• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жашоо экономикасы

22

👁 2,362

Жыйырма жыл мурун “жашыл экономика” деген концептуалдык түшүнүк пайда болду. Анын негизин экологиялык коркунучтарды эске алуу менен ресурстарга аяр мамиле кылуу түзөт.

Планетадагы ресурстар түгөнүп калат. Экологдор климат өзгөргөнүн айтышып, адамзаттын жашоосун сактап калуу жолун издеп, коңгуроо кагып келишет. Адамзаты башка системага өтүп, экологиялык коркунучтарды эске алып иш алпаруусу кажет.

Жыл сайын дүйнөдө изилдөөлөр жүрүп, “жашыл экономика” тренди күч алууда.

Акыркы жылдары Кыргызстандагы климат дагы өзгөрүүдө. Мөңгүлөрдүн ээрип жатышы, кыштын ызгаардуу суук болушу, жайдын кургакчыл болуусу буга далил. Мындан сырткары жерлердин бузулуусу, жайыттардын такырлануусу дыйкандар үчүн дагы бир катар көйгөйлөрдү жаратып келүүдө. Баарынан мурун кыргыз экономикасынын негизги бөлүгү болгон айыл-чарба тармагы жабыр тартып жатат.

Мурда экологияга көп көңүл буруп келишсе учурда экономика жаратылыштан көз каранды жана анын компоненттеринин бири болуп саналат.

Экономика 3 нерседен түзүлөрүн бизнестегилер билиши керек:

  1. Аалам кеңейгени менен экономикада кеңейүү мүмкүн эмес. Мейкиндик чектелген.
  2. Ресурстар чектелүү болгон учурда саны өсүп жаткан калктын талаптарын аткаруу мүмкүн эмес.
  3. Дайыма экономикалык өсүү мүмкүн эмес — өнүксө гана болот.

Заманбап экономикалык системанын кемчилиги көп. Системанын кемчилиги жана жаратылыш менен болгон байланышы куралсыз көзгө эле көрүнүп турат.

Ооба, адамдардын жашоосу жетиштүү болуп баштады, айрым өлкөлөрдө абдан жакшы жашашууда, бирок бул медалдын бир гана бети. Экинчи бети – бул климаттын өзгөрүүсү, такырлануу, жакырчылык, жаратылыш кырсыктарынын көбөйүүсү. Жакырчылыктын кулач жаюусу, таза суунун, энергиянын, азык-түлүктүн жетишсиздиги ж.б. Бул келечек муун үчүн түздөн-түз коркунуч жаратып келет.

Кыргызстанда экономиканын флагманы болгон тармактар бар – тоо-кен өнөр жайы жана жеңил өнөр-жайы. Эмгекке жарамдуу адамдардын 30%ы айыл-чарбасы менен алек болуп келишет. Ишкерлик болсо толугу менен климаттык шарттардан көз каранды. 2016-жыл жаанчыл болгондуктан көпчүлүк дыйкандар аз түшүм алып калышкан – жашылчалар чирип баштаган. Ысык-Көл облусунда картошканын түшүмү жер арыктап кеткендиктен начар боло баштаган. Баткен облусунун Лейлек районунун айылдарынын биринде жана Ала-Бука районунун талааларында буудайдын оорусу бар экени белгилүү болгон. Биздин дыйкандар Кудайдан гана суранып отурушат.

Кыргызстанда жыл сайын түшүмдүүлүк азая берет. Ансыз деле ата мекендик буудайга болгон талап аз, себеби клейковинасы аз. Изилдөөлөргө ылайык, 2100-жылга карата Кыргызстандын жоготуусу 103 млн доллар болот.

Ошондой эле гидроэнергетикага дагы өзгөчө көңүл буруу керек. Өлкөдөгү электр энергиясынын 70%дан ашууну ГЭСтер аркылуу алынат. Бирок бул дагы жетишсиз. Токтогул суу сактагычында суу аз болгондо веердик өчүрүүлөр болгону ар бир кыргызстандыктын эсинде. Бул экономика жаратылыштан канчалык көз каранды экенин көрсөтүп турат.

Эгерде экономикалык системаны кайра куруп, жаңы, сапаттуу деңгээлге чыкпасак, Менделеевдин таблицасында көрсөтүлгөн баардык кен байлыгы бар өлкөдөн эң артта калган мамлекетке айланып калышыбыз толук ыктымал.

Дүйнөдө “жашыл экономика” принциптерин ийгиликтүү колдонгон кичинекей өлкөлөр бар жана бул аларга айрым жеңилдиктерди берет.

Башкалардын тажрыйбасы

Мисалы скандинавия өлкөлөрү. Эгерде тенденцияларга карай турган болсок, скандинавия аймагындагы мамлекеттердин көбү туруктуу өлкө болуп саналат. Дания, Швеция, Норвегия, Финляндия, Исландия. Бул өлкөлөр бат эле стагнация болот дешкен, бирок алар экономикалык системасын карап чыгып, альтернативдүү ыкмаларга өтүшкөн. Бул өлкөлөр үчүн экология экономиканы өнүктүрүүдө эң башкы ролду ойнойт.

Айлана-чөйрөнү коргоо маселеси калктын 90%ы үчүн приоритеттүү. Мисалы, Данияда жаратылышка зыян келтирген баардык ишканаларга атайын салык салынып, пестициддерди колдонулгандар дагы салык төлөшөт. Мунун эсебинен ресурстарды сактоону киргизген чакан жана орто ишканалар өкмөттөн инвестиция түрүндө 50% компенсация алышат. Учурда Данияда таштандыларды көмүүгө дагы атайын салык киргизишкен, мунун эсебинен курулуш таштандыларынын көбү кайра иштетилип баштаган. Мындан сырткары ашыкча таштанды чыгара турган товарларга болгон чектөөлөр да бар. Бөтөлкөнүн 20 түрү, экосумкалар ж.б.

Бул мамлекет кайра калыбына келүүчү электр булагын колдонот. Кыргызстан үчүн бул кымбат технология, бирок башка ыкмалар деле бар. Мисалы, Стэндфорд университети иштеп чыккан кремнийден жасалган күн панелдери.

Скандинавия өлкөлөрүндө жылуулукту сактоочу технологияны колдонуп, биожабдууларды коюп алышкан. Мунун эсебинен энергиянын 55–60%ы үнөмдөлөт.

Мындан сырткары Даниядагы имараттардын чатырларына өсүмдүктөр өстүрүлөт. Алар көмүр кычкыл газын сиңирип алып, кычкылтек бөлүп чыгарып турат.

Эмнеге Данияны мисал кылып алдык? Себеби дал ушул өлкөдө жашоочулар акционер болушат. Алар энергияны үнөмдөөчү мекемелерди куруу үчүн чогулушуп, акционердик коомдорду түзүшүп, курулушка инвестиция кылышат. Бул өз жашоосу жана келечек муун үчүн чоң жоопкерчилик. Копенгагенде шамалдан алынган электр энергиясынын 20%ы акция катары сатылат. Бул адамдарды шыктандырат.

Данияда айлана-чөйрөгө көп зыян келбеши үчүн кандай экономикалык мезанизмдерди колдонушат? Мисалы канча таштанды ыргытсаң ошончо каражат төлөйсүң. Ошондуктан адамдар таштандыларды сорттоп салышып турушат. Бизге салыштыра турган болсок Данияда таштанды менен муниципалдык кызматтар эмес, жеке компаниялар алек болушат.

Даниялыктар мыйзамга баш ийип жашашат жана экологиясына кам көрүп келишет.

Масштаб

Дүйнөлүк экономиканын “жашыл” тармагынын масштабы чоң эмес, ошондуктан атайын китепте “жашыл экономика” менен катар эле “жашыл өсүмдүктөр” (greenshoots) деген термин бар. Айрым өлкөлөр бул тармакка көңүл буруп жатканы байкала баштады.
  • АКШда “жашыл экономика” 600 слрд долларлык (4,2% ИДП), өнүм жана кызмат берет. Бул тармакта 3 млн адам эмгектенет;
  • Японияда ИДПга карата 3,4%, 1,5 млн адам;
  • ЕБ өлкөлөрүндө ИДПга карата 2,5%3,4 млндон ашуун адам, бирок айрым өлкөлөрдө көрсөткүч жогору;
  • Германияда 4,8% плюс экологиялык жактан таза товарларды жана кызматтарды экспорттоо боюнча лидерлик. (климатты сактоо боюнча жабдуу менен соода кылуу 12%дан ашуун);
  • Улуу Британияда ИДПнын жашыл сектору дүйнөлү лидерликке жеткен. 2009-жылы 240 млрд долл. (же ИДПнын 8,8%ы), экспорттогу көлөмү 5%, жалпы иштегендердин — 3%ы.

Кыргызстан эмне кылуусу керек?

Маселени чечүү үчүн мамлекет, бизнес жана жарандык коом биргелешип иш алпаруулары керек.

Экология үчүн жоопкерчиликти баары түшүнүүсү керек. Жөн гана сындап же көңүлкош карап тура берүү болбойт.

Биз берген сунуштар эске алынып, максималдуу түрдө колдонулушу керек деген ойдобуз.

  • Имараттарды курууда эффективдүүлүктү жана энергияны үнөмдөө стандарттарын максаттуу колдонуу керек.
  • Мамлекеттик сатып алууларда энергоэффективдүүлүк талаптары эске алынуусу зарыл.
  • Энергияны үнөмдөө программасын реалдуу сектордо колдонуу керек, тактап айтканда, өндүрүшкө багытталган ири компаниялар электр энергиясын үнөмдүү колдонуусу керек.
  • Кайра калыбына келүүчү электр булактарды өнүктүрүү керек жана эскирген жабдууларды алмаштырып, кайра калыбына келүүчү электр булактарынын жабдууларын коюу абзел.
  • Электр энергиясы үчүн ар кандай баа системасын өндүрүүнүн технологиясы жараша киргизүү

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй “жашыл экономика” аймактык өнүгүүгө жол ачып, социалдык туруктуулукту камсыз кылат, “жашыл экономика” тармагында жумушчу орундарды түзөт.

Бизден башка эч ким бул нерсени кылбайт. Ал үчүн жаңы институттарды түзүүнүн зарылчылыгы жок. Эски ыкмаларды колдонуу менен эле жаңы нерселерди киргизүүгө толук мүмкүн.

Назира Жуман

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости