Бул сервисти колдонгон ар бир кардар кайсы мамлекетте инвесторлор көбүрөөк коркунучтарга дуушар болоорун көрө алат. Сервистин аты “Кризисометр”. Анда 44 Азия, Америка, Европа мамлекеттеринин экономикасы көрсөтүлгөн.
Андан тышкары дүйнөлүк карта коркунучтарынын даражасына карата ар кандай тїстєргє да бөлүнгөн. Тїсї канчалык коюу болсо инвесторлорго ошончолук коркунуч көбүрөөк болот.
Жаңы иштей баштаган инвесторлор, дүйнөлүк рыноктогу жагдайды жакшы билбестен, кайсы мамлекетте, мисалы Кытайда, кандай коркунучтар бар экендигин шектенбейт.
Ал эми ушундай маселени чечүүдө жаңы сервис жардам берет. Кардар картаны ачып инвестициялар үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр же кандай коркунуч бар экендигин көрө алат.