• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жасур Парпиев: ОШ ЖИАга мүчө ишкерлер бири-бирине биртуугандай мамиледе кызматташат

dsc_0034

👁 2,645

Учурда мамлекеттин экономикасына салым кошуп жаткан, ишкерлердин башып бириктирген Бизнес ассоциация Ош ЖИАда 230дай ишкер бар.

Бул тууралуу аталган ассоциациянын аткаруучу директору Жасур Парпиев менен маектешүүдө биле алдык.

-Ош шаарындагы ЖИА тууралуу жалпы маалымат бере кетсеӊиз?

–ЖИА 2008-жылы 26-декабрда ачылган. Ошол кезде он эки ишкер менен ачылган элек. 2010-жылдан баштап активдүү иштей баштадык. Анткени 2010-жылдагы каргашалуу окуядан кийин баарыбыз биригип, бирге иш алып барып калдык. Азыр ассоциацияда 230дай ишкер бар. Анын 35и айылда болсо калганы шаарда. Жаш курактары да ар кандай, 22 жаштан баштап 65 жашка чейинки ишкерлер. Мурда Жаш Ишкерлер ассоциациясы болчу, 2015-жылдан баштап биз муну өзгөртүп «Бизнес ассоциация Ош ЖИА» деп койдук. Себеби көп жерге барганыбызда көбүнчөсү жаш деп башкача формата кабыл алышат экен. Азыркы күндө биз тармак-тармак болуп иш алып барабыз. Курулуш, соода , тейлөө тармагы болуп. Биз ишкерлерге биринчиден, маалыматтык борбор катары болуп бергенге аракет кылабыз. Күнүмдүк экономикага тиешелүү жаӊылыктардан мүчөлөрүбүздүн ар бирине жиберип турабыз. Андан сырткары эки жумада бир сөзсүз семинар же тренинг уюштурабыз. Бир айда бир жолу мамлекеттик жетекчилер менен жолуктуруп турууга аракет кылабыз. Эки айда бир башка мамлекеттерге Бизнес форум, көргөзмөлөргө чыгабыз.

Азыркы учурда мүчөлөрүбүздөгү көйгөй адистер жетишпейт. Ошол маселесин чечип берүүгө аракет кылуудабыз. Бизге күнүнө 30–40тай резьюме келет. Аларды биз өзүбүз тандап, баарлашуу кылып, кайсы мүчөлөрүбүзгө кандай адис керектигине карап тандап алып, жиберебиз.
–ЖИА ассоцациясына мүчө болуп кирүү үчүн ишкерлер эмне кылуу керек?

–Мүчө болуу үчүн ишкер болуу жетиштүү. Ишкердин баарын кабыл алабыз болгону алкоголь менен иштебеген жана мамлекетке зыянын алып келбеген ишкана эмес болсо болду.

–Кандайдыр бир акы төлөм алынабы?

–Кыргызстанда мүчөлүк акы менен иш алып барган жалгыз ассоциациябыз. Мүчөлүк акы чоӊураак бизнеси барларга айына 1000 сом, орточо бизнестерге 700 сом алынат.

–Ишкерлерди ассоциацияга мүчө кылып кабыл алып жатканда ишкерчилик пландары каралабы?

–Сөзсүз. Биз ал нерсеге маани беребиз. Ишкерлер бизге кошулгандан кийин кардарлары мындан да көбөйүшү керек. Биз ошол нерселердин баардыгын көзөмөлдөп, кардарларын көбөйткөнгө аракет кылабыз. Жарнама жаатында жана мүчөлөрүбүздү бири-бири менен тааныштырып, катташтыруу жаатында да иш алып барабыз. Андан сырткары биздин өзүбүздүн дисконттук кардыбыз бар. 230 мүчөбүз болсо, дисконттук кардыбыз менен ар бир ишкана бири-биринен арзандатуу менен товар ала алышат.

–Учурда Ош ЖИА ассоциациясынын ишкерлеринде жетишкендиктер менен кемчиликтер эмне?

–Бизде жетишкендиктер азыр 2011-жылдан бери 40тай мүчөбүзгө өнөктөш табууга жардам бердик. Алар азыркы мезгилге чейин өнөктөш болуп иштеп жатышат. Кадр маселеси боюнча 15тей ишканаларга адис таап бердик.

Көйгөйлөр туурасында бизде билим жаатында чындап аябай оор. Биздин ишкерлерибиз негизинен тил билгени менен колдонууга келгенде кыйналып калышат. Долбоор жазууда да аябай кыйналышат. Бирок долбоор жазуу боюнча тренингдерди үч-төрт жолу өткөрдүк. Акырындык менен үйрөтүп жатабыз, анткени көбүнүн идеясы бар, бирок ошону кагаз бетине түшүрө алышпайт. Экинчи көйгөй бул — ижара. Себеби көп жерлерди чоӊ-чоӊ бизнестери барлар ээлеп алышкан. Биз азыр мамлекеттен суранып жатабыз, ЖИАнын өзүнө шаардын четинен узак мөөнөткө ижарага жер берүүсүн. Эгерде жер бере турган болсо, биздин ишкерлер алып , мамлекетке салыгын төлөп, иштете беришмек.

–Кичи жана чоӊ ишкананын саны канча?

–Бизде орто ишканалар көп. 230 ишкана болсо ошонун 60% орто ишканалар. 20% чоӊ ишканалар түзөт. Ишкерлердин басымдуу бөлүгү соода жана тейлөө тармагында алектенишет.

–Мындан ары дагы кандай жаӊыча иш аракеттерди жасайбыз деген пландарыӊыздар бар?

–Январдан баштап ишти дагы күчөтүп, ар бир комитеттин өзүнө жараша көйгөйлөрүн карап чыгабыз. Чечүүнүн альтернативдүү жолдорун сунуш кылалы деп турабыз.

Учурда бизнес мектеп боюнча ойлонуп жатабыз. Анткени кадр маселеси аябай көйгөйлүү болуп жатат.

Анын ичинде: жумасына үч жолу атайын бизнесмендерге арналган тил курсу болот. Баарына ылайыктуу баада, өтө кымбат эмес. Андан сырткары журналисттердин мектебин ачалы деген планыбыз бар. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Байкасак, азыркы маалда Ошто экономика жаатта көбүнүн түшүнүгү такыр жок. Экономика тармагындагы жакшы журналисттерди чыгарсак деген ниетибиз бар, ошол нерсеге аракет кылып жатабыз.

–Бизнес мектепке окутуучуларды кандай тандап аласыздар? 

–Жергиликтүү, өзү ийгиликке жеткен ишкерлерди чогултуп, 10дой ишкерди тандап койгонбуз. Алар өздөрүнүн форматында сабак өтүшөт.

–Башка ассоциациялардан ЖИАнын өзгөчөлүгү эмнеде?

–Көбүнчөсү бизде мүчөлөрүбүзгө комплекстүү иш кылганга аракет жасайбыз. Биз керек болсо мүчөлөрүбүз менен үй бүлөлүк катташуу жаатында да иш аракет кылып жатабыз. Баары бири-бири менен ишеничтүү бир мамиле кылышат. Мисалы, көп ишкерлер өзүлөрүнүн сырын башка ишкерлерге ачпайт. Бирок биздин ишкерлер бири-бирине кеӊеш айтып, көрсөтүп турушат.

–Экономика жаатында өкмөттөн кандай колдоо күтөсүздөр?

–Биздин ишкерлер тамаша катары айтып калышат, бизге тийишпесе эле болду, бул эӊ чоӊ колдоо дешип… Негизинен азыр мэрия менен Ошто жакшы иштешебиз. Ош ЖИАнын атынан Экономика министрлиги менен да түздөн-түз иштешүүдөбүз. Ар кандай көйгөйлөр жаралса Жогорку Кеӊешке дагы түз кайрылып турабыз.

Мындан ары да ЖИАнын иши жогорулап кете берет. Анткени алдыда көп пландар бар.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости