Авариялык кырдаалдын себебин иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрү ЖЭБди оңдоо үчүн насыяга алынган ири суммадагы каражаттын кайда сарпталганына өзгөчө көңүл бурду.
Ал ортодо ушул эле ЖЭБдеги авариянын келип чыгышын иликтеген мекемелер аралык комиссиянын алдын-ала корутундусу жарыяланды.
Тыянакка ылайык, кырсыкка жооптуу кызматкерлердин техникалык эрежелерди одоно бузгандыгы себеп болгондугу жүйө келтирилген. Күнөөлүү болуп жаткан кызматкерлер арасында “Электр станциялары” акционердик коомунун жооптуу кызматкерлери бар. Бул мекеме дал ушул ЖЭБге баш ийет. ЖЭБдин ыкчам кызматкери жетекчилик менен макулдашпай суу кампалардагы химиялык тузсуздандырылган суунун өлчөмүн кескин түрдө азайтып жиберген. Натыйжада жылуулук берүүчү негизги жабдуулардын иштен чыгышын шарттаган. Бул өз кезегинде авариялык абалдын курчушуна алып келген. ЖЭБдеги абалдын ары татаалданышына тышкы импульстук түтүктөрдүн, контролдук-өлчөгүч аспаптардын жана ар бир өчүрүлгөн казан агрегатындагы автоматиканын тоңуусу себеп болгон. Казандардын тоңусуунун алдын алуу үчүн алардан суу төгүлгөн. Ал эми импульстук түтүктөрдө жана казандар менен байланыштыруучу түтүктөрдө калган суулар тоңуп калган. Казан агрегаттарын ишке киргизүүгө көп убакыт талап кылынган.
Депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов калаа тургундарын кыш чилдеде жылуулуксуз калтырган Бишкек ЖЭБинин жетекчилиги менен тиешелүү кызматкерлердин иш билги эмес мамилеси себеп болгонун белгиледи. Ошондой эле эл өкүлү депутаттык комиссиянын мойнунда ЖЭБди оңдоого кеткен чоң суммадагы каражаттын кандай максатта жумшалгандыгын тыкыр иликтөө милдети турганын эскертти.
Депутаттык комиссиянын көчмө жыйынында аварияга жол берген себеп катары суу кампалардагы химиялык туздан арылтылган суунун өлчөмү кескин түрдө азайтылгандыктан, жабдуулар иштен чыккандыгы айтылды. Бул тыянак биринчи вице премьер-министр Аскарбек Шадиев башында турган мекемелер аралык комиссиянын да чыгарган тыянагында белгиленген.
Ушул айдын башында Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында аткаруу бийлиги Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча маалымат берип, анын жыйынтыгы менен курамына 12 эл өкүлү кирген депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссия көчмө жыйындан соң, кырдаалды талкуулоо үчүн жыйынга чогулду. Алар ушуну менен үчүнчү ирет жыйын курду.
Депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев ЖЭБди модерназациялоо боюнча макулдашуу 2013-жылы парламент депутаттары тарабынан ратификацияланганы менен, бир жылдан кийин гана долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси бекитилгенин жар салды.
Деген менен депутаттын бул суроосуна жооп ачык бойдон калды.
Депутаттык комиссиянын дагы бир мүчөсү, депутат Мыктыбек Абдылдаев суракты катардагы кызматкерден эмес, өкмөттөн алуу керектиги тууралуу маселени ортого салды.
Эл өкүлү өкмөт, ЖЭБ жетекчилиги, калаа бийлигин суракка алуу максаттуу экенин айтып, ошондо гана туура болорун билдирди.
Ал ортодо Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунун директору Нурлан Өмүркул уулу, кийинчерээк “Электр станциялары» ишканасынын башкы директорунун орун басары Бердибек Боркоев кызматтан алынган.
Назгүл Бостонбаева