Кыргызстандагы көптөгөн жарандар көйгөйлөрүн чечүү үчүн мамлекеттин көзүн карап отурушса, арасында маселелерин өз алдынча чечип жаткандары да жок эмес.
Ал эми азыр болсо жаштардын демилгелери ишке ашып, өзгөрүүгө багыт алгандар тууралуу жазууну туура көрдүк.
Мисалдар жакырчылык өкүм сүрүп, миграцияга агылып жаткандар көп болгон Кыргызстандын аймактарынан алынды.
1-мисал
Миң-Куш айылы – Нарын облусундагы тоолуу аймакта жайгашкан калктуу конуш. Совет жоорунда ал жакта 12 миң киши жашачу, бирок кийин жумушсуздук күч алганы ал жакта болгону 3400 адам калган. Бул айылдын жашоочулары үчүн башка аймакта жеткиликтүү болгон нерселер олуттуу көйгөйгө айланган. Мисалы, эмерек сыяктуу керектүү буюмдарды алуу үчүн алар Бишкекке келүүгө аргасыз. Борборго жетүү үчүн алар убактысын жана акчасын коротуп 360 чакырым жол жүрүүлөрү керек. Натыйжада товардын баасы айылга жеткиче жогорулап кеткени менен жашоо шарты төмөн бойдон эле калып келет.
Бирок Миң-Кушта жашаган активдүү жаштардын демилгеси менен учурда ал жактан эмеректерди табууга болот жана жада калса жакыр жашагандар үчүн дагы эмеректин баасы жеткиликтүү болууда! Бул айылда «Жаш Уста» деп аталган эмерек жасоочу жай ачылып, ашканага керектүү эмеректер, шкафтар, жумшак эмеректер жасалууда. 3 ай ичинде эле цехтин усталары тарабынан 20 буйрутма алынып, алар ээлерине тапшырылган.
Бул айылдын жаштары маңдай тери менен каражат тапса болорун түшүнүп, алкоголдон алыс болуп иш башташкан. Албетте иш баштоо оңойго турган эмес, жаштарда тиешелүү имарат, жабдуулар жок эле. Алар жергиликтүү бийликке кайрылып, каралбай калган складды ижарага алышкан. Ал жерди өз күчтөрү менен оңдоо-түзөөдөн өткөрүшсө, айылдыктар эски жабдууларын беришкен. Айылдыктардын мындай аракетин көргөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги колу билген усталарды таап, электр энергиясын тартып беришкен. «Жашстан» долбоору болсо станок алуу үчүн каражат бөлүп берген.
Маалымат үчүн: «Жашстан» долбоорун эл аралык Search for сommon ground (Жалпы кызыкчылыктарды издөө) уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Мамлекеттик жаштар, дене тарбия, спорт агенттиги менен өнөктөштүктө жана БУУнун Тынчтык куруу фондунун колдоосу менен ишке ашырат.
3 айда кеткен чыгымдардын 90 пайызы жабылып, эмерек жасатуу үчүн кезекке тургандардын саны да көбөйгөн.
«Жаш Уста» цехи болсо өндүрүш базасын кеңейтип, жакынкы арада каалоочуларга устачылыкты да үйрөтүүнү көздөөдө.
2-мисал
Ысык-Көл облусунун Саруу айылында жыл сайын жемиштер бекер эле чирип кетчү. Жылына 10 тонна алма, алмурут, абрикос ээсиз калчу. Ал эми КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин изилдөөсү округдагы 3 миңден ашуун балдар керектүү болгон витаминдерди албай, авитаминоз болуп жатканын билдирген. Ошондо жергиликтүү жаштар жемиштерди кургатууну колго алышып, цех ачууну чечишкен.
Айыл өкмөтүнүн колдоосу менен жергиликтүү мектептин базасында кургатуучу цех ачылган, ал эми администрация менен сүйлөшүүлөр жүрүп, окуучулар арасында жемиштерди чогултуу боюнча акция жүргүзүлгөн. 2 күндө эле 2,5 тонна жемиш чогулган. Бара-бара бул акцияга окуучулардын ата-энелери дагы тартылган. Долбоордон келген гранттык каражаттарга кургатуучу шкаф алынып, эми апта сайын мектепте 18 кг как жаралууда. Алар мектептин ашканасына компот жасоо үчүн берилип келет. Ал үчүн 300 кг жемишти иштетүү зарыл.
Учурда 250дөн ашуун 1-класстан 4-класска чейинки мектеп окуучулары кактан жасалган компотторду ичип келишет. Ал эми саруулуктар дагы бир кургатуучу шкаф алууну пландашууда. Себеби быйыл багбандар менен сүйлөшүү болуп, алар товардык көрүнүшү начар болгон жемиштерин бекер эле цехке берүүгө макул болушкан. Учурда Саруудагы дагы бир мектеп жана бала бакча балдары үчүн жергиликтүү кактан компот кайнатууну пландап жатат: июнь-июлда – абрикостордон, жана эрте быша турган алмалардан, ал эми күзүндө – алмадан жана алмуруттан. Бул өсүп келе жаткан жаш муундардын ден-соолугуна кам көрүүгө жардам берет.
3-мисал
Ал эми Талас облусунун Манас айылынан көптөгөн жылдардан бери жаштар чет жакка кете башташкан. Буга айылда жумуш жоктугу себеп болгон. Ошентип айыл жаштары абалды өзгөртүүнү көздөп, Жаштар борборун ачышкан.
Башында активисттер Айыл өкмөтүнөн жардам сурап кайрылышып, райондук администрация Жаштар борборуна каралбай калган Маданият үйүн берген. Бирок ал жакта жылытуу системасы жок болгондуктан аны жасоо өтө кымбатка турмак. Натыйжада райондук администрация жергиликтүү почта бөлүмүнүн 2 кабинетин бөлүп берген. Жаштар «Жашстан» долбоору бөлгөн каражатка ал бөлмөлөрдү оңдоп алышып, жылыткыч, эмерек, компьютер, принтер сатып алышкан.
Дал ушул жерден борборго жаштарды кантип тартуу керек деген маселе жаралган. 19 айыл бар болгону менен жаштар азыркы абалына деле ыраазы экени билинип турган.
Ошентип иш башталып, активдүү жаштар өзү менен тең курбулары үчүн иш планын түзө башташкан. Аптасына Манас районунан 5 айылды кыдырып башташкан. Алар жаштарды чогултуп учурдагы актуалдуу маселелерди талкуулоону максат кылышкан. Ошентип жыйындын катышуучулары социалдык долбоорлорду жаза башташкан. Айыл өкмөттүн жардамы менен жана гранттык каражаттарга компьютердик жана тигүүчүлүк курсун ачышкан.
Ошентип 19 айылдын жаштарынын биринчи жолугушуусу болуп, анда жаштар кыйынчылыктары жана ийгиликтери менен бөлүшүшкөн. Жолугушуу жаштар айыл жашоосуна кайдыгер эмес экенин көрсөттү. Жергиликтүү жаштар кинотеатр ачуу тууралуу да ойлонуп жатышкан маалы.
«Жашстан» долбоорунун менеджери Евгений Бадиловский жаштар 1000ден ашуун окуучулардын тамак рационун жакшыртканын, жакыр жашагандарга арзан эмерек алууга мүмкүнчүлүк түзгөнүн билдирди. “Жаштардын баарын бир нерсе – ата мекенге болгон сүйүү бириктирип турат”,-деди ал.
Ийгиликке карай жол кичине кадамдардан башталат эмеспи. Жаштарга ак жол тилейли!
Ирина Байрамукова