• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жаңы төрөлгөн балдарга «сүйүнчү» пилоттук долбооруна каттоо башталды

south-316

👁 1,169

Бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөө жөнүндө жарандардын арыздарын каттоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу башталууда. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.

Аталган чечим бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөө процедурасын жеңилдетүү максатында кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын Калкты тейлөө борборлорунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактык бөлүнүштөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын базасында уюштурулган маалыматтык күркөлөрдүн кызматкерлери тарабынан бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөө жөнүндө жарандардын тиркемеге ылайык форма боюнча арыздарын каттоо боюнча функцияларды аткаруу жана андан ары Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине электрондук форматта өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу тапшырмасы берилди.

Аны менен катар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары 2018-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө долбоордун жыйынтыктарын жалпылап, пилоттук долбоор оң жыйынтык берген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду туруктуу негизде чектөө жөнүндө маселелерди жөнгө салууга багытталган сунуштарды киргизип туруусу зарыл.

Төмөнкү пилоттук 2018-жылдын 5-февралынан тартып 2018-жылдын 30-апрелине чейин жүзөгө ашырылат. Ошол эле учурда бир жолку жөлөкпулду чектөөгө арыздарды кабыл алуу жана каттоо Кыргыз Республикасынын аймагында гана ишке ашат, жөлөкпулду Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жарандарга гана чектелет.
Белгилей кетсек, пилоттук долбоордун алкагында бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулду чектөө жөнүндө жарандардын арыздарын каттоо жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ортосунда электрондук форматта маалымат алмашуу акысыз негизде жүргүзүлөт.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости