Эми сумма 40 сом эмес, 110 сом болот.
Бүгүнкү күндө жатак-мектептерде 400 окуучу окуйт.
Мектептерде ысык тамак берүү боюнча маселе былтыркы жылдын сентябрь айынан бери коомчулукту дүрбөлөңгө салып келет. Ал жакта ата-энелер биринчи тамагы жок эле жеңилдетилген меню үчүн жана туура тамактануу үчүн болуп экиге бөлүнүп келишет.
Мектептерде ысык тамак берүү бир кездерде такыр болбогону дагы эске түштү. Ошол учурда ата-энелер балдарына пирожки сатып берүү үчүн акча беришчү.
Айылдарда май токоч жана чай берген мектептер дагы кездешет. Бул рацион 3 күндө бир өзгөрөт дагы, булочка жана компот берилет. Айылда бир булочка жана сүттөлгөн чай 40 сом турарына ишенүү кыйын болуп турат.
Бул албетте, активдүү болуп, көп энергия алуусу керек болгон балдардын туура тамактануусу боюнча көйгөйүн чечпейт.
Жатак-мектептерде суткалап жатып окуган балдар болгондуктан аларга өзгөчө көңүл бурулуп, жакшы тамактар берилүүсү шарт. 110 сом окуучулардын аракетин актап, башка чөнтөктөргө түшүп кетпейт деп ишенели.