Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 8-январда болгон жолугушууда Коопсуздук кеңешине мурда кабыл алган чечимдерди ревизиялап, алардын аткарылышына баа берүүгө чакырды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Эске салсак, Президент менен жолугушууга Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев, Президенттин Аппаратынын орун басары Алмамбет Салиев, Президенттин кеңешчилери Жеңиш Разаков менен Асылбек Кожобеков катышты.
Анда Президент С.Жээнбеков мамлекеттик түзүмдөр тарабынан жарандардын бир дагы кайрылуу, арыздарына көңүл бөлүнбөй калбашы керектигин белгиледи. Ошондой эле, кылмыштуулукка каршы күрөш жана жарандардын коопсуздугун камсыздоону артыкчылыктуу милдеттердин бири болуп калууга тийиш.
Жолугушууда укук коргоо органдарын реформалоо, бийлик органдарында саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө сөз болду.
Андан тышкары, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ишмердиги, коопсуздук чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу багыттар жана 2018-жылга иш планы талкууланды. Талкууда Коопсуздук кеңешинин алдыдагы отурумуна даярдык көрүүгө байланыштуу маселелер дагы каралды.