• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жеке накталай эмес төлөмдөр тууралуу…

arashan-11

👁 1,627

Накталай эмес төлөмдөр убагы келди. Бүгүнкү күнү бойго жеткен ар бир экинчи кыргызстандыкта жеке банк картасы бар, аны акчаны сактоо үчүн гана эмес сатып алууларды жүргүзүүдө, коммуналдык төлөмдөрдү төлөөдө жана башка кызматтар үчүн колдонушууда.

Банк технологиялары тууралуу КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Лада Орозбаева айтып берди.

Борбордук Азияда биринчилер

–Кыргызстанда накталай акчалардын санын кыскартуу эмнеден улам болууда?

- Биринчиден республиканын экономикасындагы банк тармагынын өнүгүүсү үчүн. Эгемендүүлүк алган жылдардан бери бул тармак өстү, аны менен катар эле төлөмдөрдүн саны дагы жогорулады. Ошол эле учурда кагаз менен документация жүргүзүү моралдык жактан эскирди.

Колдонуучулар ыңгайлуулукту жана ылдамдыкты тандашат. Электрондук банк технологияларына өтүү – бул кадимки көрүнүш.

Экинчиден, Кыргызстан эсептөөнүн ачык-айкындуулук даражасын жогорулатмайынча көмүскө экономиканы кыскарта албайт. Жарандар жана уюмдар ортосунда канчалык көп накталай төлөм болсо көмүскөдөгү иштер ошончо көп болот.

–Биздин өлкө өзүнүн төлөм системасын иштеп чыгып, улуттук картасын чыгарды. Бул качан жана кандайча болду?

- Төлөм системасын реформалоо 2003-жылы башталган. Улуттук банк коммерциялык банктар менен бирге аны бир нече жылда ишке ашырды. Натыйжада майда төлөмдөр үчүн пакеттик клиринг системасы, а эми ири келишимдерди түзүүдө жана тез төлөш керек болгон учурга гросс ситемасы киргизилди.

Ошондой эле бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору пайда болду (ЕМПЦ), бул бардык банктар жана мамлекеттер үчүн бирдиктүү төлөм аймагы пайда болду.

Ал банк карталарын колдонуу менен транзакцияларды ишке ашыруу үчүн өнүккөн инфраструктураларга ээ. Ал аркылуу товарларга жана кызматтарга болгон төлөмдөр ишке ашырылат. Мындан сырткары ЕМПЦ – бул КРнын улуттук карта системасы болгон “Элкарттын” оператору.

–Башка эл аралык системалар турганда Кыргызстанга өзүнүн улуттук картасынын эмне кереги бар эле?

- Калктын кызыкчылыктарын коргоо үчүн жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугу үчүн. “Элкарт” сыяктуу төлөм системасы финансылык маалыматтарды иштеп чыгат жана аларды өлкөдөн сырт жакка бербейт.

Биз бул системанын эрежелерин жана тарифтерди өзүбүз коёбуз. Бул улуттук төлөм системасында жүргүзүлгөн социалдык багыттагы долбоорлор жана кандай абал болбосун ишке ашырылат.

Өлкө эл аралык төлөм системасына кире албай калса дагы экономикага таасир тийбейт, анткени ички финансылык иштер жүргүзүлө берет.

Маяна долбоору

–2016-жылдын акырында бюджетте иштегендер маяналарын “Элкарт” аркылуу ала башташы керек эле. Бул максатка жетүүгө мүмкүн болдубу?

- КРнын аймагында төлөмдөр үзгүлтүксүз жана коопсуз болушу керек жана геосаясий факторлордон көз каранды болбошу зарыл. Ошондуктан былтыр “Элкарт” системасы боюнча кызмат көрсөтүүгө бардык мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин маяналары өткөрүлдү. Мындан сырткары пенсионерлердин жарымы “Пенсионердин картасы” долбоорунун алкагында “Элкарт” аркылуу пенсияларын алышат.

Пенсиянын пенсия курагындагылардын үчтөн бир бөлүгү карта аркылуу алышат. Бул пенсионерлерге үйдөн чыкпастан каражаттарын жароо банктагы эсебине алып, андан соң аны Элкарт картасын колдонуу менен Кыргызстандын каалаган жеринде товарларды жана кызматтарды сатып алууда колдоно алат.

–Бул Бишкекте жана Ошто же башка өнүккөн шаарларда жашагандар үчүн ыңгайлуу болсо керек. Алыскы айылдарда жашагандарга айлык акыларын мындай жол менен алуу канчалык ыңгайлуу?

- “Элкарт” колдонуучуларында акчаларды алууда эч кандай тоскоолдук болбошу керек, биз бул тармакта иштерди жүргүзүп келебиз. Банктар маяна алуучулардын санына жараша калктуу конуштарда банкоматтарды орнотушууда же болбосо “Кыргыз Почтасы” мамлекеттик ишканасы менен POS-терминалдарды орнотуу боюнча келишим түзүшөт. Учурда республика боюнча 1 300 банкомат, 7 101 POS-терминал 736 төлөм кабыл алуучу терминалдар бар. КРнын ар бир банкынын банкоматтары “Элкартты” кабыл аларын белгилей кетүү керек.

- “Элкартты” КРда гана колдонсо болобу?

–Ооба. Анткени операциялардын 90 пайызы өлкө ичинде жүргүзүлөт. Өлкөнүн сыртына көп чыккандар үчүн эл аралык төлөм карталары ыңгайлуу. Бирок “Элкарт–UPI” картасын колдонсо болот. Аны өлкө ичинде дагы жана UnionPay эл аралык картасы катары чет жерлерде дагы колдонсо болот.

- Эмнеге улуттук төлөм системасы менен товарларга жана кызматтарга төлөм жүргүзүү пайдалуу?

- “Элкарт” аркылуу жүргүзүлгөн ар бир эсеп сом менен гана жүргүзүлөт. Мисалы, эгерде сизде эл аралык Visa же MasterCard бар болсо алардын негизги валютасын доллар жана евро түзөт. Бул бардык операциялар валютага жараша болот дегенди билдирет, себеби баары доллар жана евро аркылуу өтөт.

Ошондуктан Кыргызстанда “Элкартты” пайдалануу ыңгайлуу, себеби эсептешүү улуттук валютада жүргүзүлөт, ал эми чет жактарда MasterCard жана Visa карталарын колдонсо болот. Мындай учурда курстар менен болгон айырмачылык боюнча маселе жаралбайт.

Ошондой эле улуттук валютада жүргүзүлгөн төлөм карталары эл аралык карта менен жүргүзгөнгө караганда арзан түшөт, себеби “Элкарт” төлөмүнө киргизилген банктар аркылуу тарифтерге ылайык көбүнесе эсептешүү бекер болот.

Тарифтер тууралуу

Бүгүнкү күнү КРнын бардык коммерциялык банктары “Элкарт” картасы аркылуу төлөм жүргүзүүгө кошулган.

Банктын кызматтарына болгон тарифтер коммерциялык банктар тарабынан ички өнүгүү стратегиясына жана рынок шарттарына жараша коюлат:

–картаны чыгаруу жана эсеп ачуу картанын түрүнө жараша 0 сомдон 200 сомго чейин;

- Жылдык кызмат көрсөтүү 0–100 сом;

- КРнын бардык банктарында каражаттарды алуу 0–0,6% .

Бир катар коммерциялык банктар банкоматтардын Достук тармагын түзүшкөн. Анын алкагында “Элкарттан” акчаларды алуу бекер жүргүзүлөт. Достук тармакка 300гө жакын банкомат жана Кыргызстан боюнча накталай акча берүүчү 500 пункт кирет.

Коопсуздук биринчи орунда

–Төлөм картасын алуу менен кыргызстандыктар эсебиндеги каражат тууралуу көп ойлонушат. Өлкөдө банк карталары менен байланышкан кылмыштар көппү? Өз каражаттарыңды кылмышкерлерден кантип коргоо керек?

- Учурда Кыргызстанда накталай эмес төлөмгө байланышкан кылмыш фактылар аз. Негизинен алдамчылык эл аралык карталарда коп кездешет. Бирок Улуттук банк банктардан жана операторлордон коопсуздукту талап кылат. Ошондой эле дайыма бардык окуяларды жана арыздарды анализдеп, кардарлардын укугун коргоочу нормативдик актыларга киргизип турат.

Аны менен катар эле каражаттардын коргоодо болуусу анын ээсинен дагы көз каранды. Картасы бар ар бир адам картага кылдаттык менен мамиле кылуу керектигин билиши керек.

Сиз акчага толгон капчыгыңызды кароосуз клатырбайсыз да? Албетте бирөөгө дагы кыска убакытка бербейсиз. Карталарга жана PIN-кодго дагы ушундай мамиле кылуу зарыл. Эгерде картаңыз уурдалса эгерде андагы каражатты ууру ала албаса гана каражатыңыз сакталат.

-“Элкарт” канчалык коопсуз?

- Биз коопсуздукту болушунча камсыз кылууга аракет кылдык. Былтыр чип картасы менен “Элкарт” жүгүртүүгө чыгарылган. Бул ичип бар карта, андан маалыматтарды алууга болбойт жана жасоого мүмкүн эмес.

–Накталай эмес төлөм – бул финансылык маданият эмеспи. Ал өлкөдө кандай өнүгүүдө?

–Жакшы өнүгүүдө. Мисалы, бүгүн банк картасынын жардамы менен Бишкектин көпчүлүк дүкөндөрдөн төлөсө болот. Былтыртан бери соода тармагындагы ишкерлер накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуучу POS-терминалдарды орното башташты. Жабдууларды коюуга милдеттүү болгон уюмдарга соода аянты 50 жана андан ашуун чарчы метр болгон соода түйүндөрү, дарыканалар, май куюучу жайлар, мейманканалар ж.б. кирди.

–Улуттук “Элкарт” төлөм системасы дагы кандай кызматтарды сунуштайт?

- Бир катар банк кызматтарын: Маяна, пенсия, жөлөкпул алуу, товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү, банкоматтардан жана накталай акча берчү пункттардан каражат алуу, бардык үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кошумча карта ачуу жана алардын чыгымдарын көзөмөлдөө. Банкоматтар жана POS-терминалдар аркылуу коммуналдык төлөмдөрдү, интернет провайдерлердин кызматын, бирдик салууну төлөсө болот, каражатты картадан башка картага которсо болот.

“Элкарт” картасынын жардамы менен интернет-банкинг аркылуу банк операцияларын жүргүзсө болот, башкача айтканда, банкка барбастан эле үйдөн эсебиңизди түз башкара аласыз. Ошондой эле кардарларга овердрафт же кыска мөөнөттүү насыя кызматы сунушталат, бул картадагы каражаттан көп каражат коротсо болот дегендик.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости