• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жашылча-жемиштин чордону “Сары-Өзөн-Дыйкан” базары

img_9277

👁 2,025

Бишкекте жашылчаны дүң жана чекене баада саткан «Сары-Өзөн-Дыйкан» базары ишке киргенине 2 жылдын жүзү болуп калды. Мурдагы жашылча-жемиш саткан “Дыйкан” базары жабылып, ал жактагы соодагерлер жаңы ачылган “Сары-Өзөн-Дыйкан” базарына көчүшкөн. Учурда 500гө жакын орун ижарага берилген. Соодагерлердин көпчүлүгү «Дыйкан» базарынан көчүп келишкен. «Сары-Өзөн-Дыйкан» базары Фучик көчөсү менен кесилишкен Клубный, 14 А дарегинде жайгашкан.

Базарда соода өз нугунда жүрүп жатат 

Базар тууралуу кеп кыла турган болсок: Базардын ичи кенен, 5 тосмо бар. Автоунаалар бир тараптуу жол менен кирип чыга алышат. Базардын жалпы аянты кичинеден кошулуп отуруп 20 гектарга жеткен. Курулуш иштери 2011-жылы башталган, азыркы күндө базар аты айтып тургандай эле дыйкандар үчүн курулган. Мурунку базарга салыштырмалуу биринчиден, кеңдиги, ошондой эле мурда бир гана жерден чыгуу дарбазасы болсо, азыр базарга беш жерден кирип чыга турган дарбазалар бар. Ар бир сатуучуга атайын шарты менен орундар берилген. Мурда бир павильондо төрттөн соодагер отурса, азыр ар бири бирден павильондо отурат. Учурда администрация жерди 8 жылга ижарага алышкан. Базарга жалпысынан 600–700дүн тегерегинде контейнер коюлган. Азыркы маалда 65 пайыз орун толугу менен иштеп жатат. Бирок кышкы сезондо көпчүлүк орундуктар бош калып 40–45 пайызга чейин төмөндөп кетет. Себеби базарга соодагерлер товарлары менен мезгилге жараша кирип, кетип турушат.

Учурда жашылча-жемиштердин убагы 

Жаз келери менен айрыкча түштүктөн, тактап айтканда Ош, Баткен, Лейлек, Кызыл-Кыя, Аксы, Шамалды-Сайдан унаалар товарларын жүктөп келип башташат. Аларга базардын ичинде атайын убакытка белгиленген орундуктар керек эмес. Анткени алар келет да дүңүнөн сатып кайра чыгып кетип турушат. Мындайча айтканда, базардын ичиндеги орундар тез-тез алмашып турат. Базарда негизинен соода эрте менен таң атпай түшкө чейин кызуу болуп, түштөн кийин кичи автобустарга жүктөп шаар ичине, атүгүл коңшу өлкөлөргө да экспорттолуп турат. Ошондой эле Бишкектеги Ош, Аламүдүн, Орто-Сай базарларына мындан сырткары Глобус, Боорсок, Фрунзе сыяктуу ири супермаркеттерге да жиберилет.

Соодагерлердин ижара акысы 2000 сом

Базарда соодагерлерге жана сатып алуучуларга кызмат көрсөтүү максатында 200гө жакын араба тартып иштегендер кездешет. Андан сырткары товар ташып иштеген 30–40тын тегерегинде портер үлгүсүндөгү унаалар бар. Ошондой эле 20 контрелор, 7 күзөтчү, администрацияда 10–15 чакты киши эмгектенет. Баарын кошуп жалпылап алганда 500дөн-700гө чейин адам жумуш орундары менен камсыздалган.

“Мурда соода кылып жүргөндөр ыраазычылык эле билдирип жатышат, анткени бул жакта шарт жакшы түзүлгөн.“Дордой моторско” кетип калгандардын кээси кайра келип жатышат. Биринчиден, кардарларга ылайыктуу, анткени башка базарга салыштырмалуу биздики он эсе арзан, өлкөбүздөгү эң арзан базар деп айтсам да жаңылышпайм. Экинчиден, бардык шарты бар, ыңгайлуу жер болсо ошончо кардар көп келет”.

Азыркы сатуучулардын өздөрүнүн айтуусунда соода – кирешеси мурунку “Дыйкан” базарына салыштырмалуу 3–4 эсеге өскөн. Ошол эле учурда бул базарда ижара акысы эң төмөн. Маалыматка ылайык бир орундун орточо ижара акысы 2000 миң сомдун тегерегинде болсо, эң кымбаты 4500 сомго чейин жетет.

Сатуучу Роза айым төмөндөгүчө пикирин билдирди.

“Бизге “Сары-Өзөндөгү” жерлерибиз жагат. Кыйналган күндөрдөн өттүк. Кыргызстан оңолсун десек жок дегенде базардан башташыбыз керек. Жаңы базардын жетекчиси биз эл үчүн иштейбиз деп, сатуучуларды кабыл алып жатышат. “Дыйкандагы” иштеген сатуучулардын 80 пайызы “Сары-Өзөндөн” орун алышкан”.

Ал эми 19 жылдан бери сатуучу болуп эмгектенип келе жаткан Гүлнара аттуу соодагер “Сары-Өзөн – Дыйкан” базарында акыркы 3 жылдан бери кийим-кечек сатып иштейт. Ал иштеткен орду үчүн айына 2700 сом акча төлөйт.

“Базар азыр туруктуу эмес. анткени бирде товарлар арзандап, бирде кымбат болуп кетип жатат. бирок азыр негизинен кулпунай менен кокон гиластын маалы. Мына ушул мөмө-жемиштер сатылып турган учур. Биздин орун кичине эле, соодадан кенен эле артат. Күнүнө 90 сомдон берип турсак ижара акысынан кутулабыз”.

Базарды негизинен дыйкандар иштетишет. Анда көбүнчө мөмө, жер-жемиштер сатылат. Мисалы, 4 сотыхдай жерде жалаң сабиз сатып иштеген соодагерлер бар. Алар бир КамАЗ толо сабиз жүктөп келишип, шаар ичиндеги ишкерлерге сатышат. Мындай ыкма менен иштегендер Камаз турган орундук үчүн күнүнө 150 сом төлөйт. Бул жерде күнүнө 20 Камаз сабиз сатылат. Ошондо 20 КамАЗ күнүнө 3000 миң сом төлөсө, бир айда эле 90 000 миң сом ижарадан акча түшөт.

Базардын жетекчилигинин планы чоң

Негизи базар жеке менчик болгондуктан алдыда аткарчу көп иштер бар. Башкы максат — карапайым элди иш менен камсыз кылуу, ошол эле учурда товардын арзан баасын элге сунуштоо болгондуктан, мамлекет тарабынан моралдык гана жардам көрсөтүлүүдө. Азыр ортомчулардын көптүгүнөн карапайым элге товар кымбат баада кетүүдө, алардын санын кескин түрдө кыскартуу, бул эл үчүн чоң роль ойной турганын “Сары-Өзөн-Дыйкан” базарынын башкы директору Эрмек Маркабаев айтат. Ал алдыдагы пландары менен төмөндөгүчө бөлүштү:

“Пландарыбыз чоң. Бул базарды болушунча гүлдөтүп, элге абдан ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү. Бул негизги максат да. Чынын айтыш керек. Башында мен ойлогондой шарттар азырынча базарда толук түзүлө элек. Бирок жаңы башталганга карганда, кыйла жакшырып калды. Учурда базардын аймагынын 80–90 пайызына асфальт бастык. Бул иштерди дагы күчөтөбүз. Жамгыр башталса, эл контейнерге кирип соода кылып калат, ошону менен базар ичи да акырындык менен иреттелип баштайт”.
Дагы бир айта кетчү жагдай “Сары-Өзөн-Дыйкан” базарындагы товарлар Кыргызстандын ички аймагында эле эмес, коңшу Казакстанга чейин экспорттолот. Соодагерлердин айтуусунда биринчи сорттогу жашылча-жемиштер кичи автобустарга жүктөлүп, күнүнө 10–15 унаа Казакстанга жөнөп кетет. Бүгүнкү күндө 1 кг кокон гиластын баасы 100 сомдун тегерегинде. Мунун баарын кошуп эсептегенде жөнөкөй сумма чыкпасы айтапасак да белгилүү.

Илгиз ЖАМАЛБЕКОВ

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости