2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы жайыт пайдалануу үчүн чогулган каражат алты миллион сомго көбүрөөк же 127 млн сомду түздү. Бул туралуу Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директору Урматбек Мырзакматов билдирди.
Чогултулган каражаттын ичинен жайыт инфраструктуралары жакшыртылды: 2,5 миң километрден ашык жолдор, 235 көпүрөлөр оңдолгон.
Жайыттардын жакшыртуусу 2009-жылы “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын ишке кириши жана реформанын өтүшү менен белгиленет. Жайыт тармагында болуп жаткан өзгөрүүлөргө Айыл чарба, тамaк-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде ишке ашырылган “Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү” долбоору жана учурда иштеп жаткан “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – 1, — 2”, “Жайыттарды жана мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу” долбоорлору себепкер.
У. Мырзакматовдун айтымында, жайыттар кыргыз элинин баа жеткис байлыгы болуп саналгандыктан жайыт жерлерин пайдаланууда рационалдуу колдонуу ар бир Жайыт комитетинин башкы максатына айланыш керек.
“Бир гана Жайыт комитеттери эмес ар бир жайыт пайдалануучу жайытка аяр мамиле кылуу менен өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна салым кошот”, — деп белгилейт департаменттин башчысы.