• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жээнбеков: Биз ата мекендик айыл чарба продукциясынын экологиялык тазалыгын сактап калышыбыз керек

35893

👁 812

«Биздин айыл чарба азыктарыбыз ЕАЭБдин рынокторунда, дүйнөлүк рынокто атаандаштык түзө алат. Ал үчүн биз айыл чарбасында туура саясат жүргүзүп, фермерлерибизди колдоп, аларга туура багыт беришибиз керек», –деп билдирди Президент Сооронбай Жээнбеков. Мындай пикирди өкмөт башчы Баткен шаарында биофабриканын ачылышында айтты.

Мамлекет башчысы катышуучуларды заманбап фабриканын ачылышы менен куттуктап, ишкана Баткен облусунун калкынын жашоосун жакшыртуу максатында иштейт деген ишенимин билдирди.

“Биологиялык фабриканын ачылышы бүтүндөй республика үчүн абдан жакшы жаңылык. Биофабрика экологиялык жактан таза продукция чыгарууда зор мааниге ээ. Бул жерде айыл чарбасынын зыянкечтерин жок кылган, ошол эле учурда адамдын ден-соолугуна зыяны жок дары-дармектер чыгарылат. Айыл чарбалуу деп эсептелген Баткен аймагына дал ушундай ишкана керек эле”, –деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы белгилегендей, натыйжада айлана чөйрөгө жана адамдын ден-соолугуна коркунуч туудурган химиялык заттарды пайдалануу кыскарат. Дал ушундай органикалык таза биодары-дармектерди пайдалануу ыкмасын таратуу зарыл.
Президент Кыргызстандын келечеги экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүүдө, ошондуктан фермерлер бүгүнкү күндө Бишкекте, Ошто, Баткенде иштеп жаткан жана Нарында курула турган биофабриканын дары-дармектерин пайдалануусу зарыл экендигин баса белгиледи.

Мааламдама:

Учурда Баткен шаарында биофабриканын курулушу аяктады, суу түтүктөрү жана канализация өткөрүлдү, биологиялык аппараттардын монтажы даярдалды. Биофабрика айыл чарба багытындагы биодары-дармектерди чыгарат. Натыйжада облус органикалык-биологиялык таза айыл чарба азыктарын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Мындан тышкары биофабриканын аркасы менен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине жана отоолорго каршы күрөш биологиялык жол менен ишке ашырылып, келечекте химиялык дары-дармектерди пайдаланууну жокко чыгарат.

Биофабрика 25–30 адамды жумушчу орун менен камсыз кылат. Ишкананын жалпы сметалык наркы – 14 млн. сом.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости