20-февралда Жогорку Кеӊеште 2018-жылдын 26-январында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана 2014-жылы Бишкек ЖЭБин реабилитациялоо үчүн алынган 386 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү алынган насыяны сарамжалдуу пайдаланылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болду. Жыйынга комиссия мүчөлөрүнөн тышкары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышты.
Жыйын жүрүшүндө КР каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун маалыматы угулду. Андан соң комиссия мүчөлөрү КР Өкмөтүнүн өкүлдөрүнө жанатиешелүү мекемелердин жетекчилерине бир катар суроолорду беришти.
Депутат Алмазбек Токторов ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн насыялык макулдашуунун шарттарына, насыянын канча үстөк пайыз көлөмүндө берилгендигине жана “Электр станциялары” ААКсы менен ТВЕА компаниясынын ортосунда кол коюлган макулдашуунун алкагында каралган 20 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү грант тууралуу маселелерге кызыкты.
“Электр станциялары” ААКсынын директору Узак Кыдырбаев насыянын шарттарына ылайык кыргыз тарапка жылдык 2 пайыз менен 386 млн АКШ доллары бөлүнгөн. Үстөк пайыздын суммасы 94 млн АКШ долларын түзгөн. “Жалпы жонунан насыяны кайтаруунун жалпы суммасы 480 млн АКШ доллар”,- дейт ал депутаттардын суроосуна жооп берип жатып.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 2018-жылдын 2-февралындагы жыйынында Өкмөттүн Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чугуу себептери жана анын кесепеттерин жоюу жаатында маалыматы угулуп, анын жыйынтыгында депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына 12 депутат кирген: Улан Примов (комиссиянын төрагасы), Данияр Аттокуров, Аалы Карашев, Аида Касымалиева (КСДП фракциясынан), Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов («Республика — Ата Журт» фракциясынан), Умбеталы Кыдыралиев, Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов («Кыргызстан» фракциясынан), Исхак Масалиев («Өнүгүү — Прогресс» фракциясынан), Мыктыбек Абдылдаев («Бир Бол» фракциясынан), Сайдулла Нышанов («Ата Мекен» фракциясынан).