Кен иштетүүчү компаниялардын экологиялык ченемдерди сактап жатканын эколог адистер гана аныктай алат. Андыктан бул маселени саясатташтыруунун кереги жок. Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков 7-февралда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов менен жолугушууда билдирди.
Президенттин айтымында, Кыргызстандын кен байлыктары элдин кызыкчылыгында, экологияны коргоо боюнча бардык ченемдерди сактоо менен колдонулушу керек. Ошондуктан кен иштетүүчү компаниялардын ишмердүүлүгү мыйзам талаптарына жооп бербей, экологиялык коопсуздукка зыян алып келгени далилденсе, мындай долбоорлор колдоого алынбоого тийиш.
Мамлекет башчысы калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, кен байлыктарын колдонуу укугуна ачык конкурс жана аукцион өткөрүү жолу менен жер-жерлерде социалдык нааразычылыкты жокко чыгарууга болоорун белгиледи.
«Тоо-кен өндүрүү тармагы кичи шаарлардын жана айылдардын өнүгүүсүнө жана ошондой эле жер-жерлерде эмгек ресурстарын бекемдөөгө көмөк болушу керек», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Бул тармактагы инвестициялык саясат жөнүндө айтып жатып, Президент инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүү жана аларга коюлган милдеттердин так аткарылышын көзөмөлдөө зарылдыгын белгиледи.