• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жашыл экономика модели жаратылышты сактайт.

azamat-temirkulov

👁 5,186

Жашыл экономика модели деген түшүнүктү “Экономика” үчүн саясий илимдин доктору жана жашыл моделдин автору Азамат ТЕМИРКУЛОВ айтып берди. Жашыл экономика Кыргызстан үчүн кандай пайда алып келет?

— Жашыл экономика деген эмне?

-Жашыл- бул жаратылышка эч кандай зыяны жок экономика дегенди түшүндүрөт. Батыштан келип жаткан экономика табигатты бузууда. Бүгүнкү күндө жашыл экономика жоголуп бара жатат. Жашыл экономика, экономиканын жаңы багыты. Бул эч кандай экологияга зыянын тийгизбейт.

–Жашыл экономика моделин иштеп чыгуу идеясы эмнеден пайда болду?

–Жашыл деген сөз мурдатан эле болгон. Бирок батыш өлкөлөрдөн келген жаратылышка тийгизген зыяндын артынан жашыл экономиканы кайрадан көтөрүп чыгууга мажбур болдук. Анткени, Европа мамлекеттери экономиканы көтөрөбүз деп экологиясын булгап жатат.

Ал эми менин идеям өзгөчө. Мен иштеп чыгып жаткан жашыл экономика модели Кыргызстанга гана ылайыктуу. Бул Кыргызстандын XXI кылымдагы өнүгүү модели болуп саналат. Аталган моделди жашыл экономика деп атаса болот. Себеби, жашыл экономиканын талаптарына ылайыктуу. Анткени бул модел экономиканы өнүктүрүп, ошол эле учурда жаратылышка зыянын тийгизбейт.

Мен сунуштаган модель токой негизинде. Бизде жердин 94 пайызы тоо. Айыл чарбага жарактуу жерибиз да аз. Транспорттук түйүн бололу десек да кыйын, анткени тоонун баарын бузуп, жол, темир жол салыш керек. Ошон үчүн мен тоолорго токой отургузуш керек деп сунуш кылып жатам. Биздин тоолорго токой отургузсак, сугаттын деле кереги жок. Малдан коргоп тосуп койсок өзү эле өсө берет.

Ал токойду кантип иштетсек болот. Биринчиден, биздин токойлор фитансиддарды чыгарат, фитансид ден-соолукка абдан пайдалуу элемент. Ошон үчүн тоодогу токойго туристтер көп келет. Ошол жерге инвесторлорду тартып, курорт-санаторийлерди курсак болот. Муну ден соолукту чыңдаган — рекрэациялык туризм деп коет. Экологиясы абдан начар араб өлкөлөрү, Кытайдан туристтер көп келет. Бизде аба, суубуз таза, тоого токой отургузсак ого бетер жакшы болот.

Курорт-санаторийлер ачылса, жолдор, кичи ГЭСтер курулуп, мультипликативдик эффект болуп, иш орундарды түзөбүз. Деңиз деңгээлинен эки миң метр төмөн жерлерде мөмө жемиш бакчаларын өнүктүрсөк болот. Түштүктө жаңгак, фисташки, алма, абрикос өсөт, анын баарын көбөйтүш керек. Ошондой экологиялык таза продукцияны чогултуп, туристтердин дасторконуна коюп же жакшынакай таңгактап, экспортко чыгарсак болот.

–Жашыл экономика моделин аймактарга кантип жеткирип, өнүктүрсө болот?

- Биринчиден өлкөнүн долбоору болуш керек. Анткени бул чоң долбоорлордун катарына кирет. Бир аймактын чегинде ишке ашырууга мүмкүн эмес. Буга өкмөт мүчөлөрү дагы кызыкдар болушу зарыл. Азыркы учурда модел стратегия үстүндө болуп жатат. Эгерде 2040-жылга чейин иштелип жаткан улуттук стратегия долбооруна киргизсек, бул иш өлкө деңгээлинде ишке ашат деп ишенем.

Бирок ошол эле мезгилде бул идеяны таратуу керек. Жашыл экономика моделин качан өкмөт колдоп берет деп күтүп отурбай, жарандар, ишкерлер өздөрү демилге көтөрүп, ишке ашырса болот. Мисалы, алар пайдалуу тал-теректерди отургузуу менен биргеликте өлкөнүн экологиясына жана экономикасына да зор салым кошот.

Себеби, бактарды тигүү менен жаратылыш жашылданып, экинчи жагынан курулуш материалдары болуп берет. Бак-дарактардын санын көбөйтүп, жыгач иштетүү өнөр-жай өнүктүрсө болот. Эгерде жыгач иштетүүчү ишкана ачылса, жогоруда айтылгандай бир топ жарандар жумуш менен камсыздалат.

–Сиз иштеп чыккан жашыл экономика модели жакшы долбоорлордун катарын толуктайт экен. Бул моделди мамлекеттик деңгээлде сунуштап көрүү планыңыз барбы?

–Учурда эксперттер тобунун мүчөсүмүн. Эксперттик топ улуттук стратегиянын үстүндө иштеп жатат. Бул жашыл экономика модели улуттук стратегияга кирет. Бүгүнкү күндөгү менин эң негизги максатым да аталган стратегияга жашыл экономика моделин киргизүү. Киргенден кийин бул улуттук деңгээлдеги иш болуп саналат.

–Жашыл экономика моделин өнүктүрүү үчүн канча убакыт талап кылат?

- Бул узак мөөнөттүү долбоор. Мисалы, бат өскөн бак-дарактар 5–6 жылда даяр болсо, жыгач өнөр-жайына алып иштетсе болот. Ал эми мөмөлөргө 5 жыл керек.

- Бул долбоор менен туризм тармагын дагы өнүктүрсө болобу?

- Өзбекстан мамлекети архитектуралык кооздугу менен өзүнө туристтерди тартууда. Бизде тарыхый архитектуралар аз. Ал эми Кыргызстанда медициналык туризм өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Башка өлкөлөрдө мындай мүмкүнчүлүк жок. Борбор Азия мамлкеттеринин ичинен Кыргызстан жана Тажикстандын жаратылышы денсоолукту чыңдоого ылайыкташкан. Бүтүн Евразияны алганда дагы жаратылыш менен дарылануу Кавказда эле бар. Бул биз үчүн “эксклюзив”.

- Ар бир ишти ишке ашыруу үчүн акча талап кылат. Каражат жагы кандай чечилет?

- Кыргызстан 2015-жылы Париждик конвенцияга кол койгон. Конвенциянын негизинде “жашыл климаттык” фонд ачылган, ал жакка миллиардаган акчалар келүүдө. Ал акчалар өзүнүн өлкөсүнө бак-дарак отургузабыз деген мамлекеттерге гранттык түрдө бөлүнүп берилет. Ал үчүн аталган фондго арыз жиберүү керек. Ошондой эле “жашыл климаттык” фонддун пайдасын көрүү менен биргеликте Кыргызстандын аймагын жашылдандыруу зарыл.

Мындан тышкары улуттук стратегия планынын ичинде бир топ тармактар бар. Алсак, туризм, айылчарба, токойчарба, булар ар бири өзүнүн программасын иштеп чыгат. Программанын ичиндеги ишчаралардын чыгымына жараша арыз менен кайрылышат. Биздин мындай кадамыбыз келечек муунга жана өлкө экономикасынын өсүүсүнө өбөлгө түзөт.

–Жашыл экономика моделинин келечегин кандай көрөсүз?

- Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө башка жол жок деп ойлойм. Анткени, биз тоолуу өлкөбүз. Ошондуктан өзгөчө экономиканы куруу керек. Мисалы, Швейцария тоолуу өнүккөн өлкө жана өзгөчө экономикасы бар. Кыргызстандын жарандары жана өкмөт жашыл экономика моделин кабыл алып, жаратылыштын пайдасын көрүшү керек.

ЕАЭБ киргенден бери Россия, Казакстандын продукциясы эч тоскоолдуксуз Кыргызстандын базарларына кирүүдө. Ал эми биздин өнүм алардын аймагына өтпөй жатат. Анткени Кыргызстандын айдоого ылайыкташкан жери 6% гана түзүп, алар сураган көлөмдү чыгара албайт. Бирок Россия жана Казакстандан айырмаланып Кыргызстан таза, эч кандай химиялык кошулмасы жок органикалык продукцияны экспортко чыгарса болот.

Наргиза ӨМҮРБЕК кызы

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости