• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

ЖЭБге байланышы бар мурдагы премьер-министрлердин баары жооп берет

tets

👁 835

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо жана андагы авариялык кырдаалды иликтеген Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы экс премьер-министрлердин бул иштерге тиешеси бар-жогун карап, баа берет. Бул тууралуу ушул комиссиянын мүчөсү, депутат Исхак Масалиев билдирди.

Анын айтымында, ЖЭБди модернизациялоо боюнча сүйлөшүүлөр Алмазбек Атамбаев премьер-министр кезинде башталган. Кийин өкмөт башына Өмүрбек Бабанов келгенде уланып, Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчы болгондо келишим бекитилген.

Жоомарт Оторбаев өкмөттү жетектеп жатканда ЖЭБди оңдоо башталып, ал иш Темир Сариевдин тушунда да улантылган. Соңунда модернизацияланган борбордун ачылышын мурдагы премьер, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жасаган.

- Демек бул ишке булардын ар бирөөсүнүн кандайдыр бир деңгээлде тиешеси бар. Биз комиссиянын жыйынтыгында «анын кимиси күнөөлүү, күнөөлүү эмес» деп баа бере албайбыз, аларга укуктук бааны тиешелүү коргоо кызматкерлери берет. Биз болгону саясий баа беребиз. «Кылган иш-аракеттер ийгиликтүү, толук болгон эмес, айтылган максаттарга жеткен жокпуз» дегендей бүтүмдү айтабыз, — деди Исхак Масалиев.

Баштапкы маалыматтарга караганда депкомиссия жыйынтыгын май айында чыгарганы турат.

Депутаттык комиссия буга чейин ЖЭБди модернизациялоо иштери боюнча мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен суроо-жооп өткөргөн. Бул ортодо мурдагы премьер-министр Сапар Исаков да кечээ Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары 26-апрелде УКМКга сурак берип чыкты.

Быйыл кыш чилдеде Жылуулук электр борбору аварияга кабылып, абоненттерге бир жумадай жылуулук берилбей калган.

Бул кырдаал жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук электр борборуна карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Кийинчерээк кылмыш иши козголуп, бир канча аткаминер камалган.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости