• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жалал-Абад облусу биринчи жолу экономикалык көрсөткүч боюнча экинчи орунду алды

zhalal-abad-5

👁 2,723

2017-жылдын жыйынтыгы менен облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодо, ирригация тармагынын, жолдордун абалын жакшыртууда, калкты ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоодо, социалдык объектилерди курууда бир топ алгылыктуу иштер ишке ашырылды.

Натыйжада, негизги экономикалык көрсөткүчтөрдөн:

  • өнөр жайында жалпы суммасы 24 млрд. 482,3 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, 2016-жылга салыштырмалуу физикалык көлөмүнүн индексинин өсүү темпи -144,1%;
  • айыл чарба, аңчылык жана токой чарбасынын өндүргөн продукциясынын жалпы суммасы 39 млрд. 752,6 млн. сомду түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу салыштырма баада реалдуу өсүү -102,7%;
  • чекене товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмү салыштырма баада 56 млрд. 760,8 млн. сомду түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу салыштырма баада өсүү темпи -107,3%;
  • кызмат көрсөтүүнүн көлөмүнүн жалпы суммасы 7 млрд. 621,5 млн. сомду түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу салыштырма баада өсүү темпи -101,2%;
  • автотранспорт менен жүк ташууда 2016-жылга салыштырмалуу өсүү темпи -102,2%;
  • автотранспорт менен жүргүнчүлөрдү ташууда 2016-жылга салыштырмалуу өсүү темпи –103,6%;
  • Негизги капиталга инвестицияларды тартуунун жалпы көлөмү 20 млрд. 372,9 млн. сомду түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу салыштырма баада өсүү темпи -103,5% камсыздалды.

Бюджеттин аткарылышы:

2017-жылдын жыйынтыгы менен оперативдүү маалыматтар боюнча облустта мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо жалпысынан 3 млрд. 677,9 млн. сомго аткарылып, план-божомолу -102,9%, анын ичинен республикалык бюджетке чегерилүүчү салыктардан 2 млрд. 392,2 млн. сом жыйналып, план 101,8%, жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү салыктардан 1 млрд. 285,7 млн. сом жыйналып, план -104,8% аткарылды.

2017-жылы облустун аймагында 130 жаңы ишканалар ишке киргизилип (өнөр жайында -34, соода борбору -28, кызмат көрсөтүү -58, айыл чарбасында 10 (анын ичинен күнөскана 8), аларда жалпысынан 647 жумуш орундары түзүлдү.

Айыл чарбасында:

Ирригация тармагынын негизги объектилеринде: Майлуу-Суу суу тосмосунда -10,0 млн. сомдук, Көк-Арт суу тосмосунда -5,2 млн. сомдук  калыбына келтирүү иштери бүткөрүлгөн болсо, Кара-Үңкүр суу тосмосунда -14,0 млн. сом курулуш иштери кызуу жүрүүдө жана 2018-жылдын март айына бүткөрүү каралган.

Транспорт, жол чарба, байланыш тармагында:

    • “Балыкчы-Жалал-Абад” альтернативдик автожолдун облустун аймагы аркылуу өткөн участкасында (жалпы узундугу 143 км) жалпы узундугу 74 км асфальт төшөө, тунелдин курулушунда -1200 м аралыгын куруу иштери бүткөрүлдү;
    • Облустун аймагындагы автожолдорго, көчөлөргө жалпы узундугу 51,7 км –асфальтоо иштери аткарылган. Анын ичинен райондордун борборлорунун, шаарлардын көчөлөрүнүн абалын жакшыртууга республикалык бюджеттен колдоо көрсөтүү программасынын алкагында жалпысынан 24,3 км алсфальт төшөлгөн. Анын ичинен Аксы районунда -3 км, Ала-Букада–3 км, Базар-Коргондо -3 км, Ноокенде -3 км, Сузакта -3 км, Токтогулда -3 км, Чаткалда -1,8 км, Жалал-Абад шаарында -4,5 км асфальт төшөлгөн;
    • Мамлекеттик маанидеги автожолдорго жалпы узундугу 27,4 км асфальт төшөлгөн. Анын ичинен, 
    • Аксы районунда: “Кара-Жыгач-Сары-Челек” автожолуна -1,0 км, “Кербен-Жетиген” автожолуна -1,5 км, “Кичи-Акжол-Пионер лагерь” автожолуна –1,3 км;
    • Ала-Бука районунда: “Ызар-Гулистан” автожолуна -1,0 км;
    • Базар-Коргон районунда:”Актайлак-Ата-Кызыл-Ай” автожолуна -1,0 км, “Талдуу-Булак-Каба” автожолуна -1,1 км, “Базар-Коргон-Арстанбап” автожолуна -0,94 км;
    • Сузак районунда: “Жалал-Абад-Казарман” автожолуна -0,5 км, “Благовещенка-Кара-Көл” автожолуна -1,0 км, “Тайгараев-Ворошилов” автожолуна -3,0 км, “Нефтепром-Үч-Мазар” автожолуна -3,0 км, “Комсомол-Барпы-Түрк-Абад” автожолуна -1,0 км;
    • Ноокен районунда: “Ленин-Жол-Арал-Сакалды” автожолуна -1,0 км, “Бишкек-Ош” автожолунун Кочкор-Ата шаары аркылуу өткөн участкасына -0,3 км;
    • Майлуу-Суу шаарында: «Маданият-Майлуу-Суу» автожолунун жыл сайын сел ташкындарынан жабыр тарткан участкаларына 2 даана көпүрөнү куруу, 2,0 км жолго асфальт төшөө иштери бүткөрүлгөн жана жер көчкүсүнүн кесепеттерин жоюу үчүн «Майлуу-Суу-Сары-Бээ» автожолунда Майлуу-Суу дарыясынын оң жээги аркылуу 813,0 м жаңы жолдун курулушу (10,0 млн. сом) бүткөрүлгөн;
    • Токтогул районунда: “Үч-Терек-Өзгөрүш” автожолуна -4,0 км, “Бишкек-Ош” автожолуна -1,5 км, “Токтогул-Беш-Таш” автожолуна -1,9 км асфальт төшөлгөн.
    • 2004-жылдан бери көйгөйлүү маселе болуп келген Базар-Коргон районунун Могол айыл аймагындагы Чкалов айылына Кара-Үңкүр дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу (31,0 млн. сом) бүткөрүлгөн;
    • Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында суу ташкындарынан жабыркаган Кара-Үңкүр дарыясындагы жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн ордуна сметалык баасы 79,0 млн. сомдук узундугу 98,7 м жаңы көпүрөнүн курулушу 60% аткарылган;
    • «Жалал-Абад» аэропорту аркылуу «Жалал-Абад-Манас» авиакаттамы жумасына 3 рейс (шаршемби, жума, жекшемби күндөрү) 99 орундуу «БАЭ 146−200» маркасындагы учак тарабынан жүргүзүлүүдө жана «Жалал-Абад» аэропортун реабилитациялоого «Манас аэропорту» акционердик коому тарабынан 30 млн. сом бөлүнүп, аталган иштер жүрүүдө;
    • Облустун аймагында санариптик телеберүүгө өтүү Программасын ишке ашыруу боюнча тийиштүү иштер ишке ашырылып, облус боюнча жалпы 237296 кожолуктун ичинен  225432 кожолук (үй чарбалар) санариптик телеберүүгө кошулган, же кожолуктун 95% түздү.

Калкты ичүүчү суу менен камсыздоодо:

    • Жалал-Абад шаарында Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкнын (ЕӨРБ) каржылоосундагы шаардын ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо долбоорунун жалпы көлөмүнүн 75% ишке ашырылган;
    • Республикалык бюджеттин каржылоосунда 3 айылды ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу иштери жүрүп, анын ичинен Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагындагы Согот жана Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл аймагындагы Дөдөмөл айылдарында курулуш иштери бүткөрүлгөн;
    • Ноокен районунун Сакалды айыл аймагында ХЕЛВЕТАС тарабынан Чоң-Багыш айылындагы (400 кожолук 2702 адам) калкты таза суу менен камсыздоо боюнча жалпы сумммасы 4254,0 миң сомдук реабилитациялоо иштери бүткөрүлгөн. Бул иштерге ХЕЛВЕТАС тарабынан 3800,0 миң сом берилген. Ушул эле долбоордун алкагында Сузак районундагы Багыш айыл аймагында 3 млн. 340 миң сомдук жана Курманбек айыл аймагында Жоон-Күнгөй айылында 4 млн. 240 миң  сомдук ичүүчү суу системаларын куруу долбоорлору ишке ашырылган жана Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында 4 млн. 340 миң сомдук, Бешик –Жон айыл аймагында 3 млн. 940 миң сомдук ичүүчү суу системаларын реабилитациялоо долбоорлору ишке ашырылууда.

Саламаттыкты сактоо тармагында:

    • 2017-жылы 10 ФАПтын, Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын курулуштары бүткөрүлгөн болсо, областтык клиникалык ооруканын төрөт бөлүмүнө ремонт иштери жүргүзүлүп, эне жана балага ыңгайлуу шарттар жаратылган;
    • Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык кардио хирургия илимий борбордун имаратынын ангиография бөлүмүн ремонттоо иштери бүткөрүлүп, калкка кызмат көрсөтүүдө (2016-жылдын 11-ноябрында өткөрүлгөн марафондун эсебинен жыйналган 3500,0 миң сом каражатка);
    • Германия мамлекетинин колдоосу менен Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасында ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн 2 кабаттуу имаратынын (3 млн. 700 миң евро акча каражатына) курулушу жүрүп жатат;
    • областтык клиникалык ооруканага 4 млн. 200 миң сомдук “Фиброскан” (боор оорусун аныктоо үчүн аппарат) медициналык аппараты, алыскы райондордогу калктын ден соолугун жеринде кароо үчүн Россия Федерациясынын Өкмөтү тарабынан берилген 12 млн. 500 миң рублдик каражатына “Мобилдик көчмө клиника” берилип, тоолуу, алыскы шарты оор аймактарда жашаган калкты медициналык кароодон өткөрүүгө шарт түзүлгөн;
    • областтык репродукция борборуна Япон өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу” грант программасынын негизинде 85 миң АКШ долларына жана Ноокен аймактык ооруканасына 70 миң АКШ долларына, областтык оорукананын балдар бөлүмүнө 37 миң АКШ долларына медициналык аппараттар Япон Өлкөсүнүн элчиси Есихиро Ямамура тарабынан тапшырылып, калкка медициналык сапаттуу жардам көрсөтүүгө өбөлгө түзүлдү.

Билим берүү тармагында:

–2017-жылы окуу жылына жалпы 1900 орундуу 10 мектептин (Сузак районундагы Ырыс айыл аймагында 150 орундуу № 43 Карабаев атындагы негизги мектеби, Атабеков айыл аймагындагы 275 орундуу № 38 Д.Жунусов атындагы орто мектеби, Базар-Коргон районунда 250 орундуу № 16 К. Рахманов атындагы орто мектеби, Кызыл-Үңкүр а/аймагындагы 100 орундуу Чыйбылов атындагы орто мектеби, Чаткал районунда Каныш-Кыя айылындагы Чакмак-Суу 150 орундуу негизги мектеп) курулуштары бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген. Анын ичинен Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагындагы 150 орундуу №39 Бел-Терек орто мектебинин, Аксы районундагы 225 орундуу Улук жана 150 орундуу №18 Арстанбаев атындагы, Тогуз-Торо районундагы 225 орундуу Калдыбай атындагы, Токтогул районунун Көтөрмө айылындагы 225 орундуу К. Чокоев атындагы орто мектептердин окуу корпустарынын курулуштары бүткөрүлүп, окуу процесси жүрүүдө.

–2017-жылы 11 мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылып, мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин саны 269 жетип, аларда 30843 бала тарбияланып, камтуу көрсөткүчү 28,9% түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу 3,4% өскөн.

Дене тарбия жана спорт тармагында:

    • Калк арасында сергек жашоо мүнөзүн өнүктүрүү максатында демөөрчүлөр менен биргеликте Токтогул районунда 2 спорт зал, Аксыда –3 спорт зал, Базар-Коргон районунда 3 кичи футбол аянты, 1 спорт зал, Тогуз-Торо районунун Каргалык жана Атай айыл аймагында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 кичи футбол аянтчалары, Таш-Көмүр шаарында 1 кичи футбол аянты, Кара-Көл аарында 1 кичи футбол аянты, Жалал-Абад шаарында 2 кичи футбол аянты, Сузак районунда 1 спорт зал, 2 кичи футбол аянты, Ноокен районунда 1 спорт зал курулуп, пайдаланууга берилген.
    • Жалал-Абад шаарынын Московская көчөсүнүн “Элдик” мамлекеттик ишканасына таандык жер участкасы “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсына “Газпром-балдарга” Программасынын алкагында “Спорттук ден-соолукту чындоо” борборунун комплексинин курулушуна өткөрүлүп берилип, 2017-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин катышуусунда объектинин курулушунда капсула салынып, курулуш иштери жүрүүдө.
    • Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айыл аймагындагы борбордук стадионду реконструкциялоо (40 млн. сом) иштери башталган. Бүгүнкү күндө “Сантехмонтаж” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулуш иштери жүрүүдө.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости