Квинсленд жана Сидней Университетинин командасы тарабынан тез өстүрүү технологиясы иштелип чыккан. Бул айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн мыкты сортторун табууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул демек жылына 6 жолу буудай өстүрүүгө болот дегендик.
Ачка калгандарга жардам берелиби?
Жер шарында адамдардын санынын көбөйүп жатканы жана ресурстарды кайра бөлүштүрүү жаңы технологияларга ылайык болуусу керек.
Изилдөөчү Бранд Вульф ылдамдык өтө маанилүү экенин билдирди: “Глобалдуу масштабда биз түшүм алууда өтө чоң кыйынчылыктар менен кездешебиз. Аз убакытта көп түшүм алуу бизге генетикалык комбинацияларды тестирлөөгө жардам берет”-деди ал.
Көптөгөн жылдар бою окумуштуулар дандардын өсүүсүн кантип тездетсе болору тууралуу ойлонуп келишкен.
«10 жылдан кийин силер талаага барып ушул технология менен өстүрүлгөн дандарды айырмалай аласыңар деп ойлойм»,-деди Бранд Вульф.
Светодиоддер жардамга келет
Светодиоддик индикаторлор натрий лампаларына салыштырмалуу эффективдүү, себеби жылуулукту көп чыгарат.
Келечек технологиясы менен коммерция кылуу
Тез өстүрүү технологиясы буудайды тандоочулар тарабынан сыноодон өткөн.
Австралия — ысык климаттуу өлкө, ошондуктан дандарды сеекция кылуу кадимки көрүнүш. Кыргызстанда болсо акыркы 5 жыл бою дандардын сапатын жакшыртуу тууралуу айтылып келет. Жерлердин арыктап кетиши, селекция тажрыйбасынын жоктугу, тез байыгысы келгендерде улам өлкөнү буудай менен камсыз кылуу тиешелүү деңгээлге жете элек.
Айыл-чарба министрлиги бюджет ийгиликтүү өздөштүрүлгөнүн айтып келет. Дыйкан чарбалар менен иштөө негизинен донорлор тарабынан болууда, алар калктын санынын көбөйүүсү менен азык түлүк коопсуздугу башкы маселе болорун жакшы түшүнүшөт.