Эксперттердин пикиринде, тамак-аш маселесин чечүү санарип технологиялардын жардамы менен болот.
Компания тамак-аш рыногунун өнүгүшү боюнча 4 сценарийди иштеп чыккан:
1-Сценарий элдин бай катмарынын жашоосуна багытталган.
Тамак-аш өндүрүү үчүн көп ресурс керек болот жана өлкөлөр кедейлерге жана байларга бөлүнөт. Бүгүн буга дүйнөдө 2,1 млрд адам ашыкча салмактан жабыркап жатса, 800 млн адам ачкачылыкта жашап жатканы мисал.
Бирок эксперттер ачкачылык маселеси өтө курч болбой турганын айтышат. Технологиянын өнүгүүсү өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө үрөн жана жаңы технологияларды ташууга мүмкүнчүлүк берет. Мунун бир кемчилиги бар – жаңы технологиялардын келиши менен айлана-чөйрө маселеси келип чыгат.
Monitor Deloitte компаниясынын өкүлдөрү тамак-аш өнөр-жайын системдүү тарнсформациялоого өтүү керектигин билдиришет. Бул компаниялар сергек жашоону жарнамалап, эл аралык рыноктор ачык болуп, товарды жеткирүүдө мыйзам бузуучулук болбошу керек дегендик.
Мисалы, азыр дүйнөдө өнүмдөрдү басып чыгарган 3Dпринтерлер пайда болгон. Алар келечекте тамак-аштарды өндүрүүгө башка жол ачат.