Кыргызстанда соттук реформанын негизги каржы булагы республикалык бюджет болот. Бул тууралуу Сот реформасы боюнча кеңештин биринчи жыйынынын жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.
“Бюджеттен каражат бөлбөй туруп, биз бул реформаны жүргүзө албайбыз. Сырттан кимдир бирөө каражат берет деп күтпөш керек. Биздин реформа үчүн негизги каржы булагы болуп республикалык бюджет эсептелет”,-дейт мамлекет башчы.
Андан тышкары, ал тиешелүү мамлекеттик органдардын бюджеттеринде кодекстерди колдонууга киргизүүгө зарыл болгон каражаттар камтылышы зарылдыгын түшүндүрдү.
Ошондой эле, сот реформасын даярдоого көмөк көрсөткөң донор уюмдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.