• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

ЖЭБ: ТВЕА берген карызды суроо бар, сурагы жок

11

👁 1,961

Бишкек жылуулук электр борборундагы өндүрүштүк кырсыкты иликтеген убактылуу депутаттык комиссия күн мурун бешинчи ирет жыйынга чогулду. Коомчулукту ызы-чууга салган видео байкоо камераларынын эмне үчүн кымбат алынгандыгы тууралуу суроо ачык бойдон калды. Анткени, түзүлгөн келишимге ылайык, каражат берген кытай тарап маалымат бербестиги айкын болду.

Депутаттык комиссия авариялык абалдын жагдайларын, ТВЕАдан бөлүнгөн акча каражатынын сарпталышы тууралуу тиешелүү жетекчилерден жоопторду укту.

Акыркы учурда ЖЭБ үчүн алынган видео байкоо камераларын, айрым тетиктер (кычкач) өтө эле кымбат алынганы коомчулуктун катуу сынына кабылды. Ал тургай жылуулук борборундагы авария бул талкуунун фонунда да калып кеткенсиди. Толук оңдоодон өтүп, жыл айланбай кыш чилдеде тургундарды жылуулуксуз калтырган ЖЭБ үчүн Кытай тарап берген каражат максатсыз пайдаланылгандыгы байма-бай айтылууда.

Буга чейин интернет айдыңында ЖЭБ үчүн алынган видеокамералардын ар биринин наркы 14 миң 500 доллар, бир кычкачтын баасы 600 доллардан деген маалымат тараган.

Бирок бул маалыматты “Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясы четке кагып, алынган ар бир камеранын баасы 300 доллардан айланарын билдирген. Видеокамералар менен бирге программалык камсыздоону орнотуу, кабелдик байланыш, серверлерди жайгаштыруу, монтаждоо иштери, ошондой эле дагы атайын эки камераны орнотууга жалпы 1 млн. 739 миң 503 доллар каралганын белгиледи.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү, “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамагулов 128 даана камера алуунун зарылчылыгы бар беле? деген суроону тиешелүү жетекчилерге узатты.

“Кыргызстандагы “Манас” аба майданы, Кумтөр ишканасындагы эң мыкты камералар да жогоруда сөз болуп жаткан баага алынган эместиги белгилүү болду. Бул камералар он метр алыстыкты даана көрсөтөт. Силер 128 камера менен Бишкекти карап турасыңарбы? “Эл аралык деңгээлдеги” деп силер мактап жаткан камералар Кытайдын белгисиз фирмасыныкы экен. Интернет булактарынан карасаң сапаты жогору, мыкты камералардын баасы 10 миң доллардан ашпайт. Мына былтыркы Фергана жылуулук борборун жапондор жаңылаптыр. Саатына 560 млн. кВт электр энергиясын чыгарат. Борбор болгону 132 млн. долларга эле курулган”,-деди эл өкүлү.

Буга байланыштуу Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Биримкулов алынган камералар канча турары, канчага коюлганын кыргыз тарап айта албастыгын билдирди.

“Электр станциялары” ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаровдун айтымында, видео камералар башка өлкөлөргө салыштырганда алда канча арзан баага алынган.

“Биз Америка, Европа, КМШ мамлекеттериндеги баалар менен салыштырдык. Бул орточо баадан төмөн. Өтө төмөн деп айтууга болбойт. Бирок башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан”,-деди Назаров.

Депутаттык комиссиянын дагы бир мүчөсү Аида Касымалиева Кытай компаниясы берген акчанын кандай максатта сарпталганын тактоо мүмкүн эмес экенин билдирди.

“Кытайдын ТВЕА компаниясынын Бишкек ЖЭБин модернизациялоого бөлгөн акчасы кайда, эмнеге, кантип сарпталганы тууралуу маалымат алууга мүмкүн эмес, анткени келишим ошондой түзүлгөн. Буга чейин камералардын баасы эмнеге кымбат деген суроого жооп болууда. Кытай тарап маалымат бербейт, анткени келишим ошондой түзүлгөн. Ошол келишим түзүлүп жаткан кыргыз тарап кимдин кызыкчылыгын ойлоду? деген суроо туулат”,-деди эл өкүлү Касымалиева.

Бишкек ЖЭБинин мурдагы жетекчиси, учурда Жалал-Абад шаарынын мэри болуп иштеп жаткан Салайдин Авазов Салайдин жылуулук борбору башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан баага курулган деди.

“Буга чейин айтылып келген Тажикстандагы ТЭЦ менен салыштырып болбойт. Ал жакта бир кВтка 1400–2000 долларга чейин ал жакта кымбат. Россияда мындан да жогору. Негизи ЖЭБ убагында оңдолду, эгерде жаңыланбаса, мындан да оор кырдаал жаралмак. Биздеги баа орточо баалардан дагы арзан”,-деди Авазов.

Депутат Исхак Масалиев ЖЭБдеги авариянын келип чыгуу себептери боюнча үч жетекчинин (Бишкек ЖЭБдин директору Андрей Воропаев, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Биримкулов, «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев) маалыматтары бири-бирине дал келбей жатканын айтып чыкты.

Эл өкүлү Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Биримкуловго кайрылып, “Сиз берген маалыматта суу жетиштүү болгон деп жүрөт. Эгерде суу жетиштүү болсо, эмне үчүн буу казандар токтоп калды? деп суроо узатты.

Бул боюнча Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоорун башкаруу тобунун аткаруучу директору Темирлан Биримкулов химиялык цехти куруу чечими өткөн жылдын июль айында кабыл алынып, ал үчүн 4 млн. доллардан ашык каражат каралганын маалымдады. Анын белгилешинче учурда химиялык цех курула турган орун такталып, жабдуулары келүүдө. Курулуш ушул жылы июль айында аяктоого тийиш.

Депутат Алмазбек Токторов акыркы 10 жыл аралыгында Бишкек ЖЭБиндеги оӊдоо иштерине тартылган компаниялардын баарын текшерүү зарыл деген сунушун берди.

“Бишкек Жылуулук-электр борборундагы оӊдоо иштерине жарыяланган тендерлерге байланыштуу «Электр станциялары» ишканасынын бир топ жетекчилери камакка алынды. Ошондуктан, акыркы 10 жыл аралыгында Бишкек ЖЭБиндеги оӊдоо иштерине тартылган компаниялардын баарын ачыкка чыгарып, жасаган ишин текшерүү зарыл.

Ошондой эле Бишкек ЖЭБинин мештерин жергиликтүү көмүрдү жагууга ылайыкташтыруу максатында, Кара-Кече көмүрү боюнча иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздеме азыркы күнгө чейин кабыл алына электиги белгилүү болду. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин өкүлүнүн айтымында, техникалык-экономикалык негиздеменин долбоорун бир катар кемчиликтер болгондуктан, кытайдын ТВЕА компаниясына кайра иштеп чыгуу үчүн кайтарылып берилген. Дал ушул ЖЭБден чыккан кара түтүн Бишкек шаарынын абасын булгап жатканы да коомчулуктун сынына кабылган.

Эскерте кетсек, 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, беш күн бою жылуулук керектөөчүлөр суукта калышкан. Аталган борбор жарым жыл мурда кытай тарап берген каражатка модернизацияланган. Келишимге ылайык, ЖЭБди жаңылоого 386 млн. доллар каражат сарпталган. Бул сумма Кытайдын Кыргызстанга берген карызы болуп эсептелет. Расмий маалыматтар боюнча карызга алынган жалпы сумманын 10 млн. доллары өткөн жылы төлөнгөн. Быйылкы жылы да эки транш менен кайсы бир бөлүгү төлөнүүгө тийиш. Болуп өткөн кырдаалга байланыштуу 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чугуу себептери жана анын кесепеттерин жоюу жаатында маалыматы угулуп, анын жыйынтыгы менен убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына 12 депутат кирген. Комиссиянын иштөө мөөнөтү 1-апрелге чейин узартылган.

Назгүл Бостонбаева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости