• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жайында бензинге болгон баа жогорулашы мүмкүн

1025873918

👁 1,633

Бензинге болгон дүң баа 2012-жылдагы рекорддук көрсөткүчкө жетип калды. Россиялык трейдерлер майдын тартыштыгы бар экенин жана чекене сатууда 5 рублга чейин жогорулашы ыктымалдыгын белгилешүүдө.

Сомго которсок жайында баалар литрине 6 сомго жогорулашы мүмкүн. Эгерде Россияда тартыштык болуп жатса, демек бул Кыргызстандагы бааларга дагы таасир берет.

Баалардын жогорку көрсөткүчү

“Санкт-Петербургдагы эл аралык товар-сырьелук биржадагы дүн баалар 28-мартта максималдуу көрсөткүчкө жетти”,-деп жазылат “Товардык рыноктор кеңеши” коммерциялык эмес өнөктөштүк (СПТР – Россияда нефтеөнүмдөр менен соода кылган көз карандысыз трейдерлерди бириктирип турат) тараткан маалыматта.

Москвада АИ-92 маркасындагы баа 1 тоннасына 45,39 миң рублду түзсө, АИ-95 — –47,216 миң руб. Марттын башынан тарта АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы 7,84%, ал эми жыл башынан бери 8,84% жогорулаган. АИ-95 9,53 жана 11,96% көтөрүлгөн.

“СПТР күйүүчү май рыногундагы ири оюнчулардын саясатына кабатырлануусун билдирди, себеби алар атайылап эле биржа рыногунда күйүүчү майдын сунушун чектөөдө. Ошентип жасалма тартыштык жаралып, баалар жогорулоодо”,-деп жазылат кеңешменин билдирүүсүндө. Анын маалыматына ылайык, май куюучу жайларда тартыштык пайда болууда, ошондуктан май куюучу жайлардын ээлери чыгашага учурашууда же аз эле киреше табышууда.

“Товардык рыноктун аналитикасынын” маалыматына ылайык, май куюучу жайлардын кирешеси өтө аз болууда. Марттын акырына карата АИ-92 маркасынын баасы литрине 38,6 рубль болсо, биржадагы дүң баасы 33,8 рублду түзгөн.

СПТРдин төрагасы дана «Солид-товарные рынки» компаниясынын ээси Илья Мороз биржада баанын тез жогорулап кетүүсү – экспорттук паритеттин жогорулоосунан улам болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, экспорттук паритет нефтиге болгон дүйнөдөгү баа жогорулагандыктан да өсүүдө. Нефтичилер биржага ташыбай, аны сыртка алып чыгууга кызыкдар болушууда.

Ошондой эле Мороз нефтичилер нефтини иштетүүчү завод оңдоо иштерине жабылса запас болуусуна кам көрүп жатышканын билдирди. Эгерде ушундай тенденция мындан ары да улана бере турган болсо, анда 3 айдан кийин май куюучу жайларда баа литрине 5 рублга жогорулайт.

Компаниялар бааларды 1,5–2 рублга чейин жогорулатууга же такыр эле жабылууга аргасыз болушат деп санайт Алтай күйүүчү май биримдигинин жетекчиси Юрий Матвейко. Ири нефть компаниялары өңдүргөн майларынан 10%дан аз эмесин биржага сатууга милдеттүү жана майды экспорттоону дароо көбөйтүп жиберүүгө укуктары жок, мунун баары ички рынокто товардын тартыш болуусуна алып келет деп санайт ал.

“Акыркы бир жарым айда бензиндин баасы литрине эки рублга кымбатыраак болуп калды, бул баанын чекене баасы менен айырмасы 1,5–2 рубль гана болууда. Ал эми операциялык чыгымдар литрине 3 рублга чейин жетет, демек бул бензин сатуучуларга чыгаша гана алып келүүдө”,-деди ал.

Нефтичилердин убадасы

Баанын жогорулоосун жөнгө салуу татаал болот. Бааларды кармап туруу кыйын болууда дешүүдө трейдерлер. “Биз кайсы бир убакта бийлик менен макул болуп, майга болгон бааны жогорулаткан эмеспиз, жада калса арзандатканбыз, себеби өлкөдө шайлоо өтүп жаткан болчу. Азыр болсо бул нерсени компенсация кылуу керек. Ири нефть компаниялары биринчи кезекте май куюучу жайлардын ээлери тууралуу эмес, акционерлердин кызыкчылыктарын ойлоолору керек”,-деди ал.

Чекене сатууда бензиндин баасынын 60 пайызын акциздер жана башка салыктар түзөт, ал эми дүң баанын жогорулоосу бул май куюучу жайларда баа жасалма түрдө кармалып турганда пайда көрүп калуу амалы экенин ири нефть компаниясынын өкүлү билдирди.

Ал эми «Роснефть» менен ЛУКОЙЛ бул абалга комментарий берүүдөн баш тартты. «Газпром нефттин» басма сөз кызматы жооп кайтарган жок.

Кыргызстанда баа кандай болоруна азырынча эч ким сереп салбай эле, бирок биздин өлкө Россиянын майынан көз каранды экени талашсыз, ошондуктан биздин нефтетрейдерлер азыртадан ойлонуп баштоосу керек.

фото: спутник.кж сайтынан алынды

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости