Алар кышында кыштоого түшү, жазында жаздоого барып, жайында жайлоого, күзүндө күздөөгө чыгып орун алмаштырып көчмөн жашоосун улантып келишкен. Кыштоо үчүн тоо арасы тандалып алынып, мал жандар кар бороонунан сактанышчу. Ал эми күздөө менен жаздоо кыштоолорго жакын жайгашчу. Жайлоо болсо тээ бийик тоолуу аскаларга жакындап, аска тоолорунун арасындагы талааларда орун алчу.
Азыр жайыттар атайын түзүлгөн комитеттерге берилген. Анын курамына райондук администрациянын өкүлдөрү киришет. Азыр чабандар жайыттын гектарына төлөбөйт, малдын башына жараша акча төлөйт. Ал эми анын баасы жергиликтүү кеңештер чечишет. Ал эми киреше жайыт комитетине жана айыл өкмөтүнө түшөт.
АРИС эскперти Алмаз Жолдошбеков билдиргендей, 2017-жылы жайыт колдонуучулар жана айыл өкмөт кызматкерлери үчүн атайын фокус-топтор түзүлүп, анын катышуучулары жайыттарды пайдалануу боюнча мониторинг жүргүзүүнү үйрөнүшү, чакан долбоорлорду жазууну жана иштеп чыгууну окушкан. Катышуучулардын баары жайыттарды башкарууда техника керек экенин түшүнүшкөн.
Жайыл районунун Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Адеков СССР маалынан бери айыл өкмөтүндө атайын техника жаңыланбаганын жана бара-бара ал техника жарактан чыкканын билдирди. “Биздин айылда 5345 адам жашайт жана 9300 га жайыт бар. Дренаждык системаны бат-баттан тазалап туруу керек. Тоют өстүрүүгө дагы техника керек. Мисалы, Суусамырда малды айдап өтүүчү жолдун 8 чакырымын камыштан тазалоо керек, ошондой эле айрым саздак жерлерди дагы кургатуу зарыл. Грейдердин ижарасы 1 саатына 1000 сом, эксковатордун баасы 1500 сом болуп жатканда акчаны кайдан алабыз? ”
Ысык-Ата районунун Красная речка айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Нурбек Жыргалбаев малды жайытка айдап баруу үчүн жолдорду түздөө керектигин, кардан тазалоо зарылдыгын билдирди. Техника жок болгондуктан 1–1,5 ай кар кетишин күтүп калышат.
Айыл-чарба маселелери боюнча адис Таалай Кошматовдун айтымында, айылдыктардын жашоосун жакшыртууда атайын техника маанилүү роль ойнойт. Ал үчүн аны туура колдонуу кажет, ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаңы техниканы колу билген адистерге берүүсү керек.
Ал эми президенттик аппараттын Мамлекеттик жана аймактык башкаруу, кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы Турдуназир Бекбоев бул иш-чара президент Сооронбай Жээнбеков жарыялаган региондорду өнүктүрүү жылында жакшы башталыш экенин билдирди.