Аталган токтомдун негизги максаты республика боюнча үрөнчүлүк чарбаларды колдоо, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жогорку сапаттуу сертификацияланган үрөн жана көчөт материалдары менен камсыз кылуу.
Мындан сырткары кол коюлган токтомдун негизинде үрөнчүлүк чарбаларын жүргүзүү үчүн жерлер кезексиз берилип, ижара мөөнөтү 20 жылга чейин узартылат. Муну менен өкмөт республикалык бюджетти түзүүдө мамлекеттик дотация төлөө системасын киргизүүнү караган ченемдик укуктук акт бекитилгенден кийин республиканын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация төлөөгө каражат караштырат.
Бул жерлерди сата албайсың, аны банктар дагы, микрокредиттик компаниялар дагы күрөөгө албайт, жалпылап айтканда бул жерлерди алуу пайдасыз. Көпчүлүк айыл өкмөттөрү жашоочуларга мындай жерлерди ижарага берүүнү сунуштап келүүдө, себеби ага тиешелүү деңгээлде кам көрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан өкмөттүн жергиликтүү бийликтерге сунуштаган жерлерди ижарага берүү сунушу – пайдасыз белек десек болот.
Белгилүү болгондой, үрөнчүлүк чарбаларга мамлекеттик дотация берүүдөгү жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2018–2022-жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө мамлекеттик дотация төлөө системасын киргизүүнү караган ченемдик укуктук акт бекитилгенден кийин республиканын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация төлөөгө каражат караштырат.
Башкача айтканда, дотацияларды күтүп жаткан фермалардын тизмеси бар. Бирок маселе Финансы министрлиги аркылуу бир жылда эле чечиле калбагандыктан бул механизмдин иштешине күмөн бар. Бир нече пилоттук долбоорлор ишке кирип, фермерлерге жардам берүү боюнча долбоорлор унутта калат окшойт.
Ошондой эле өкмөт Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашып, 2018–2019-жылдарга тамчылатып сугаруу системасын колдонуу менен мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалын, анын ичинде ыңгайсыз жана пайдаланылбай жаткан жерлерде өстүрүү максатында мөмө питомнигин түзүү боюнча иш-чаралар планын даярдашы керектиги тууралуу тапшырма берди.
Балким бул тармакта Айыл-чарба министрлиги дыйкандарга реалдуу жардам көрсөтө алат, себеби тамчылатып сугаруу системасын киргизүүнү каалагандар көп. Дыйкандар көптөн бери эл аралык долбоорлордун алкагында мындай сугарууну ишке киргизип жатышкан.
Мындай мисалдардын бири.
2014-жылы Ысык-Көл облусунун түштүгүндө Кызыл-Суу айылынын жанындагы дыйкан Чыныбек Абдыкеримовго чакан гранттар боюнча программасынын алкагында Глобалдык экономикалык фонд жана “Кумтөр” каржылык, техникалык жана технологиялык жардам көрсөтүшкөн. Буга чейин ал ар кайсы мамлекеттик инстанцияларга кайрылып, тамчылатып сугаруу боюнча технология алууга көмөктөшүүнү суранып келген. Себеп – жээктеги кайрак жер. Ал эми жашылча жемиштерди өстүрүү каалоо күч болгон.
Аянты 32 гектар болгон жер мурун бош турчу. Жада калса жергиликтүү агрономдор жана коңшулар бул жерде бир нерсе өстүрсө болоруна ишенбей келишкен. Бирок Израилдин жана башка өлкөлөрдүн мисалы Чыныбекке тынчтык бербей келген. “Эгерде чөлдө бакчаларды өстүрүп жатышса эмнеге мындай бейишти көлдүн жанында кылганга болбосун? Бул жерде жер алдындагы суулар бир чакырым тереңдикте эле да”.
Айтылган иш жасалды. Азыр бакчада болжол менен 10 миң көчөттөр бар, алманын 5 сорту. Кыргызстандын ЕАЭБге кириши менен коңшу өлкөгө экспорттоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Буга чейин дагы алмаларды жиберип турушкан. Бирок азыр көп жылдарга өнөктөш болуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Суу 400 тонналык бетон сактагычка келет. Ал “кумтөр” берген контейнерлерди сатуудан түшкөн акчага салынган. ГЭФ жабдууларды жана материалдарды сатып алуу үчүн болсо 22 миң доллар бөлүп берген.
Бул жакшы тажрыйба биздин дыйкандардын эмгекчил экенине кабар берет жана жаңы технологиялар дыйкандар тарабынан жакшы кабыл алынып келет. Алар акчаны санаганды билишет. Эң башкысы аларга эч ким тоскоол болбошу керек.
Ал эми Айыл-чарба министрлиги сыяктуу мамлекеттин ролу – бул тажрыйбаны алдыга жылдырып, аларга болгон оюу жамандардан сактоо.
Өкмөттүн дыйкандарды колдоосу тууралуу жаңы токтом чыкты. Эми башка долбоорлор дагы ишке ашат деп күтүп туралы.