• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жээнбеков Мамлекеттик думасынын Коргоо комитетинин төрагасынын орун басары менен жолугушту

2

👁 432

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда Орусиянын Мамлекеттик думасынын Коргоо комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Заварзин менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчы Кыргызстан менен Орусиянын коопсуздукту камсыздоо, аскер жана аскердик-техникалык кызматташтык, анын ичинде ЖККУ алкагындагы кызматташуунун жогорку деңгээлин белгилеп, бул багытта мындан ары кызматташуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигин билдирди.

«Жакында Орусия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуубузда актуалдуу маселелерди талкуулап, жетишилген макулдашуулар боюнча пикир алыштык. Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташуунун бардык деңгээлинде активдүү саясий диалогду жана эки тараптуу парламенттер аралык байланыштар жакшы өнүгүп жатканы канааттандырарлык», деди Жээнбеков.

Ал мындан тышкары эмгек мигранттар тууралуу маселеге токтолуп, Путин менен «миграциялык амнистияны» колдонуу жана аларга Орусиядан сырткары чыкпай туруп мыйзам талаптарын аткаруу мүмкүндүгүн берүү тууралуу жетишилген келишимди эске салып, бул маселени чечүүдө колдоо жана жардам көрсөтүлөт деген ишенимин билдирди.

Виктор Заварзин өз кезегинде эки өлкөнүн ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык бийик деңгээлге чыкканын белгилеп, мыйзам базаларын өркүндөтүү боюнча эки тараптуу шайма-шай иш жүрүп жатканын баса белгиледи.

Ал эки тараптуу кызматташуу сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыкканын кошумчалады.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости