• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жалал-Абад жана Каракол үчүн өнүктүрүү программалары иштелип чыкты.

????????????????????????????????????

👁 806

Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында “2017–2020-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө” Өкмөттүн токтом долбоору бекитилди.

2017–2020-жылдардын мезгилине Региондук саясат концепциясынын долбоору конкреттүү калк конуштарын өнүктүрүүнүн деталдаштырылган программаларын даярдоо үчүн базистик конструкцияларды түзүү максатында иштелип чыкты.

Ушул стратегиялык документтин долбоорунда региондорду өнүктүрүүнүн негизги мамилелери, багыттары түзүлдү жана региондорду өнүктүрүүнүн жаңы мамилелери сунушталууда – ал, бардык аймактардын социалдык – экономикалык абалын тегиздөө саясатынан, региондук өнүктүрүүнүн башаты боло турган, атайын тандалып алынган калктуу конуштарды өнүктүрүү аркылуу өз алдынча өнүктүрүү саясатына өтүү.

Ушул Концепцияда алардын базасында өнүктүрүү борборлорун түзүү үчүн 20 пилоттук шаарларды жана башка калктуу конуштарды бөлүп алуу каралууда, алар – Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, Кара-Балта, Талас, Исфана, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, Сары-Таш, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен, Кочкор – Ата.

Региондук саясат концепциясынын долбоору бекитилгенден кийин, ар бир тандалып алынган шаарлар жана башка калктуу конуштар үчүн программа/ бизнес-план иштелип чыгат.

Алгачкы этапта ар бир этап 5–6 калктуу конуштар үчүн болот. Азыркы учурда, Өкмөттүк комиссиянын алкагында Ош, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Талас, Баткен шаарларын өнүктүрүү программалары боюнча тийиштүү иш-чаралары жасалууда. Алардын ичинен Жалал-Абад, Каракол шаарларын өнүктүрүү программасы иштелип чыкты.

Региондук саясаттын негизги максаты — өзүнө өнүгүү борборлорун жана тийиштүү айылдык аймактарды камтыган, негизги аймактардын өнүгүүсүн бир жерде топтоп колдоо аркылуу калктын жашоо сапатын жана бакубатчылыгын жогорулатуу үчүн республикадагы региондордун тездетилген социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу.

Аталган токтомдун долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Учурда бар болгон ресурстар жана экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу өнүгүүнүн башаты болот.

Бул үчүн тандалып алынган шаарларда ыңгайлуу жашоо үчүн бардык шарттар түзүлөт – бул шарттардын болушу, жумушчу орундардын түзүлүшү, коомдук коопсуздук жана социалдык кызматтардын сапаттуу болушу.

Өнүктүрүү борборлорунда калкты жана бизнести тейлөөчү борборлор болот.

Ошондой эле скверлер, сейил бактар, маданий-тарыхый жана башка инфраструктура бар болот.

Ошондой эле калктын экономикалык активдүүлүгүн арттыруу үчүн ишкерлерди колдоо фонддору ачылат.

Мындан сырткары “Жеткиликтүү турак-жай” программасынын алкагында социалдык турак-жай берүү каралат.

Региондорду өнүктүрүүнүн көп факторлуу экенин эске алып, функционалдык багыттарга байланыштуу максаттар аныкталды. Социалдык максаттар калктын бакубатчылыгын жогорулатууга жана жашоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталат, демографиялык максаттар — ден-соолугу чың адамдардын төрөлүшүн көбөйтүүгө, экономикалык — калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана анын мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга, экологиялык — курчап турган чөйрөнүн туруктуулугуна жана калыбына келип турушуна жана маданий максаттар — региондордо жашоонун маданий формаларынын көп түрдүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

Бульконцепциянын алкагында министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана башка Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдары бир айдын ичинде, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине 2018–2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Планына киргизүү үчүн сунуштарды берди.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости