• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жаңы транспорт министри “кылым курулушу” – Кыргызстан- Кытай темир жолу тууралуу айтып берди

zheleznaya-doroga-zhd

👁 817

Жогорку Кеңеште жаңы транспорт министри Жамшитбек Калиловдун катышуусунда “Ата Мекен” фракциясынын жыйыны болуп өттү.

Кытайдан Өзбекстан, Түркмөнстан аркылуу Европага транспорттук коридор болчу Кыргызстан-Кытай темир жолун куруу боюнча сөз болду. Белгилүү болгондой, Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев жакында эле Кытайга барып, Кыргызстандын жолду куруудагы катыштыгы тууралуу сүйлөшүп келди.

Бул долбоор биздин өлкө эгемендүүлүктү алгандан берки эң чоң долбоорлордун бири. Жада калса Бишкек-Ош жолунун курулушу, Нарын КЭС каскадынын курулушу сыяктуу долбоорлор стратегиялык мааниси жактан темир жол долбооруна тең келбейт. Бул долбоорду ишке ашыруу биздин жүктөргө Түркмөнстан аркылуу Персид булуңуна чыгууга жол ачат. Ал эми Кашгар тарабынан Индияга.

Темир жолдун жардамы менен жылына 12 млн тонна жүктү алып өтүүгө болот. Министр билдиргендей, темир жол Нарын жана Жалал-Абад аркылуу өтөт. 28 тоннель куруу каралууда. 28 тоннелдин жалпы узундугу 68,72 чакырымды түзөт. Эң узун тоннель 14,4 чакырым болот, бул тоннель Казарманда орун алмакчы. Ал эми көпүрөлөрдүн саны 67 даана болмокчу.

Техникалык экономикалык негиздеме иштелип чыкканы менен жолдун техникалык мүнөзү даана айкын боло элек. Долбоор боюнча өнөктөштөр менен талкуу уланууда жана темир жолдун өлчөмү, классы аныкталууда.

Темир жолдун эки варианты бар: туурасы 1520 мм жана 1435 мм. Долбоорду түзүүчүлөр кайсынысын тандоо керектигин аныкташууда. Бул техникалык экономикалык негиздемени экспертизадан өткөрүү пландалууда.

Темир жол менен вагондор саатына 80–120 чакырым ылдамдыкта жүрүшмөкчү. Бурулуунун минималдуу радиусу 400 метр болмокчу. Темир жол аркылуу көмүрдү, металлды, курулуш материалдарын, коксту, мунайды, кенди жана транзиттик товарларды ташууга мүмкүн болот.

Темир жол кен байлыктар жайгашкан 23 жерден өтөт, бул болсо казылып алынган кенди экспорттоого жакшы шарт түзөт.

Транспорт министрлиги Кыргызстан-Кытай темир жолунун долбоорунун баасы $5 млрд деди. Министрдин айтымында, темир жол Кыргызстанга биринчи этапта эле жылына $150–200 млн киреше алып келет, андан ары мамлекет $500 млн киреше таба баштайт. Болжол менен бир чакырым жолдун баасы 10 миллион доллар болот. Бул тууралуу министр билдирди.

Эми өлкөдө дароо бир нече маселени чечүүчү долбоор бар. Биринчиси, Персид булуңунда жайгашкан портторго өлкө түз чыга алат. Экинчиси, Кыргызстан эң көп жүк ташылчу Азия-Европа үчүн транзиттик өлкө болот. Үчүнчүсү, аймактагы коопсуздукту жогорулатуу үчүн биз кошумча стимул алабыз, анткени долбоорго инвестиция салган ири державалар бул жерде абалдын кыйрашына жол бербейт. Төртүнчүсү, көп сандаган жумушчу орундар – курулуш этабында дагы жана жолду колдонуу этабында дагы.

Бирок ЭКОНОМИКА мурун жазып чыккандай, бул долбоор боюнча тоскоолдуктар бар. Казакстан темир жолдон көп киреше таап келет, ал эми бул долбоор Достык пункту аркылуу өтүүсүнө тоскоолдуктар бар. Ошондуктан биздин коңшулар темир жол аркылуу дагы бир жүк айлануунун болуусуна кызыкдар эмес.

Каржылык маселелерден сырткары саясий маселелер дагы бар. Аларды болушунча батыраак чечүү зарыл. Кытай сыяктуу супер экономикасы бар өлкөлөр үчүн убакыт –акча. Аларга так кепилдик жана каалоо керек.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости