— «Жылуулук берүүчү борборунда авария болду» деген маалымат чыккандан тартып эле текшерүү иштери башталды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул контртеррористтик иш чаралардын алкагында өтүүдө. Ал качан жыйынтыкталса ошондо кенен маалымат беребиз», — деди Сулайманов.
Бирок УКМКнын басма сөз өкүлү эмне болгон контртеррористтик иликтөө экенин кенен айтып берген жок.
Башта «жылуулук борборунда диверсия, атайын жардыруу болду»,- деген маалыматтар тараган. Бирок 27-январда маалымат жыйынында Бишкек жылуулук борбордун директору Нурлан Өмүркул уулу аталган маалыматты төгүнгө чыгарган.