• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жай – пляж туризминин убагы.

izobrazhenie-369

👁 1,942

Чолпон-Ата шаарында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин кызматкерлеринин катышуусунда тегерек стол болуп өттү.

Чолпон-Ата шаарында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Департаментинин, ТИМдин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, ИИМдин, ӨКМнын, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин жана Кыргызстандын курортторунун ассоциациясынын жетекчилигинин, пансионаттардын жетекчилеринин катышуусунда тегерек стол болуп өттү. Анда Ысык-Көл облусундагы пансионаттардын, ден-соолукту чыңдоочу жайлардын меймандарды кабыл алууга даярдыгы талкууланды.

“2016-жылы эле туризм тармагына тартылган инвестициялардын көлөмү 220 миллион долларга жетти, ал эми туристтик ишкердиктен түшкөн пайда 400 миллион долларга жакын болду. Туруктуу өнүгүү улуттук стратегиясына ылайык, өкмөт алдында турган негизги маселелердин бири – Кыргызстанды Борбордук Азиядагы туристтик борборго айлантуу. Өкмөт бул үчүн инвестицияларды тартуу боюнча бир катар чараларды көрүп, дал ушул максатта тиешелүү иш-чаралар, жарманкелер өткөрүлүүдө. Ошондой эле туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар каралууда” ‚-деди Вице–премьер–министр Чолпон Султанбекова.

“Туристтик сезон ийгиликтүү болушуна болгон күчүбүздү жумшайбыз. Ал үчүн туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл. Биз жакшы жактарыбызды көрсөтүүбүз абзел. Бул жерде жергиликтүү коомчулук да чоң роль ойнойт”,-деди Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов.

Ошондой эле ал өкмөт өлкө боюнча жол жээктеринде унаа токтотуучу жайлары менен кемпинг борборлор, кофейнялар, туристтик борборлор, дааратканалар жана сувенирлерди саткан чакан дүкөндөр болушу керектиги боюнча тапшырма бергенин баса белгиледи.

“Дүйнөлүк банк менен биргеликте Ысык-Көл облусунда 5 кемпинг борбор болушу керектигин аныктадык. Башка аймактарда болсо аларды кайда куруу керектигин сүйлөшүүдөбүз”,-деген Азамат Жаманкулов актуалдуу аймактык долбоор катары Григорьев капчыгайындагы тоо-лыжа базасы курулары мүмкүн деп мисал келтирди.

Кыргызстандагы курорттор ассоциациясынын жетекчиси Бакыт Молдоналиев болсо башка өлкөлөр менен туристтик бизнес боюнча байланыш түзүү зарылчылыгын белгилеп, чет өлкөлүк туристтерди көп тартуу керек деген пикирин айтты.

Ооба, Ысык-Көлдү көпчүлүк билет, өзгөчө СССРдин курамына кирген өлколө, бул жакка Орусиянын ар бир аймагынан келип эс алгандар бар. Ал эми коңшу казактар болсо жайды Ысык-Көлсүз элестете алышпайт. Ал эми ар кандай конференциялар, семинарлар, тегерек столдор өткөрүлүп жаткандыктан облуста ишкердик туризми да өнүгүү жолунда.

“Кыргызстанга туристтерди тартууга дагы бир мүмкүнчүлүк пайда болду. Орусиянын бийлиги барууга коркунуч жараткан эл аралык курорттордун тизмесин көбөйтүүдө. Орусиялыктар Түркияга жана Египетке баруудан көп баш тарта башташты. Ошондуктан меймандар үчүн эс алууну ыңгайлуу кылып берүүгө бардык аракетибизди жумшашыбыз керек, анын үстүнө КРда жаратылыш өтө кооз жана эли меймандос”,-деп санашат иш-чаранын уюштуруучулары.

Ал үчүн кандай иштер аткарылды?

Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин отдела №4- аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Кудайкул Кучуков министрлик туристтик сезондун ачылышына – 15-июнга чейин Тамчы айылынан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолду оңдоп бүтүүнү жана жол белгилерин орнотууну пландаганын билдирди.

Бул жылы ден-соолукту чыңдоочу жана курорттук жайларды текшерүү Ысык-Көл районунун администрациясына жүктөлгөн. Мамэкотехинспекциянын аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Борочоровдун айтымында, туристтик сезонго бардык эле пансионаттар даяр эмес.

Облуста жалпы 165 ден-соолукту чыңдоочу жана эс алуучу жайлар бар, алардын көбү шаардык канализацияга кошулган. Ал эми 78 пансионаттын өздөрүнүн саркынды сууларды тазалоочу жайы бар. Маселе жараткандар «Саамал», «Сосновые рощи», «Кооператор», «Белек» жана «КазГУ»пансионаттары болду, аларды жабуу тууралуу маалымат жөнөтүлдү.

Талантбек Борочоров былтыр 12 пансионатта маселелер жаралганын, алардын бешөөндө маселе чечилгенин белгиледи, ал эми 2 пансионат болсо саркынды сууларды тазалоочу жай кура баштаганын билдирди.

“Биздин максат Ысык-Көлүбүздү сактап калуу, аймактын экологиялык абалын жакшыртуу, ошондуктан өрт коопсуздугун сактоого, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоого жана жашылдандырууга өзгөчө көңүл бөлөбүз”,-деди Экотехинспециянын жетекичисинин орун басары Болот Жусуев.

Ал эми Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев Чолпон-Ата шаарынын канализация системасы эскиргенин мойнуна алды. Бул маселени чечүү үчүн өкмөт аракет кылып жатканы белгилүү болду.

Ал эми туристтин эс алуусу коопсуз болушу үчүн жайкы туристтик сезон учурунда Ысык-Көл облусуна кошумча 700 укук коргоо кызматкери тартыларын, ал эми сезон бүткүчө ИИМдин 3 миң кызматкери иштерин ИИМдин патрулдук милиция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов билдирди.

Ошондой эле турсезонго карата туристтер менен иштешүү тууралуу жана туристтер үчүн брошюралар чыгарылган.

“Аларда туристтерге керек болгон бардык маалыматтар жазылган. Кооптуу учур жаралса кайда жана кимге кайрылуулары керек экени үч тилде: англис, орус жана кыргыз тилдеринде берилген. Ал жакта тиешелүү жерлердин номерлери дагы жазылган. Брошюралар КРнын чек арасында таратылат”,-деди И. Саркулов.

Коопсуздук маселеси өтө актуалдуу, себеби Ысык-Көл облусунун администрациясы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген туристтердин саны өсөт деп болжолдошууда.

“Биз ЕАЭБге кирдик жана толук кандуу мүчө катары турфирмалар катышкан тендерлердин баарына катыша алабыз”,-деди Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов.

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости