Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга болгон расмий сапарынын алкагында Кытай лидери Си Цзиньпин менен жергиликтүү саат 15:00дө жолугушту. Мамлекет башчыны Си Цзиньпин Эл өкүлдөрүнүн бүткүл республикалык жыйынын имараты алдында салтанаттуу тосуп алды.
Маалыматка ылайык, ушул тапта эки өлкөнүн расмий делегацияларынын кеңейтилген форматтагы жолугушуусу өтүүдө.
Жээнбеков өз сөзүндө Кытайга болгон биринчи мамлекеттик сапарына кубанычта экенин билдирди.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык жаңы тарыхый деңгээлге жогорулап жатканы белгиленди.
Президент башында турган кыргыз делегациясынын курамында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын башчысы Данияр Сыдыков, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Исхак Масалиев, Адыл Жунус уулу, Кубанычбек Нурматов, Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Акрам Мадумаров, кажры министри Адылбек Касымалиев, экономика министри Олег Панкратов, айыл чарба министри Нурбек Мурашев, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиев, эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын иштетүү боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Улан Рыскулов бар.
Мамлекеттик визит үч күнгө созулуп, президент анын жүрүшүндө Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Премьер министр Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат. Анын ичинде Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө биргелешкен декларация бар.