Туризм рыноктордон алыста жайгашкан, аз камсыз болгон аймактарды камтып, ал жактарды өнүктүрүп, жергиликтүү жашоочулардын кругозорун кеңейтип, айлана-чөйрөнүн тазалыгы боюнча жарандык пикирди калыптандырууда.
Туризмди өнүктүрүү үчүн маанилүү шарттар болушу зарыл – биоартүрдүүлүктү сактоо, айлана-чөйрөнү тазалыкта сактоо, ар кандай антропогендик таасирлер аз болуусу керек. Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун башкы катчысы Талеба Рифаи Кыргызстанда дүйнөдө жок таза аба, тоолор, кол тийе элек жаратылыш бар экенин билдирген. Ал эми биздин тапшырма – бул жаратылышты урпактарга сактап, туризм тармагын өнүктүрүп берүү.
Биринчи караганда тапшырма бири-бирине карама-каршы келгендей туюлат, бирок аны чечсе болот.
Кыргыздар көчмөн калк болгону баарыбызга белгилүү. Кийинчерээк алар туруктуу бир жерде жашай башташкан. Бирок жылуу түшөрү менен бүгүн деле кыргыз үй-бүлөлөрү жайлоого барышып күн кечирип келишет.
Чабандар малдарын алып жайлоого кетишип чатырларда, боз үйлөрдө жашашат. Май айында алар жазгы жайлоого барышат, ал жерлер өтө бийикте жайгашкан эмес, ал эми июль-августта бийик тоолуу жайлоолорго сапар тартышат. Бул убак туристтер көп келчү маалга туш келет.
130−16− күн катары менен бул жерлерде калыңдыгы 70 см болгон кар жатат. Ал эми жайында аба өтө таза болот. Укмуштуудай пейзажга күбө болосуң: ар тарабынан ак кар баскан чокулары бар тоолор менен курчалган, ортосунда болсо жашыл чөпкө, шаркырап аккан тоо суусу бар жайлоолор.
Бүгүн көптөгөн жылдар мурун болгондой эле кыргыздар малдарын жайлоого алып чыгат. Медин Эшманбетов 35 жылдан бери эле чабан болуп келет, анын чоң атасы Чоң-Көлдө мал жайып жүрчү экен. Ал дайыма биринчилерден болуп Кара-Кече ашуусу аркылуу 1-июнда 500 кой жана эчкилерди айдап келет. Октябрь айынын башында акыркылардан болуп жакага түшөт. Аны менен коңшу болуп Шамиль Орозобаев конот.
1997-жылдан тарта Нарын облусунун Кочкор районунун чабандары туристтерге өз үйлөрүндө, боз үйлөрдө жана жайлоолордо жашап, ал жактан тамактанууну сунуштап келишет.
Жайкы сезон учурунда ал жылдардан бери Кочкор районуна 3 эсе көп турист келген жана алар дайыма ыраазы болуп кетишет. Кыргыз чабандарынын меймандостугу, өзгөчө жерде жашагандар, кооз жаратылыш, атка минүү, салттуу тамактар, кымыз менен дарылануу бардык туристтерге жаккан. Өлкөдө жайлоо-туризм пайда болду, ал жыл сайын өнүгүү жолунда.
Меймандос чабандар туристтерди атайын жасалгаланган боз үйлөрдө тосуп алышып, улуттук ашкана тамактарын сунушташат жана кыргыз суусундугу болгон кымыздан даам сызыдырып, кыргыз элинин салт-санаасы менен тааныштырат. Туристтик фирмалар аркылуу лицензия алынган аңчылыкты, балык уулоону, ат минүүнү уюштурушат жана кооз жерлер менен тааныштырышат. Жергиликтүү уздар болсо салттуу материалдардан жасалган сувенирлерди сатып алууну сунушташат.
Айрым жайлоолор айылдардан өтө алыс эмес жактарда жайгашкан жана ал жактарда 1–2 күн түнөп калууга да болот. Айрым жайлоолорго болсо атайын унаа менен гана жетүү мүмкүн, айрымдарына жөө же ат менен жетесиң. Климаттык шарттар калктын жайыма жашоосуна ыңгайлуу эмес, ошондуктан июндан сентябрь айына чейин гана жайлоого чыгышат.
Бирок бул туристтердин эс алуусуна тоскоол болбойт. Жайлоолордогу тунук суулар алардын көңүлүн өзгөчө буруп, гүлгө оронгон түздүктөр жана чабандардын меймандостугу аларды көңүл кош калтырбайт.
Туристтер 3 күн бою аттарга, эшектерге, топозго, төөгө минишип, улуттук ырлар жана оюндар менен таанышышат. Ошондой эле алар кой жайылган жайыттарга суктанып, чабандардын жеңил эмес жумушу менен таанышышат.
Астра Мамбетова күйөөсү Төлөбек жана кызы Мадина менен жаш үй-бүлө. Астра келечектеги модельер, сырттан окуйт жана улуттук оймо-чиймелер түшүрүлгөн көйнөк тигүү кыялы. Анын кызы бар. Бирок ал талаадагы жашоонун кыйынчылыктарынан корккон эмес.
Жаштар аталардын жолунун улантуучусу болгону кубандырат. Учурда жайлоолордо жылкылар, койлор, уйлар кайтарылат. Малчылар өздөрүн жана туристтерди эт, сүт жана сүт азыктары, сыр, кымыз менен кыла алышат.
Бакыт Букаев Токмоктон, ал индустриалдык – педогогикалык техникумдун мугалими, он жылдан бери эмгек өргүү убакытында “Новиномад” боз үй лагеринин менеджери катары жубайы жана эки кызы менен Соң-Көлгө келет. Ал Чоң-Кеминде төрөлүп өскөн, убакыты келгенде мал багуу менен алектенүүнү кыялданат, бирок ушунча алыска айдап кетүү үчүн чыгына элек. Анын айтымында, орто эсеп менен бир сезондо 300дөн 600гө чейин туристтерди кабыл алышат.
Соң-Көлдүн түштүк-батыш тарабындагы Ак-Сай туристтик компаниясынын боз үйлөр шаарчасында сезон мезгилинде бош орундар жокко эсе. Туризм академиясынын экспедиция тобу ар дайым бул шаарчанын кызматын колдонот, жана да эртерээк орун алып коебуз”- дейт туризм академиясынын ректору А.Б.Чормонов.
Жайлоо-туризмди өнүктүрүүгө жайлоодогу бала бакчалар жакшы жардам берет жана ал 2014-жылдан тарта «Жайлоо бала бакчасы» долбоорунун алкагында кеңейтилип жатат.
“2015-жылдын августуна карата бул тармакка Кыргызстандагы 87 жайлоо бала бакчасы кошулган, ал жакта чабандардын 2200 баласы тарбияланат. Мындай бала бакчалар “социалдык туризм” көз карашында туристтерди тартууга жакшы жардам болот. Ошондой эле туристтердин коопсуздугу менен ассоциация болот. Муну менен катар эле туристти жайлоо бала бакчасына волонтерлукка тартса да болчудай”,-дейт А. Чормонов.
Ошондуктан айылдыктардын туристтерге тамак ашы менен кошо жатканга жай таап берүүсү экологиялык жайлоодо алмашкыс жана туризмдин экономикалык пайдасын да көрсө болот. Бардык облустарда учурда экотуризмди өнүктүрүүдө ТОСтор тартылган (Туризм на основе сообществ).
Аны менен катар эле экологиялык курулуштар өнүгүүдө: Айылдыктар экологиялык курулуш материалдарын колдонушуп, мейманканада эстетикалык жасалгалоого басым жасашууда.
Жайлоо-туризм тарыхы, легендасы бар жаңы аймактарды туризм картасына кошууга жардам берет.
Туристтик каттамдар чымчыктардын уясын бузбай, гүлдөрдү тебелебей тургандай болуп түзүлүүдө.
Туроператорлор келечекте бийик тоолуу аймактарда дагы Соң-Көлдөгүдөй жайлоо-туризмин өнүктүрүүнү каалашууда.
Жайлоо туризм туруктуу өнүгүүсү үчүн жайлоолорду сактап, алардын көрүнүшүн бузбоо керек. Жайлоолордун негизги маселеси бузулуп жатканында.
Жайыттарды сактоо үчүн мамлекет тарабынан Айыл-чарба жана мелиорация министрлигинде жайыт департаменти түзүлгөн. “Жайыттар тууралуу” мыйзамдын негизинде жайыттарды башкаруу, аларды жакшыртуу жүрүүдө. Жакшы натыйжаларга жетишүү үчүн эл аралык ресурстар колдонулууда. Мисалы, Ага-Хан фондунун тоолуу аймактарды өнүктүрүү программасы. Фонддун демилгеси Кыргызстандын алыскы аймактарында жашагандардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.
Жолдордун жана көпүрөлөрдүн абалынын начарлыгы агы жайлоо-туризмдин өнүгүүсүнө бут тосуп жатат. Жол белгилери такыр эле жок. Ошондой эле электр энергиясынын жоктугу да ишти жайлатууда.
Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги болсо экологиялык жактан коопсуз болгон жайлоо-туризмин өнүктүрүүнү колдоосу керек. Себеби азырынча бул тармакта жүргүзүлгөн иштер жетишерлик эмес.
Ирина Байрамукова