Чет өлкөдөн мыйзамсыз жүк ташып келген унааларга салынуучу айыптардын өлчөмү жогорулатылат. Бул тууралуу өзгөртүүлөр Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске кошумчаланууда.
Болбосо, биздин жарандар чет өлкөлөрдө жүк ташууда мыйзам бузса, ири суммадагы айыпка жыгылышат. Ал эми жергебизде жүргөн чет өлкөлүк жүк ташуучулар үчүн салынып келген айып өлчөмү болоор – болбос гана каражатты түзөт. Ошондуктан, бул теңсиздикти жоюу үчүн Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске өзгөртүүлөр киргизилмекчи. Эгер буга чейин айып өлчөмү 10 миң сомго чейин болсо, эми аны 50 миң сомго чейин көбөйтүү жагы каралууда. Бул тууралуу КР транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов, 3-апрелде “Парламент” радиосунда курган маегинде билдирди.
Ошондой эле министр жолдордун абалы тууралуу да маалымат берди. Анын айтымында, өткөн жылы Өзгөн районундагы табият кырсыгынан зыянга учураган жолдор акырындык менен калыбына келтирилүүдө. “Мисалы, аталган Өзгөн районуна караштуу “Ынтымак” жана “Ана-Кызыл” айылдарында, андан башка дагы эки жаңы конуштагы жолдорго шагыл төгүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул жергиликтүү тургундардын карым –катнашына ыңгайлуу шарт түзөт”,- дейт Жамшитбек Калилов.