Анда коррупцияга каршы күрөш башкы маселе катары каралып, бул боюнча мамлекет башчы баяндама жасады. Анда Жээнбеков бийликке келерде коррупцияга каршы күрөшө тургандыгын айтканын, ошол убадасын ишке ашырарын белгиледи. Ал өз баяндамасында укук коргоо органдарына турак-жайлар курулуп, тиешелүү шарт түзүлгөнүн айтып, демек, бийлик жана эл алардан натыйжалуу жыйынтык талап кылганга акылуу деди.
Бирок “Транспаренси интернешнл” эл аралык уюмдун рейтингине ылайык, коррупция боюнча Кыргызстан 176 өлкөнүн ичинен 134 орунда турат. Муну белгилеген мамлекет башчы коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканы менен жыйынтык канааттандырарлык болбой жатканын айтты. Ал жарандардан келген катка таянып, «Майда иштер каралып, чоң кылмыштар ачылбай калып жатат,»- деди. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш болбой жатканынын себеби катары “коррупцияны” атады. Аны менен катар аткезчилик жолу менен товар ташылып, бюджетке пайда келтирбеген жагдайлар дагы бар. Мындай мыйзамсыз аракеттер укук коргоо органдарынын катышуусу менен гана ишке ашат деп, төмөнкүлөрдү айтты.
Мамлекет башчынын айтымында, акыркы эки жылда укук коргоо органдары тарабынан 76 миңдең ашык кылмыш иши козголгон. Анын 30 пайызы гана сотко өткөн. Жалпы иштердин 43 пайызы токтотулган жана кыскартылган. Алардын 83 пайызы «күнөөгө шектүү табылган жок» деген себеп менен жабылып калган. Жээнбеков бул көрсөткүчтү да катуу сынга алып, күч органдарынын ар биринин ишмердүүлүгү жана жасаган мыйзамсыз аракеттери боюнча кеңири токтолду. Президент жыйындын жүрүшүндө кадр саясаты жөнүндө да сөз кылып, айрым жетекчилер “шайлоодо Жээнбековго жакшы иштебедиң” деп, жактырбаган кызматкерлерин кызматтан кетирген учурлар бар экенин белгиледи.
Жыйындын уландысында Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков да сөз сүйлөп, парламент коррупцияга каршы күрөшүү үчүн мыйзамдык жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.
Отурумдун жүрүшүндө премьер-министр Сапар Исаков өкмөт башчы катары айтылган чараларды көрүүгө даяр экендигин белгиледи. Азыркы аткаруу бийлиги жасаган иштер коррупцияны алдын алуу максатын көздөй турганын айтты.
“Учурда Салык кызматында фискалдаштыруу иштери жүрө баштады. Жакында аны Жогорку Кеңеш карап, колдоп берсе, бюджет үчүн чоң булактар ачыларын кошумчалады. Өкмөт башчы жол коопсуздук тармагында да реформалар орун алып, акылдуу шаар долбоорлору иштеп баштайт,”- деди ал.
–Акылдуу шаар долбоорлору курулуп калгандан кийин жол коопсуздук кызматкерлери мисал болушу керек деп ойлойбуз. Ошондо коомго да таасири тиет деген ишеничибиз бар. Ошондой эле мамлекеттик сатып алуу жолдорун реформалоо да ишке ашат. Азыр иштер башталды.
Эске сала кетсек, бул жолку коопсуздук кеңешинин отуруму президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгында алгачкы ирээт өткөрүлдү. Ага бардык бийлик бутактарынын өкүлдөрү катышты.