Акыркы күндөрү үйлөрдөгү жылуулук маанилүү маселелердин бири болуп калды. Өзгөчө суук күндө жылуулукка зар болгон батир тургундарына кыйын болду. Көз карандысыздык алгандан бери кыргызстандыктар электр энергиясын жылынуу үчүн коротуп келгени бул факт.
Имараттардагы жылуулукту сактоо – бул калк арасында маанилүү маселеге айланды, жарандар үй-бүлөлүк бюджетинин көп бөлүгүн эле үйлөрүн жылытууга коротуп жатканы да жашыруун эмес. Турак-жайлар жылууланса мамлекет 1 млрд квт саат электр энергиясын үнөмдөмөк. Мындай маалыматты «Энергияны үнөмдөө, энергоэффективдүүлүк жана экология» лабораториясы берди.
“Кыргызстандыктарды жылуу кыш сактап келүүдө. Кайсыл үйгө кирбе баары суукка наалат айтып, пенсиясын, айлыгын жалаң эле жылынууга кетирип жатышканын айтышат. Биздин кварталда 296 үй бар, бул 1,5 миң жашоочу”,-дейт Бишкек шаарынын Свердлов районунун № 51-кварталынын башчысы Рамзия Водопьянова.
Учурда суук –20*С ашып, шаардыктар үйлөрүн жакшы жылуулабагандыктан тоңуп жатышканы чындык.
Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин маалыматына ылайык, борбордо жалпы 2412 көп кабаттуу үйлөр бар. Алардын көпчүлүгү 20-кылымдын 60–70-жылдары салынган. Совет доорунда бул үйлөрдө жылытуу системасын алмаштыруу боюнча иштер жүрүп турса, акыркы 20 жылда жашоочулар өз батирлерин өздөрү оңдоп келишет. Ал эми жалпы менчикке кирген подъезддер, чатырлар, терезелер, подъезддеги жылытуучу системалардын абалы мышык ыйлагыдай! Лифттерди, чатырларды, жылытуучу системаларды тезинен оңдоо зарыл, себеби дал ушундай жол менен гана батирлердеги жылуулукту сактаса болот!
Экологиялык коопсуздук боюнча эл аралык академиянын академиги Елена Родинанын айтымында, Кыргызстанда электр энергиянын 37%ын мекемелер, үйлөр, административдик жана коммерциялык жайлар колдонот.
Атайын адистер борбордо изилдөө жүргүзүлгөн. Учурда шаарда 1 300 000 кв.м административдик мекемелер бар, коомдук мекемелер — 1 200 000кв.м, турак-жайлар 12 500 000кв.м. Башкача айтканда, шаардагы имараттардын жалпы аянты 15 млн кв.м. Алардын электр энергиясын колдонуусу орточо эсеп менен жылына квадрат метрине 200квт. саат. Ал эми административдик жана коомдук имараттардын электр энергиясын колдонуусу жылына аз дегенде 200 млн.квт. саат, турак-жайларды кошкондо жылына жалпы 1200 млн.квт. саат.
“Кыргызстандын өкмөтү жаңы энергетика булактарын курууга көп каражат жумшоодо, бирок маселени чечүүнүн башка жолу дагы бар – электр энергиясынын тартыштыгын жоюу. Кыргызстандыктар энерго эффективдүүлүк тууралуу түшүнүп, өздөрүнө жоопкерчилик алганда жана үйлөрүн жылуулаганда гана электр энергиясын колдонуу азаят”,-деди «Энергияны үнөмдөө, энергоэффективдүүлүк жана экология» лабораториясынын бөлүм башчысы Касымова Гүлсара Токтокуновна.
Учурда имараттардын абалы кандай? Бул суроого жооп алуу үчүн эксперттер жылуулук өлчөгүчтүн жардамы менен шаардагы имараттарды текшерип көрүшкөн. Натыйжа көнүл жылытарлык болгон эмес.
“4-кичи райондогу капиталдык оңдоодон өткөн бир батирде гана температура 24*С болгон, калган батирлерде эң жогорку көрсөткүч 16С! Жаңы курулуп жаткан элиталык батирлер жылуу деп айтуу жаңылыштык. Себеби ал үйлөрдө көп учурда сапатсыз айнектерди коюшат жана чатырларын дээрлик жылуулашпайт . Андан жылуулук чыгып кетип жатат. Жер үйлөрдө деле абал ушундай! Бизди үйдүн ичине киргизишкен жок, бирок биз ушундай үйлөрдүн короосунда туруп эле тоңуп кеттик. Сыртта –19*С суук турган. Ал эми дубалдын ичинеги жылуулук болгону 7*С. болуп чыкты. Ал үйлөрдү жылытуу үчүн канча көмүр жагыш керек дагы, канча электр жылыткычтарын коюш керек?!”,-деп билдиришти изилдөө жүргүзгөн топтун мүчөлөрү.
Ушундан улам, мындай үйлөрдүн ээлери тартуучу топторду атүгүл текшерүүчүлөрдү өздөрүнүн бийик дубалдарынын ичине киргизе беришпейт. Бул “хансарайлардын” ээлери үйдү жылытуу үчүн жумшалган электр энергиясына көп учурда төлөшпөйт. Бирок бул шаардык бюджетке жүк келтирип жатпайбы!
“Кыргызстанда электр энергия акысын өз убагында төлөө боюнча акниет төлөөчүлөр болуп пенсионерлер жана карапайым калк саналат. Алар пенсиясын жана айлыгын алар замат, почтада кезекке турушуп, төлөмдөрдүн тууму өсүп кетпеши үчүн өз учурунда төлөгөнгө шашышат. Ал эми хансарайлардын электр энергиясына болгон карыздары көптөгөн нөлдөрдү түзгөн сумманы чапчыйт. Анысы аз келгенсип аларга төлө десең керсейип турушат”,-деди текшерүүчү Айбек Асыкбаев.
Бир сөз менен айтканда казынанын акчасы курулган үйлөрдүн эшик-тешиги аркылуу агып кетүүдө. Коомдук имараттардагы абал деле дал ушундай. Бул мекемелердин “жыртык-тешигинен” жылуулук чыгып кетүүдө. Ал эми имараттын ичинде жасалган косметикалык оңдоо адамдарды жылытып жибере албайт: имараттын ичи жылуулук кармабайт. Ушундан улам мектептерде окуучулар тез-тез ооруп калышууда. Бала бакчалар дагы жылыбай, балдар дайыма суукка урунуп турат. “Эң мыкты” делген жана катардагы бала бакчаларда деле ушундай эле көрүнүш.
Мисалга, баардык жылуулукту сактоо технологиясы менен курулган Ош шаарындагы №52-орто мектепти алалы. Анда жылуулукту сактоонун эсебинен, башка мектептерге салыштырмалуу электр энергиясы 700 квт/саатка аз чыгымдалат. Мектептин дубалдары жука болгону менен куруу учурунда энерго эффективдүү 10 сантиметрлик базальт плитасы колдонулган. Ошентип, мектеп жылуулукту сактоонун эсебинен кышында 1 млн сомду үнөмдөп калды. Көрүнүп тургандай жыйынтык бирөө эле: курулуш иштерин жаңы жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу менен жүргүзүү керек.
Архитектура, курулуш жана турак-жай чарбачылыгы боюнча мамлекеттик агенттиги ушундай эле пикирде. Архитекторлор жана куруучулар бүгүнкү күнү жарандарга эгерде алар чет элдик баасы кымбат курулуш материалдарын сатып ала алышпаса жылуулукту сактоочу материалдары колдонууну үйрөтүү керектигин айтып келишет. Мисалы, Чарк айылында үй кожоюну үйүн камыш менен жылуулаган. Ошондой эле жыгачтын таарындысы менен жылуулаган учурлар да бар. Айтмакчы, мындай материалдар өнүккөн өлкөлөрдө деле колдонулат.
Жылууланбаган имарат жылуулукту 3 себептен улам жоготот: жылуулуктун үчтөн бир бөлүгүн дубалдар, чатыр жана жер төлө кармабаса, дагы бир бөлүгү терезе аркылуу чыкса, калган жылуулук имаратты желдеткенде чыгып кетет. “Аларды жылууласа болот. Бирок бул ишти адистерге тапшырган жакшы. Алар адегенде энергетикалык иликтөө жүргүзүп жарандар кандай себептен улам жылуулукту жоготуп жатышканын аныктап беришет. Андан соң баардык жылуулукту сактоо чараларын карап көрүп, анын жыйынтыгында коюлган жылуулукту сактоо жабдуулары өзүн-өзү актагандай болушу керектиги боюнча энергоаудит жүргүзүлөт”,-деди Наталья Богатова.
“Курулуш-физикалык жактан алганда, жылуулагандан кийин бетон дубалдары жана бириктирилген жерлер шамал кирбегендей, жаан жана суук өтпөгөндөй болушу керек. Ошондо дубалдар кыштын күнү дагы жылуулукту жакшы сактайт. Жылуулукту сактоо бурчтагы жана четтеги батирлер үчүн өзгөчө маанилүү. Жылуулангандан кийин суук мындай батирлердин сырткы катмарынан өтө албайт жана андагы температура сырткы дубалдын көгөрүп кетишине жол бербейт” ‚-деди Кыргызстандагы «KIRSEFF» долбоорунун адистери.
Ата мекендик жана чет элдик адистер имараттарды жана курулуштарды жылытуунун көптөгөн комплекстүү системасын иштеп чыгышкан. Аныгында эле салынган үйлөр кооз жана көркөмдүү болуп, адамдар сыймыктанып жашагандай болушу керек да. Ошол эле учурда — жылуулукту сактоо үй-бүлөлүк бюджетке жана мамлекеттин экономикасына чоң салым кошуу экенин эстен чыгарбоо керек.
Ал эми шаардыктар жылуулук менен камсыздоону өздөрү чечиши керек. ЖЭБдеги бузулуу жакында оңдолбойт. Ал эми сыртта кычыраган кыш!