• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Чоң акчалар. “Жерүй” үчүн 32,6 млрд сом керек.

geologorazvedka-poleznyie-iskopaemyie

👁 524

Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Д.Зилзалаев маалымат кызматтарына берген маектеринин биринде “Жерүй” кенин ишке киргизүү үчүн 32,6 млрд сом керек экенин билдирген.

“Жерүй” кени Талас облусунда жайгашкан жана анын айланасында бир топ жылдан бери сүйлөшүүлөр жүрүп келет.

2015-жылы кенди иштетүү үчүн сынакты «Восток- гелдобыча» компаниясы утуп алган, бирок азыркыга чейин иш баштала элек.

Белгилүү болгондой, азыркы учурга чейин документтерди ирээтке келтирүү иштери жүрүүдө жана орусиялык компания 2017-жылдын күз айларында ишти баштайт.

Биринчи этапта алтын казуучу фабриканы курулса, экинчи этапта стратегиялык жактан маанилүү болгон жана калдык сактоочу жайлар курулмакчы. Эксперттердин пикири боюнча, технологиялык процесстерде жаңы методдорду колдонуу курчап турган чөйрөнү бузбайт.

Учурда компания курулуш иштерин аткаруучу подрядчиктерди тандоодо.

Подрядчиктер аз убакыт аралыгында алтын казуучу фабриканы тургузуп, инфраструктураны түзүүчү кытай курулуш компаниялары болушу мүмкүн. Анткени кыргыз подрядчиктери мындай мекемелерди курууда эффективдүү натыйжа көрсөткөн эмес.

Белгилүү болгондой, «Казминералс» тоо кен компанияларынын алтын казуучу фабрикаларын кытай подрядчиктери курушкан.

Балким тендерди орусиялык компаниялар утушу ыктымал, кыскасы курулуш иштерин жергиликтүү компаниялар жүргүзбөйт. Тилекке каршы, кыргыз курулушчулары атакка ээ боло алышкан эмес.

“Жерүй” боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп, аны менен катат эле жол куруу, административдик мекемелерди, ашкана жана башка мекемелерди куруу маселеси чечилүүдө.

Орусиялыктар лицензияны 100 млн долларга сатып алышкан жана 20 жылга чейин күчүн жоготпойт.

Көп убакыттар бою кен чыгуучу жер жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жаратып келген, алар социалдык пакетке нааразы болушуп башка талапкерлер компанияларга талаптарды коюп келишкен. Бүгүнкү күнү Талас облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасы боюнча келишим түзүлгөн.

Алгачкы 3 жылда жергиликтүү коомчулукка жыл сайын 100 млн сом бөлүнүп турат, андан соң жылына 150 млн сомдон берилмекчи.

Облустагы орто жана чакан бизнес өнүктүрүү фонду тарабынан 70%га каржыланып турмакчы. Азыртадан эле айыл-чарба тармагын өнүктүрүүгө, мал сатып алууга насыя берүү тармагы ачылган. 500 адам карыз алууга жетишкен.

Компаниянын планында бала бакча, мектеп жана жол куруу дагы бар. Ошондой эле жергиликтүү ооруканалардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу да каралган.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости