Президент Сооронбай Жээнбеков «Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жарлыктын максаты, соттук-укуктук реформаны ыкчамдатуу болуп эсептелет. 2019-жылдын 1-январынан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жоруктар жөнүндө кодекс, Бузуулар жөнүндө кодекс, Жазык процесстик кодекс, Жазык-аткаруу кодекси жана башка коштоочу мыйзамдар күчүнө кирет.
Адамдардын укуктарын коргоону камсыз кылууда мыйзамдар, жазык укуктук бөлүктөр стратегиялык мүнөзгө ээ. Жөндөмдүү мамлекеттик системаны, заманбап экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү милдет өтөйт.
Мыйзамдарды жана кодекстерди ишке ашыруу процессине бир катар аткаруу, укук коргоо органдары, прокуратура органдары, сот, жазык аткаруу, адвокатура жана жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттери тартылат.
Мына ушунун баарын эске алуу менен, президенттин жарлыгы соттук-укуктук реформаны системалуу жүргүзүүгө жаңы дем берүүнү көздөйт.