Климаттын өзгөрүүсүн ишкерлер эске алуулары керек, өзгөчө айыл-чарба тармагында иштегендер.
Абаны булгоочулардын негизгилери унаадан жана ЖЭБден чыккан түтүндөр. Унаалардын көбөйүүсү жана бак-дарактардын көп кыйылуусу шаар тургундарынын ден-соолугуна пайда алып келбейт. Эксперттердин маалыматына ылайык, 1980-жылдары борбордун бир жашоочусуна 30 чарчы метр бак-дарактар туура келсе, учурда ал көрсөткүч болгону 3,7.
Транспорттук системаны жөнгө салуу керек. Троллейбустардын жана автобустардын санын көбөйтүү мезгилдин талабы. Автобустарды мүмкүн болушунча газга өткөрүү кажет. “Эгерде мамлекет субсидия берип, бизнеске демилге берсе анда гибрид унааларды алып келип, калк ичинде суроо-талап жаратса болот”,-дейт “Биз эксперт” эксперттик тобунун төрагасы Улук Кадырбаев.
Эксперттердин эсеби боюнча ирригациялык системалардын начарлыгынан улам арык аркылуу аккан суудан, башкача айтканда, түбү цементтелбеген арыктардан акан суунун эсебинен биз жылына 2,5 млрд куб суу жоготобуз. Натыйжада кум аралашкан суулар көп болууда. Мындан сырткары айыл-чарбасы дарылар жана жер семирткичтер себилген талааларды сугаруу менен дагы суу сактагычтардагы сууларды булгоодо. Эгерде тамчылатып сугарууга өтсөк анда топурак үчүн дагы жакшы болмок дагы сууну дагы үнөмдөмөкпүз.
Эгерде химиялык дарылардан баш тартып, биогаз алуу үчүн колдонулгандан кийин калган жер семирткичтерди пайдалансак, анда келечек муун үчүн жерибизди дагы сактап калмакпыз. Айылдарда таштанды көп чыкпай, бекер газ дагы болмок. Эгерде жылытуу үчүн энергиянын альтернативдүү түрүн колдонсок, анда абал бир топ жакшырмак.
Экологиялык жактан таза, пайдалуу өнүм деген бренд түзсөк баа бир аз кымбатыраак болгону менен суроо талап дагы ошончо болмок деп ойлойм. Биз Дүйнөлүк соода уюмунун, ЕАЭБдин, Европа биримдигинин мүчөсү болуп туруп дагы өнүмдөрдү сатуучу рынокторду издеп келебиз. Кытай менен келишим бар, бирок рынокко чыга албай келебиз. Рынок бар, эң башкысы экологиялык жактан таза деген стандартка ылайык өнүм болуусу керек, ошондо гана бизде эч кандай тоскоолдуктар жаралбайт. Бул жагынан биз тиешелүү деңгээлге көтөрүлө албай жатканыбызды моюнга алуу керек.
Күн коллекторлоруна, биогаз жабдууларына жана чакан ГЭСтерге басым жасоо керек.
Адамдын туруктуу өнүгүүсү жаратылыш менен тыгыз байланышта. Бул концепция КРны Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясында жазылган. Бул стратегияны ишке ашыруу өкмөттүн же бизнес коомчулуктун гана эмес ар бир жарандын милдети экенин унутпоо керек. Биз ич ара сүйлөшүп, эн башкысы Ата Мекенибиз экенин унутпашыбыз абзел.
Келечек жашыл экономикада жана биз мезгилден артта калбайлы.
Ислам ЖОЛДОШОВ