• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жашыл массивдерди кеңейтүү, экономикага зор салым

sab_0651

👁 2,141

Кыргызстанда биринчи жолу экология маселелерине арналган «Тоо токой» деген аталыштагы иш-чара болуп, өлкөнүн экосистемасын сактап калуу чакырыгы айтылды.

Эл аралык форумга чет элдик жана кыргызстандык окумуштуулар, расмий жетекчилер, бизнес коомчулуктун өкүлдөрү катышып, токойду сактоо жана жакшыртуу маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу максатын көздөдү.

Адатта Кыргызстан дегенде тоолуу, токойлуу, жашыл массивдерге бай өлкө көз алдыбызга тартылат. Макул, тоолорубуз түгөл бойдон. Бирок, абанын, суунун булганышы, жер ресурстарынын кыскарышы, мөңгүлөрдун ээрип жатышы, био ар түрдүулүктүн кыскарышы, токой жана бак аянттарынын азайышы келечектеги экологиялык кризистин болуу коркунучун коңгуроо кылууда.

Сапар Исаков: «Экологиялык абал тууралуу ойлоноушубуз керек»

Мындан улам бул маселе глобалдык мааниге ээ болуп, өкмөттүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасына киргизилген. Программада «Тоо токой» деген өзүнчө бөлүм иштелип чыккан.

Өкмөт башчы Сапар Исаков айлана-чөйрөнүн начарлап жаткан доорунда Кыргызстан салыштырмалуу түрдө таза жаратылыштын чөлкөмү экенин белгилеп, өлкөдө агрардык экономика жана оор өнөр жайынын болбогондугу өлкөнүн жаратылыш байлыгын сактап калууга мүмкүндүк бергенин билдирди.

«Биз өнөр жай обьектилерин ишке киргизүүдө алардын абаны булгоосун төмөндөтүүсүнө карата катуу талаптарды коюшубуз керек. Биз бир эле учурда жаңы иш орундарын түзүү жана экологиялык абал тууралуу ойлонушубуз кажет. «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасында токой тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, ага «Тоо токой» аталышындагы атайы бөлүк арналган. Аталган бөлүктө эксперттер калктуу пункттардагы токойлордун жана бак-дарактардын аянтын кеңейтүүгө, ошондой эле багбанчылыкты өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды иштеп чыккан. Биз бизнестин тоолуу жерлерде бак отургузууга мүмкүндүк алуусу үчүн бардык шарттарды түзүүбүз керек», — деп белгиледи Сапар Исаков.

Ага удаа баш министр Сапар Исаков өлкөдөгү токойлордун аянты, болжол менен, жалпы аянттын беш пайызын ээлерин, бирок бул башка өлкөлөр менен салыштырганда анча чоң эмес көрсөткүч болорун, андыктан, аткаруу бийлиги ар-кыл экологиялык демилгелерди ишке ашырууга активдүү көмөк көрсөтөт деп ишендирди.

Иш-чараны уюштуруучулардын пикиринде, айлана-чөйрөнүн бузулушуна жол бербөө үчүн тез өсүүчү бак-дарактардын аянтын көбөйтүп, ал үчүн бош жерлерге көчөттөрдү отургузуп, аларды мал-жандыктардан сактоо зарыл.

Форумдун уюштуруучусу Азамат Темиркулов: “Жашыл массивдерди өстүрүүнү жайылтуу биринчиден экологиялык жактан эң жакшы таасир берет, экинчиден, экономикалык жактан пайдасын да көрөбүз. Себеби бактардагы мөмөлөрдүн баары экологиялык жактан таза болуп, экспортко чыгарууга да эң жакшы шарт түзүлөт”,-деди

Кыргызстандагы белгилүү эколог, бул тармакты сактап калууга жан үрөп келе жаткан Эмил Шүкүров союз учурундагы абал менен азыркы абалды салыштырып, айлана-чөйрөнүн бузулуусуна азыртан чара көрбөсө, келечек муун үчүн кыйын болорун күтүлүп жактан чындык болот деген кабатырлануусун жашырбады.

Павловния дарагы – инвестициялык каражат

Форумга Италиядан келген селекционер Эмилио Армати өздүк ойлоп табуунун арты менен практикада колдонула баштаган жаңы “Павловния” дарагы тууралуу айтып жатып, ал жөн эле дарак эмес, инвестициялык каражат катары пайдалуу экенин ортого салды.

Жогоруда сөз болгон “павловния” дарагы ушул тапта Чолпон-Ата шаарында, Чүй каналынын жээктеринде, Токтогул районунда өстүрүлө баштаган.

Токтогул районунда бир гектар жерден ашуун аянтка бул дарактын көчөтүн тиккен Болот Батырканов бул даракты жергиликтүү климат кандай кабыл алганын төмөнкүчө билдирди.

“Эки жыл мурда кышында үйдө атайын идишке уругун сээп өстүргөнбүз. Жаз алды менен көчөтүн талаага тиктик. Бул дарактын нормалык бийиктиги 4 метрге чейин болот экен. Бирок биздин жердин шартында 2,5 метрден ашты. Павловния дарагында бутак болбойт. Бул чирибей турган касиетке ээ. Нымдуулукту өзүнө албайт. Изилдөөлөргө караганда 12 пайызга чейин гана нымдуулукту алат экен. Павловния дарагы 1,5 айга чейин гүлдөп турат. Ошол учурда нектарды көп бөлүп чыгаргандыктан аарылар көп бал топтойт»,-деди Батырканов.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар экосистеманы сактап калуу, ал үчүн токойлуу жерде жашаган калктын отунга, курулуш материалдарына болгон муктаждыктарын алтернативалуу жолдор менен канааттандыруу, ири жана майда мүйүздүү малдардын санын кыскартуу, бул тармакка келип жаткан инвестициялык каражаттардын натыйжасы кандай болуп жатканына көзөмөл жүргүзүү, дарак көчөттөрүн көбөйтүп тигүүнү салтка айландыруу чакырыгы айтылып, сунуштар берилди.

Кыргызстан советтер союзу учурунда көчөттөр менен бардык союздаш өлкөлөрдү камсыз кылып турган. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын токойчулары тарабынан калк жайгашкан аймактарды жашылдандыруу максатында 30 млн. даана ар кандай көчөттөр тигилүүдө.

Кыргызстандагы белгилү агроном Манас Саматовдун пикиринде, өмүрүндө бир да жолу буталбаган, карт дарактардын ордуна мөмөлүү бак-дарактарды тигүү мезгили келди.

Мына дал ушул тапта Ысык-Көлдү бойлой жолдо баратам. Жол катар дүпүйүп өсүп турган бак-дарактар эзели буталган эмес. Булар биздин экологияны буза турган биринчи кадам. Биз экологияны сактап калуу дегендей эле ой-келди сүйлөй бербей турмушка таянып иш тутушубуз керек. Муну ар бирибиз корообузда бир түп болсо да мөмөлүү бак тигүү менен башташыбыз керек. Мөмөлүү бак-дарак экологияны сактап калууга гана салым кошпостон, баарыбыз нукура мөмө-жемиш жеп, экономикага да салым кошо алабыз”,-деди Саматов.

Назгүл Бостонбаева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости