“Өнүккөн аймак – өнүккөн өлкө. Бул менин президенттик мөөнөтүмдөгү артыкчылыктуу багытым болот. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Лейлек району, Исфана, Сүлүктү шаарларынын тургундары менен жолугушууда айтты.
Жээнбеков эн негизгиси бюджеттик, гранттык жана инвестициялык каражатты пландуу, максаттуу пайдалануу керектигин айтты. Ошондой эле, жергиликтүү бийликтин жоопкерчилигин көбөйтүп, алардын иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын кошумчалады.
Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна эки күндүк жумушчу сапары менен барган.