну сунуш кылды. Албетте, алысыраак, бирок мен баары көп дегенде жарым жылда ордуна келет деп үмүттөндүм. Жаңы жер менен тааныша баштаганда эле Москвадан Дмитрий аварияга кабылып, эки күндөн кийин ооруканада каза болуп калгандыгы тууралуу телеграмма келди.
Биз Михаил экөөбүз ишти принцип боюнча жасай баштадык: арзан сатып алып – кымбат сатуу. Мен айыл чарба продукцияларын сатып алып, аны Бийсккке жеткирчүмүн. Каражатты үнөмдөө үчүн Бийсктен анча алыс эмес айылдардын бирине жайгаштым.
Эң оболу үй боюнча. Айылда ал бар эле, болгондо да ойдогудай: беш бөлмө, короо, чоң огород. Эң негизгиси кымбат эмес. Бирок колхоздук – пролетардык көз караштагы жергиликтүү адамдар мени байга теңешип, ошентип эле – Буржуй деп аташты. Мен көчүп келгендигимди билишкен соң такыр эле ачууланып калышты: “Сен өзүңдүн паспортуңду кайда сунуштап атасың!”. Алар ал тургай мен орус экениме да ишенишкен жок: “Сен эмне бизге өзүңдүн паспортуңду көрсөтөсүң, аны сатып, жасатып алгансың да!”.
Бир ирет өзүмдүн үйүмө кирсем, ал жерде… үч фуфайкачын чоң адам отурат.
—Силер кимсиңер?! – деп сурадым.
— Биз кимбиз — сенин ишиң эмес. Андан көрө айтчы, эмне үчүн сен бул жакка келип калдың жана кадырлуу адамдарды неге сыйлабайсың, а?
Макул, талашпаймын деп ойлодум. Дүкөнгө барып, аларга үч бөтөлкө алып, кайттым. Алар мага: “Сен эмне, акмак, бизди кемсинтип атасыңбы? Тез бул жакка ящик водка алып кел!”
Ал жакта кандай ичишкендигин сөз менен айтып бере албайсың. Алкоголь — бул ачуу! Деградацияланган эркектерди аялдар алмаштырат. Алардын арасында бизге караганда өтө көп ишкерлер бар. Балдар аз эле жерден бакчадагы курактан баштап чегип, сөгүнүшөт… Дагы эмне эсимде калды – айылдардагы жүрө албаган жолдор жана шаарлардагы эч кимди аябаган бандиттер. Эмне үчүн сөзгө келбеген коммерсантты көндүрүп, сатып алып, коркутуп, кыскасы убакытты кетириш керек? Анын машинасына граната ыргытсаң – иштин бүткөнү!
Бир ирет мен үйүмдүн айланасына шифер забор койдум. Баардыгы документтегидей ирээти менен. Келсем, забордун бурчтары тешилип, менин короом аркылуу аялдар менен балдар ары-бери чака көтөрүп жүрүшөт. Мени көрөр менен мындай деп кыйкырып качышты: “Сен жолду забор кылып тосуп алыпсың го? Биз бул жактан өзүбүздүн булакка суу алганы каттайбыз. Аталарыбыз да, бабаларыбыз да ушинтип катташкан. Жогол!”. Ал жактан бул бурчту эки кадам айланып өтсө болмок. Жок, аларга бирөөнүн заборун сындырган оңой экен.
Башка жолу кимдир-бирөө менин сарайыма факелди ыргытты. Ал күйүп кетти. Мен ордуна койгон жокмун. Эмне натыйжа… Администрацияга баратсам машинамдын дөңгөлөгүн тешишти. Кыскасы, мен чоочун болуп, алардын эрежеси менен жашагым келбеди жана мени кубалашты.
Касым Жороев