• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык өнүүгүсү боюнча I кварталдын жыйынтыгы

11

👁 2,138

2018-жылдын I кварталынын жыйынтыгы менен Жалал-Абад облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги экономикалык көрсөткүчтөрү аткарылып, 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи камсыздалды.

Өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн берген маалыматына караганда үч айда облуста өнөр жайда 6516,9 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылдын 3 айына салыштырмалуу өсүү темпи -101,8 %ды түздү. Айыл чарба, аңчылык жана токой чарбасынын өндүргөн продукциясынын көлөмү 3646,7 млн. сомду түзүп, өсүү темпи 102,5% болду. Чекене товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмү салыштырма баада 5754,9 млн. сомду түзүп, 103,8 % болсо, кызмат көрсөтүүнүн көлөмү салыштырма баада 1322,4 млн. сомду түзүп, өсүү темпи -100,8% болду. Ал эми автотранспорт менен 2449 млн. тонна жүк ташылса, автотранспорт менен жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү 177,1 млн.  жүргүнчү/км түзгөн.

Негизги капиталга инвестицияларды тартуунун жалпы көлөмү 20 млрд. 399 млн. сомду түзүп, 2017-жылдын 3 айына салыштырмалуу салыштырма баада өсүү темпи -132,3% камсыздалды.

Бюджеттин аткарылышы

2018-жылдын январь-март айында облуста мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо салык төлөмдөрүнөн жалпысынан 10003,0 сом жыйналып, план-божомолу 101,3% аткарылган.

Үстүбүздөгү жылдын үч айында облустун 10 айыл аймагы өзүн өзү жергиликтүү бюджеттен камсыздай алды.

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында

Президент Сооронбай Жээнбековдун быйылкы жылы аймактарды өнүктүрүү жылына карата облустук уюштуруу комиссиясы тарабынан 2018-жылга аймактарды өнүктүрүү боюнча 116 иш-чаралар планы бекитилген. Анын ичинен:

    • Облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын камсыздоо үчүн — 2;
    • Өнөр жай тармагын жана өнөр жай тармагында кичи жана орто ишкердүүлүктү өнүктүрүү багытында — 16;
    • Айыл чарба, ирригация, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармактарын өнүктүрүү боюнча — 24;
    • Инфраструктураны, калкты таза суу менен камсыздоону өнүктүрүүгө - 7;
    • Туризмди өнүктүрүүгө - 3;
    • Билим берүү тармагын өнүктүрүүгө - 20;
    • Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө - 9;
    • Маданият жана спорт тармагын өнүктүрүүгө - 24;
    • Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, экологиялык коопсуздук жана айлана чөйрөнү коргоону өнүктүрүүгө — 11 иш-чаралардын аткарылуусу каралган.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу

Бекитилген иш-чаралардын алкагында, аймактарды өнүктүрүү иш-чараларында калкты таза суу менен камсыздоо негизги багыттардан болуп саналат. 2018-жылга бекитилген иш-чараларда Европалык Өнүктүрүү жана кайра куруу Банкынын каржылоосунда Токтогул, Майлуу –Суу шаарларынын суу түтүктөр тутумун реабилитациялоону баштоо, Жалал-Абад шаарындагы долбоорду бүткөрүү каралган. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарынын суу түтүктөр жана саркынды суу каналдар тутумун реабилитациялоо боюнча сметалык баасы 8,2 млн. евро каражат каралып, долбоорду 2018-жылдын 1-июлуна толук бүткөрүү иштери жүрүүдө. Ала-Бука районунун Өзбекстан Республикасы менен чектеш жайгашкан 1-Май айыл аймагындагы 4 айылды ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн сметалык баасы 15,0 млн. сомдук көлөмү 400 м3 суу кампасын жана ичүүчү суу тутумдарын куруу иштери жүрүүдө. Бул объектиге Ала-Бука районунун өнүктүрүү фондусунан 11,5 млн. сом каржылоо каралган. Ошону менен бирге республикалык бюджеттин 2018-жылдагы «Капиталдык салымдар» беренесине облус боюнча калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо системаларын куруу багытында 12 объект, анын ичинен Аксы районунан -2, Базар-Коргондон -4, Ноокенден –2, Сузактан -3 жана Тогуз-Торо районунан 1 жаңы объектилер киргизилген жана учурда аталган объектилерди долбоорлоо иштери башталды.

Билим берүү тармагында

20 объектинин, анын ичинен 12 мектептин жана 8 мектепке чейинки билим берүү объектилеринин курулуштарын бүткөрүү каралган. Бүгүнкү күндө Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагында №9 Ж. Асанов орто мектебине 100 орундуу балдардын жатаканасынын курулушу бүткөрүлдү. 2018-жылдын 1-апрелине областтын аймагында 283 мектепке чейинки билим берүүчү мекемелер катталып, аларда жалпысынан 31894 бала тарбияланып, камтуу көрсөткүчү 30,5% түзүп, камтуу көрсөткүчү 2017-жылдын 3 айына салыштырмалуу 3,1%га өскөн. 2018-жылдын 1-кварталында областта 5 мектепке чейинки билим берүү мекемелери ачылган. Алар, Сузак районунда 1, Тогуз-Торо районунда 1, Жалал-Абад шаарында 3 жеке менчик мектепке чейинки билим берүү мекемелери.

Саламаттыкты сактоо тармагында

Калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында областтык клиникалык ооруканынын төрөт үйүнө республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүп жатат. Германия мамлекетинин колдоосу менен областтык клиникалык ооруканасынын 60 орундуу ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмү жабдыктары менен 3 млн. евро акча каражатына имаратынын курулушу, областтык клиникалык оорукананын аймагында 2018-жылдын 4-мартында “Ас-Салам” гуманитардык фондунун каржылоосу менен күйүктөн жабыркагандарды дарылоочу 50 орундуу борбордук имараттын курулушунун алгачкы этабы башталды;

2018-жылдын 20-февралында “Ас-Салам” гуманитардык фонддун колдоосу менен областтык үй-бүлөлүк медицина борборуна караштуу тез жардам бөлүмүнүн имаратынын, Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 орундуу оорукананын имаратынын курулушу башталды;

Чаткал районундагы Терек-Сай айылында аймактык оорукананын филиалынын кошумча эки кабаттуу имаратынын курулушу Чаткал районунун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, бүткөрүлүп пайдаланууга берүү алдында турат.

Айыл чарба тармагында

2018-жылдын түшүмү үчүн областтын аймагында айыл чарба эгиндеринин божомолдуу структураларына ылайык жалпы аянты 154300 га жерге айыл чарба эгиндерин эгүү пландаштырылган. Анын ичинен 2017-жылы 15086 га күздүк эгилип, 38289 га тоңдурма айдалган.

2018-жылдын 19-апрелине карата оперативдүү маалыматтар боюнча айыл чарба эгиндеринен бардык дан эгиндери 18236 га, анын ичинен буудай -2975 га, арпа -6132 га, дандык жүгөрү -8547 га, дан буурчактуулар -582 га, май өсүмдүктөрү -10692 га, картошка -3512 га, жашылча -6924 га, азык-түлүк бакчасы -2821 га, пахта -5505 га, тоют өсүмдүктөрү -423 га эгилди. Жалпысынан 48113 га аянтка жаздык себүү эгиндери эгилди.

Жалал-Абад областынын өлкөбүздүн башка аймактарынан өзгөчөлүгү областа 27 токой чарбаларынын, анын ичинде Арстанбап, Карала-Алма, Кызыл-Үңкүр жаңгак токойлору жайгашып, жылына 10,0 миң тонна – жаңгак, Аксы, Ала-Бука райондорунда кара кайналынын жылына -35,0 миң тоннадан жана пахтанын -40,0 миң тоннадан ашуун өндүрүлүүсү аталган продукциялар областтын бренди болуп саналат.

Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана экспорттоо

Областтын айыл чарбасын өнүктүрүүдө кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү негизги багыт болуп саналат. Бүгүнкү күндө областта жалпысынан 204 кайра иштетүү өндүрүштөрү, анын ичинен мөмө-жемиштерди иштетүү ишканалары –5, кара кайналыны кургатуу цехтери -127, пахта тазалоочу заводдор -10, эт азыктарын иштетүү цехтери (колбаса) -4, сүттү кайра иштетүү цехтери -7, ун чыгаруучу тегирмендер -28, мал союучу жайлар -23 иштейт. Мындан тышкары күрүч тазалоочу, май чыгаруучу чакан өндүрүштөр иштейт.
Фото: интернеттен алынды
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости