Пландын аткарылышы – 113,3%.
Облустун жергиликтүү бюджеттеринин киреше бөлүгүнүн курамы:
- жөнгө салынуучу кирешелер (жогору жактан бөлүнгөн кирешелер) – 815 млн 372,2 миң сом;
- бекитилген кирешелер – 739 млн 500,2 миң сом;
- теңдештирүүчү трансферттер – 426 млн 91,9 миң сом;
- максаттуу трансферттер – 199 млн 675,8 миң сом, анын ичинде:
- кирешелердин түшпөй калуусу – 46 млн 966,5 миң сом;
- эмгек акы – 44 млн 266,3 миң сом;
- бийик тоолуу райондорго 50 % чегерүүлөр – 7 млн 738 миң сом;
- башка каражаттар – 100 млн 705 миң сом.
2017-жылы Жалал-Абад облусунун жергиликтүү бюджеттеринин чыгаша бөлүгү 2 млрд 23 млн 865,4 миң сомду түздү же 2016-жылдын ушул мезгилиндеги чыгымдардан (2 млрд 25 млн 749,3 миң сом) 1 млн 883,9 миң сомго азыраак аткарылды.
Алсак, чыгашалар төмөнкүлөргө жумшалды:
- жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга – 786 млн 975,5 миң сом (37,7%),
- турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө – 389 млн 460,9 миң сом (18,9%),
- экономикалык маселелерге – 55 млн 319,3 миң сом (5,1%),
- билим берүүгө – 631 млн 157,9 миң сом (30,8%),
- социалдык коргоого – 55 млн 317,7 миң сом (2,5%),
- эс алуу, маданият жана динге – 100 млн 453,9 миң сом (4,7%).