Жакында айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги өлкөдө желим баштыктарды чыгаруу жана колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жолдоду.
Демилгечилер желим баштыктар экологияга олуттуу зыян алып келип жатканын жүйө келтирүүдө.
Кыргызстанда желим баштыктарга тыюу салуу маселеси биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Буга чейин да Жогорку Кеңештин депутаттары жогорудагыдай мазмундагы мыйзам долбоорун сунуштап, бирок аягына чыккан эмес.
Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Эркингүл Иманкожоева дал ушул желим баштыктарды колдонбоо боюнча мыйзам долбоорунун автору. Иманкожоева аталган мыйзам долбоору колдоо таппай калгандыгынын себебин айтып берди.
Бир курдай өлкө аймагында ири соода түйүндөрү кагаз баштыкка өтүп, көп узабай бул демилге арасат калган. Учурда айрым гана маркеттер кагаз баштыктын ордуна эко баштыкты колдонуп жатат. Деген менен айлана-тегеректе желим баштыктардын козу карындай жайнап жатканы маселенин жарым-жартылай болсо да чечилгенинен кабар бербейт.
Желим баштыктар кээ бир учурда бекер, арзан жана ыңгайлуу болгондуктан күндөлүк турмушубузда маанилүү ролду ойнойт. Базарда, дүкөндөрдө, той-аштардагы процесс өмүрү аз, зыяны көп желим баштыктарсыз өтпөй калды.
Бишкек шаарынын тургуну Мадина Сейитованын желим баштыктардан баш тартуу боюнча өзгөчө идеясы бар. Ал базарга же болбосо супармаркеттерге киргенде сатып алган буюм, азык-түлүгүн өзү колдо жасаган, кадимки эле экологияга зыяны жок кездемеден тиккен баштыгына салаарын айтат.
Желим баштыктардан айрыкча Бишкек, Ош шаарлары сыяктуу калк жыш жайгашкан, ири соода борборлору орун алган аймактар жапа чегип жатат. Куюндуу шамал күндөрү желим баштыктар асман бетин бербей калат. Айрыкча жаз мезгилдери жашыл бакчалар кооз ландшафтка желим баштыктар кошумча “көрк”берет.
Эколог Абдыжапар Акккулов коомчулукту желим баштыктардан баш тартуу боюнча экологиялык түшүндүрүү, үгүт иштерин жүргүзүү зарыл деп эсептейт.
Изиздөөлөргө ылайык, желим баштыктар калыңдыгына жараша 500 миң жылга чейин чирибей тура берет. Жердин катмарында 1000 жылга чейин “жашайт”.
Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда желим баштыктарды чыгарган он чакты ишкана бар.
Назгүл Бостонбаева