Кыргыз Республикасын стратегиялык өнүктүрүүнүн милдеттерин ишке ашыруу, региондорду өнүктүрүүгө болгон мамилени системалуу өзгөртүү жана мамлекет менен коомдун күч-аракетин бириктирүү максатында төмөнкүдөй токтом кылынды:
1) 2018-жылдын 15-февралына чейин Региондорду өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жана иш-чаралардын тиешелүү планын бекитүү;
2) 2018-жылдын 15-апрелине чейин региондорду өнүктүрүүнүн учурдагы программаларынын ишке ашырылышын талдап чыгып, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча чараларды кароо:
- өсүүнүн таяныч борборлору принциби боюнча пилоттук шаарларды жана региондорду өнүктүрүүгө басым жасоо менен региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүдө кошумча жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берүүчү кластердик мамилени пайдалануу;
- региондордо чакан, орто ишкердикти колдоо үчүн шарттарды түзүү, инвестицияларды тартуу, региондорду экономикалык өнүктүрүүгө жана жумуш орундарын түзүүгө багытталган долбоорлорду каржылоо боюнча финансылык институттардын жана фонддордун ишин активдештирүү;
- региондорду адистештирүүнү бекемдөөгө, алардын атаандаштык артыкчылыктарын күчөтүүгө, региондо өндүрүлгөн продукцияларды экспорттоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлорду кубаттоо;
- 2017–2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында ирригациялык тармактын натыйжалуулугун жогорулатуу жана модернизациялоо;
- 2023-жылга карата ар бир айылды таза суу менен камсыз кылуу;
- транспорттук кызмат көрсөтүү системасын жакшыртуу, жергиликтүү маанидеги автожолдорду реконструкциялоо жана оңдоо;
- санарип инфраструктурасын өнүктүрүү аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана сапатын жакшыртуу;
- саламаттык сактоо мекемелерин өнүктүрүү, региондордо сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү, ошондой эле 2024-жылга бардык облустук бириккен ооруканаларды реконструкциялоо жана кайра жабдуу;
- билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттыруу, билим берүү мекемелерин, анын ичинде мектепке чейинки жана кесиптик-техникалык мекемелерди куруу жана реконструкциялоо;
- ар бир облуста, айылдарда жана кичи шаарларда заманбап маданий, бош убакытты өткөрүүчү, спорттук борборлорду түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу;
- чек арага жакын аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу жана инфраструктурасын өнүктүрүү;
3) 2018-жылдын 1-ноябрына чейин калктуу конуштарды жана башка аймактык бирдиктерди пландаштыруунун, ошондой эле алардын инфраструктурасын өнүктүрүүнүн типтүү стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жана жарандык коом институттары менен бирге эл аралык донорлор жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен региондук өнүктүрүү долбоорлоруна гранттык, техникалык жана кредиттик колдоого артыкчылык берүү маселесин иштеп чыгуу;
5) жарандык коомдун өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар менен бирге Региондорду өнүктүрүү жылынын идеяларын, анын иш-чараларын жайылтуу боюнча натыйжалуу маалыматтык ишти камсыз кылуу.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте 2018-жылдын 1-февралына чейин төмөнкүлөр боюнча сунуштарды киргизсин:
1) тиешелүү аймактарды өнүктүрүү, кадрдык дайындоолор жана мамлекеттик бюджеттик каражаттарды колдонууну контролдоо маселелерин кошо алуу менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү жамааттардын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү максатында Мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун курамы тууралуу;
2) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен жыл сайын республикалык кеңешмелерди өткөрүү тууралуу.
- Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
- Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.