Алар президентке Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечимдерин аткарылышы боюнча маалымат берип, мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыктары тууралуу билдиришти.
Президент Сооронбай Жээнбеков сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупция өлкөнүн улуттук коопсуздугуна негизги коркунуч келтирген абалда калып жаткандыгын белгиледи.
Ошондой эле ал коррупциялык кылмышка тиешеси бар ар бир чиновник мурдагы жетишкендиктерине жана эмгегине карабастан сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш экендигин белгиледи.