Жеке каражаттарды башкаруу индивидуалдык план түзүүнү талап кылат. Ал белгилүү бир мөөнөттө, учурдагы абалга жараша адамдардын максаттарына жетүүсүн камсыздайт.
Каржылык планды өз алдынча түзсө болобу жана анда кандай маалыматтар камтылышы керек?
Жардамчы-программалар
Колдонуу боюнча кеңештер
Каржылык кеңешчилер аларды жазып алып аткарылуу мөөнөтүн жана канча каражат керектигин аныктап алууну сунуштайт. Мисалы, планда унаа көрсөтүлүшү мүмкүн, аны 3 жылдан соң сатып алуу керек жана 5 жылдан соң сатып алуу зарыл болгон батир. Андан соң убакыттын өтүшү менен алардын баасы канча болушу мүмкүндүгүн аныктап алуу зарыл, себеби инфляциянын болушу менен баалар да өзгөрүшү ыктымал. Планга сатып алууларды гана эмес андан дагы чоң нерселерди жазса болот. Мисалы, балдар үчүн капитал топтоо, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоосун камсыздандыруу, колдонулбаган акчаларды инвестицияга салуу ж.б.
Айына жана жылына премияларды кошкондо канча сом табарыңызды санап чыгыңыз. Ошондой эле канча каражатты эмнеге короторуңузду дагы эсептеңиз. Салыктар дагы чыгымдарга кирет. Кандай активдериңиз бар экенин аныктап алыңыз (инвестициялар, депозиттер, кыймылсыз мүлк, накталай акча) жана алар кандай киреше алып келет билүүңүз керек. Андан кийин милдеттериңизди карап чыгыңыз: банктарга жана досторуңузга канча карызыңыз бар. Андан соң жагымсыз жагдайлар үчүн каражатыңыз барбы карап чыгыңыз: жумушсуз калсаңыз каражатыңыз жетеби.
Бул маалыматтардын баарын алган соң Exсel программасынын жардамы менен математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү керек. Учурда колуңузда бар болгон акча жана ай сайын канча каражат топтоого алыңыз жетет, андан соң алдыдагы максатыңызга коюлган мөөнөттө жете аласызбы карап чыгыңыз. Эгерде максатка жетүү ыктымалдыгы 70–100% болсо – бул жакшы абал, эгерде көрсөткүч мындан аз болсо анда бир нерсени өзгөртүү керек.
Акчаларды башкаруу
Эгерде максатыңызды ишке ашырууга ресурстар жетишпей жатса анда же инвестиция ресурстарын табуу керек (чыгымдарды кыскартып, кирешени көбөйтүү) же максатыңызга кетүүчү акчаны азайтуу керек. Максатка жетүү мөөнөтүн көбөйтсө болот же өтө зарыл болбогон бир максатты ишке ашырууну токтото туруу кажет. Мисалы, адам 3 жыл сайын унаасын алмаштырууну каалайт, ар бир алган унаасы мурункусунан кымбат болот. Эгерде мунун натыйжасында башка максаттарыңызга терс таасир тийе турган болсо анда унааны 5 жылда бир алмаштырууну карап көрүңүз.
Эгерде сумма азыраак болсо, анда тиешелүү сумманы чогултуу кыйын болуп, убакыттын өтүшү менен сиз көп нерседен баш тарта баштайсыз – бул болсо анча жакшы эмес. Эксперттер белгилегендей, каржылык план негизи өмүр бою түзүлүп, каржы абалынын өзгөрүүсү менен өзгөрүүгө дуушар болот.
Кошумча жардамчылар
Уюлдук тиркемелер жеке каражатты башкарууда “бюджеттик” кадамга багытталган. Бул калк үчүн жана жаштарга абдан керектүү нерсе, ал жеке каражатты эсептөө маданиятын калыптандырып, колдонууда пайдалуу адаттарды пайда кылат жана эртеңки күн тууралуу ойлонууга жардам берет.
Сиздин каржылык ийгилигиңиз үчүн болгону аны баштоо керек. Ийгилик!